Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Турсунбеков: Парламентке жарандык көзөмөл керек


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламент менен укук коргоочулардын соттошуусу боюнча маек курду.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин жыйынына себепсиз келбегендерди, бири-бирине добуш бергендерди кантип көзөмөлдөсө болот? Коалициядагы лидерлердин бири жана фракция төрагасы катары мисалы сиз өзүңүз жетектеген фракциянын депутаттарын көзөмөлдөй аласызбы?

Чыныбай Турсунбеков: Биз фракциянын жыйындарында бул маселени тез-тез көтөрүп турабыз. Чындап эле ушундай проблема бар. Айрым депутаттар көп учурда чет өлкөгө, кээде өлкө ичинде иш сапарларга барып, ар кандай жыйындарга, симпозиумдарга катышып аткандыктан көп учурда Жогорку Кеңештин отурумунда болбой калат.

Башка, жеке себептер менен да болбой калгандар бар. Ошон үчүн тартип маселеси дайыма көтөрүлүп келет. Жогорку Кеңештин иши, керек болсо депутаттардын жүрүм-туруму, баскан-турганы ачык болушу үчүн жасап жаткан айрым укук коргоочулардын аракети, демилгеси туура. Себеби кандай гана болбосун биз укуктук талаага баратабыз. Негизгиси коомдук көзөмөл, бийлик бутактарынын ар биринин кыймыл-аракетин элдин көзүндө болуп турушу маанилүү шарттардан. Элдин көзөмөлүндө болгондо гана алга жылганга түрткү болот.

“Азаттык”: Сиз чет өлкөдөгү иш сапарлар деп айттыңыз. Азыр депутаттар каалаган жагына кете беришет, сапарынан майнап чыкпайт деген пикирлер бар. Депутаттар четке чыкканда эмне иш бүткөрүп келишет? Өзүңүз деле жакында эле эки-үч өлкөдө болдуңуз окшойт. Кандай маселени чечип келдиңиз?

Чыныбай Турсунбеков: Биз саясий жактан маанилүү жерлерде сөзсүз болушубуз керек. Эл аралык мамилелер да маанилүү. Мисалы мен акыркы жолу биздин партиянын делегациясы менен Кытайга барып келдим. Кытайдын коммунисттик партиясы менен Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын ортосундагы өз ара макулдашуу аркылуу ынтымакты арттыруу үчүн жасалган кадамдар болуп саналат. Мунун баары эртеңки күнү Кыргызстандын келечеги үчүн, анын саясий аренасында жүргөн күчтөрдүн эл аралык мамилелердин чыңдалышы үчүн чоң мааниге ээ болуп саналат. Бул Кыргызстандын партиялары үчүн эмес, өлкө үчүн да керек.

Ушундай маанилүү саясий маанилүү маселелер болгондо сөзсүз биз Жогорку Кеңештеги ишибизди убактылуу токтотуп, чет өлкөгө чыгып келип жатабыз. Муну орчундуу себеп катары карасак болот. Тилекке каршы азыр негизги күрөш жыйынга себепсиз келбей жаткандарды, же жеке кызыкчылыктарын депутаттык милдетинен жогору койгондорго каршы болуп жатат.

“Азаттык”: Айрымдар парламенттин ишине жарандык көзмөлдүн болушуна чычалап жатышат. Жогорку Кеңеш менен укук коргоочулардын мындай талашын сотко жеткирбей эле чечсе болот беле?

Чыныбай Турсунбеков: Бул сотко жеткирбей чече албай калган учур болуп жатат. Анткени 120 депутат деген 120 депутат, ар биринин өзүнүн пикири болот. “Сен депутат болсоң, мен да ошондой депутатмын” дейт. Кесиптеш болгондон кийин бул келбей жатат, ал келбей жатат деп баары эле айта бербейт.

Коомдук уюмдардын көзөмөл кылып, ушинтип жарыялап турушу ашыкча болбойт. Тескерисинче бизди тартипти чыңдаганга жардам берет.

XS
SM
MD
LG