Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Социал-демократтар тазаланууга камынды


11-октябрь, 2010-жыл, парламенттик шайлоонун алдында тартылган сүрөт
11-октябрь, 2010-жыл, парламенттик шайлоонун алдында тартылган сүрөт

Социал-демократтар партиясы коррупцияга каршы күрөштү өз катарынан баштоону чечти.

Партиянын мүчөлөрүн текшерип чыгуу үчүн 13 кишиден турган комиссия түзүлдү. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынан тартып, жер-жерлердеги КСДПчылардан отчет алууну көздөөдө. Буга чейин бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн бир тараптуу жүрүп жатат деп сындагандар болгон. Маалымат каражаттарында коррупцияга байланыштуу “кара тизме” түзүлгөнү жазылып, аталган партиянын айрым өкүлдөрү да киргизилген.

Аталган комиссияга партиянын жаш өкүлдөрү, апрель ыңкылабынын айрым катышуучулары кирди. Алар коррупцияга байланыштуу КСДП мүчөлөрүнө карата басма сөз каражаттарында жарыяланган маалыматтарды териштире баштады. Мындай демилгенин чыгуу себептери туурасында партиянын мүчөсү Ренат Самудинов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Социал-демократтардын мүчөлөрү коррупцияга аралашты деген маалыматтар болсо биз менен бөлүшүүңүздөрдү суранабыз. Экинчиден, партиянын мүчөлөрү коррупцияга аралашкан фактылары далилденсе, мыйзам чегинде жоопко тартылсын деп талап кылабыз. Партиянын ичинен тазалоо процесстерин баштап, саясий кеңешке алып чыгып, керек болсо курултай чакырганга чейин барабыз деп иштеп жатабыз.

Партия мүчөлөрү ушундай жол менен КСДПнын беделин көтөрүп, коомчулукка аны таза партия катары көргөзүүнү максат кылууда. Жаштардын айтымында, муну партиянын башка өкүлдөрү, жетекчи, лидерлери да колдогон. Акырындап алар да комиссияга кошулары айтылды.

Анткен менен башка саясатчылар бул демилгени олуттуу кабыл алышкан жок. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков муну шайлоо алдындагы пиар катары кабыл алды.

- Эгер таза болобуз десе адилеттүү түрдө атаандаштык жол менен Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин шайлайт болчу. Алардын бардыгына өздөрүнүн кошоматчыларын, алардын айткандарынан чыкпай турган адамдарды сунуш кылса, анан каяктан коррупция менен күрөшмөк эле? Саясий атаандаштыкты муунтуп, менин гана адамым мэр болот деген президент, башкаруучу партия эч убакта коррупция менен күрөшө албайт.

Коомчулукта бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн бир тараптуу жүрүп жатат деп сындагандар бар. Мындан сырткары маалымат каражаттарында коррупцияга байланыштуу “кара тизме” түзүлгөнү жазылып, ага аталган партиянын Чыныбай Турсунбеков, Турсунтай Салимов баш болгон айрым өкүлдөрүн киргизген. Турсунбековдун буга чейин ири арак заводун арзан баада сатып алганы, Салимовдун салыктан качканы жазылган.

КСДП партиясынын мүчөсү, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакунов Жети-Өгүздөгү окуялардан кийин жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун айланасындагы акыркы жаңжалдарга байланыштуу кызматынан алынган. Ал эми партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго байланыштуу кылмыш иши козголгонуна карабай анын камалбай жүргөнүнө жарандык коомдун өкүлдөрү нааразылыгын айтып чыккан болчу.

Алмазбек Атамбаев партиянын тизмесин өзү түзгөнүн, бардык мүчөлөрү дыкат текшерилгенин, бирок Мамат Орозбаевди “байкабай” өткөрүп алганын айткан (ред. – Орозбаев Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП мүчөсү). Президент КСДП башкалардан тазараак деген таризде сүйлөгөн.

- Социал-демократтардын тизмесин мен өзүм карагам. Ал убакта партиянын төрагасы мен болчумун. Албетте мен жакшылап карагам да. Тизмени түзөрдө партиялар жакшылап караса, мүмкүн алардан деле жоопкерчиликке тартылгандар аз болмок. Ошол эле КСДПдан бирөө кармалса, жоопкерчиликке тартылсын, камалсын. Албетте азыр да шылуундар өтүп атат партияга.

Тазалануу чындап жүрөбү?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев КСДПнын кыйла өкүлү эл оозунда сөз болуп жаткан учурда минтип жар салбай эле коюшса болмок дейт.

- Жайнаган кыргыз гезиттери, сайттар КСДПнын коррупциялык кылмыштарга шектүү делген депутаттарынын атын айтып атат. Ошол эле Чыныбай Турсунбековдун арак заводун кандай жол менен алганын, “Акылинвест банкты” кандай жол менен сатып алганын жазып атышат. Домшенко деген депутат бар экен. Анын туугандары кылмыштуу топтун мүчөсү экен. Ушул партиянын мүчөсү болуп калган Тайырбек Сарпашевди парламент коррупцияга күнөөлөп келатат. Иса Өмүркуловго төрт кылмыш иши ачылды. Ошондуктан бул партияны таза дегени күлкү келтирет. Ал эми бүгүнкү демилге басма сөздөгү катуу сындардын күчөшүнө жана аларды жумшартуу максатында чыгып жатат деп эсептейм.

Жогоруда аты аталган депутаттар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми ушул эле партиянын өкүлү Ыргал Кадыралиева жаштардын бул демилгесин колдойт. Ал коррупцияга байланыштуу күнөөсү барларды далилдеп, арыз берип, сотко кайрылууга азыр бардыгынын эле мүмкүнчүлүгү болуп калды деп эсептейт.

- Убагында бул алсыз, арасында күчтүү саясатчылар жок деп айтылып келген. Ошондо мен “биз алсыз болушубүз мүмкүн, жаш болушубуз мүмкүн, бирок тазабыз” деп айттым эле. Башка партияга салыштырмалуу биз, КСДП таза деп эсептейм. Ал эми анын мүчөлөрү тууралуу бирөө айтты деп чыкканыбыз туура эмес. Эгер чыныгы сөз болсо муну далилдеп, сотко бергенге ар бир эле адамдын мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясы 1993-жылы түзүлүп, алгачкы курултайы күз айларында болгон. Партия 2005-жылдагы жоогазын ыңкылабында алдыңкы катарда жүргөн. Партияны жемкорлордон тазалоо демилгесин көтөргөн жаштар жер-жерлерде КСДПнын мүчөлөрүн текшерип, алардан отчет алууга киришти.
XS
SM
MD
LG