Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:41

Өкмөт өзгөчө пенсия алчуларды азайткысы келет


Мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинен тартылган сүрөт. 25-январь, 2014.
Мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинен тартылган сүрөт. 25-январь, 2014.

Өкмөт өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга пенсия берүү жобосун каттаалдатканы жатат.

Мындай чечим 13-июнда персоналдык пенсия төлөмүн аныктоо боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Персоналдык пенсия республикага өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга берилет. Мисалы, кайсы бир иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Советтер Союзунун Баатыры аталган, “Эрдик”, “Манас” ордени менен сыйлангандар, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Эл акыны, Эл жазуучусу деген наам алгандарга, беш жылдан кем эмес Жогорку Кеңештин төрагасы, Өкмөт башчы болуп иштегендерге берилет. Ошондой эле эмгек сиңирген ишмер деген сыяктуу мамлекеттик сыйлыктар, чиндер, ардак грамоталар да ушул категорияга кошулат. Учурда Кыргызстанда 2691 киши өзгөчө пенсия алат. Аларга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнөт. Эми өкмөт өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга пенсия берүү жобосун каттаалдатканы жатат. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев өзгөчө пенсия алуу үчүн наам алгандар бар экенин кошумчалады:

- Жөнөкөй пенсиясы, анан сот системасында иштесе дагы кошумча акчасы болот. Андан сырткары өзгөчө пенсия деп дагы кошумча төлөнөт. Ошентип отуруп 60-80 миңге чейин алгандар бар. Негизи мамлекеттик пенсиялык система иштелип чыгып жаткандан кийин бул категорияларды карашыбыз керек. Талап катуу болушу керек деп жатабыз. Бир медал алган киши же наам алып эле персоналдык пенсия алам деген түшүнүктү жок кылышыбыз керек. Азыр пенсия үчүн наам алгандар бар.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев пенсия берүүдө теңсиздик бар деген пикирде.
Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев пенсия берүүдө теңсиздик бар деген пикирде.
Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4,5 миң сомду түзөт. Ал эми жогорудагы категорияга киргендердин алды 100 миң сом пенсия алат. Бирок Абулгазиев ал “бактылуу карылардын” атын атоодон баш тартты. Кыргызстанда эң көп пенсияны сот органдарында иштегендер алат экен. Алардын алды эмгек тажрыйбасына карап 70-80 миң сомго жакын алышат. Анткени алардын базалык пенсиясына 200дөн 500 пайызга чейин үстөк акы кошулат. Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев персоналдык пенсиянын өзүн колдогону менен айрым шарттарда адилетсиздик өкүм сүрөрүн белгилөөдө.

- Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып соттор пенсиясын 60-70 миң сом кылып алгандары туура эмес. Соттордун иши оор экенин түшүнөм. Бирок мурдагыдай соттор жок азыр. Азыр соттор коммерсант болуп кеткен. Элден акча алганы аз келгенсип, пенсиясын дагы элдикинен жогору кылып алышкан. Эмне Жогорку Кеңештин биринчи, экинчи жүзү болуп иштеп жүргөн кишилер соттордон кем иштейт бекен?

Жогорку Кеңеш өкмөткө персоналдык пенсия алуучулардын санын көбөйтүү, тагырагы легендарлуу парламенттин депутаттарын, үч жылдан кем эмес губернатор, жетекчилик кызматтарда иштегендерди да кошууну сунуштаган. Бирок өкмөт мындай демилгени колдогон жок. Анткени бюджетте акча тартыш. “Эгер айрым эл өкүлдөрү сунуштагандай дагы 200 кишини персоналдык пенсия алчулардын катарына кошсо дагы кошумча 18 млн. сом талап кылынат”, - дейт Каржы министринин орун басары Таалайбек Таткулов.

Өзгөчө пенсияны алчулардын катарын толуктагандардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик айлыгы жакшы кызматтарда иштегендер, окумуштуу, жазуучулар, илимпоздор толукташаары айтылып жүрөт. Алардын пенсиясы ансыз да жакшы чыгары белгилүү. Бирок Абулгазиев алардын тизмеси берилбестигин билдирди. Ошол эле өмүр бою ылай кечип, дыйканчылык кылып, мамлекетке жүгүн артпай тескерисинче салык төлөгөндөрдүн көбү наам албагандыктан жогорудагы категорияга туура келбей калышкан.

Жогорку Кеңеш депутаты наам берүүнү чектөөнү сунуштоодо.
Жогорку Кеңеш депутаты наам берүүнү чектөөнү сунуштоодо.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов азыркы пенсиялык системаны чиновниктер үчүн түзүлгөн деп сындады:

- Чиновниктер наам, ордендерди бере берет дагы ошонун эсебинен пенсиясы көп болот. Карапайым элге эч нерсе жок. Азыр орто пенсия 4 миң сом болсо чиновниктер 100 миң сомго жакын алат. Ошондуктан пенсиялык фондду түп - тамырынан бери өзгөртүп, реформа кылыш керек. Антпесе чиновниктерге багытталган пенсиялык саясат болуп кала берет. Наам дегенди токтотуу керек. Демократиялуу өлкөлөрдө мындай жок. Аны өздөрүнүн уюмдары, ассоциация, форумдары берет. Бул эски советтик, авторитардык бийлик менен жашап жатканыбыздын белгиси.


Персоналдык пенсия төлөмүн аныктоо боюнча комиссиянын жыйынында
Кыргызстанда бардар адамдардын катарын толуктаган Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын башчысы Юруслан Тойчубеков, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова жана башка беш адамдын талапкерлигин карап, персоналдык пенсия алууга жарайт деп кол көтөрүштү. Эми Социалдык фонд өзгөчө пенсия алгандардын категориясын кайрадан карап, анын жобосун катаалдатууга өкмөттөн эки ай сурады.

XS
SM
MD
LG