Ар бир адамдын жашоосунда кайталангыс бир из калтырган адамдар кезигет экен. Мен көп жолу атактуу, эмгекчил, тарыхый инсандарга жолукканыма ыраазымын, бирок бара-бара убагында жанында жүрүп да, аларды баалап, сыйлай албай калганыңа кийин өкүнүч гана пайда болот тура. Убагы келгенде алардын ар бири жөнүндө айтып берет окшойм.
Фатима Нургазиева
Биздин Түп районундагы Шаты айылында Фатима эжени дагы эле ”министр эже” деп эстешет. Келиндер көп жыл мурун эженин көзү өтүп кеткенине карабай, ушу күнгө чейин тергешет. Биздин Шатыдагы үйүбүз турган көчөнүн аты да Фатима Нургазиеванын наамында. Убакыт улам закымдап өткөн сайын мындай ысымдар унутула берет экен. Мага бир жакшы санаалаш адам кеңеш берген эле: ”Эже, унутуп кала электе жазып туруңуз. Бизден кийинки муундарга кереги тиет, өз тарыхыбызды билип, эстеп, баалап жүрүшүбүз керек”.
Фатима эже айылыбыздан, жалпы эле кыргыздан чыккан алгачкы министр аял болгон. Ал кишинин таасири менен бир топ түптүк жердештерим дарыгер, медицина илиминин кандидаттары, докторлору, такыр эле жете албай койгондору - тиш доктур, медсестра болуп иштеп калышкан, анткени баарыбыз эжедей доктур, министр, депутат болгубуз келчү. Азыр илимдин даражасына жеткендер көп сандап кетпедиби, анда окумуштуу медиктер чанда эле кезигип, абдан барктуу келээр эле.
Эженин үйүндөгү китепканасы иним Болот экөөбүздү баарынан көп кызыктырчу. Биз өспүрүм кезде байлыктын туу чокусу - үйдөгү кызыктуу китептердин жыйнактары болчу. Эженин үйүнө барып, бир китепти бир жумага эптеп сурап алып, талашып окуп, кийин кайра башка томуна алмаштырып кетип турчубуз. Ошондо мен Майн Риддин, Теодор Драйзердин, Оноре де Бальзактын романдары менен биринчи жолу таанышкан элем. Кыргыз мектепте окусам да ал китептерди орусча жан талашып окучумун.
Эже Фрунзенин азыркы Эркиндик (мурдагы Дзержинский) бульварына катарлаш көчөдө Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев ж.б. атактуу инсандар менен кошуна жашап, алар менен катышып, чай-пай ичишип турушчу. Көп жолу алар менен болгон маектерин айтып берсе таң калчумун. Анткени аларды мен окуган китептердин ой жеткис бир бийик табышмактуу авторлору катары элестетчүмүн. Эженин үйүнө барганда "көрүп калаар бекем" деген үмүт менен эки жакты кылчактап карап калчу элем. Биздин үйгө көп келчү. Майрамдык дасторкондорубуздун көркү болоор эле. Кызыктуу окуяларын айта баштаганда мага өзүнчө эле жомок сыяктуу сезилчү. Эженин баскан жолу кадимки Чыңгыз Айтматов сүрөттөп кеткен Алтынай Сулайманованын образына окшошуп кетээр эле.
Чырпыктай 16 жашында түштүктүн Кызыл-Кыясында иштеп, Нарындын айылдарын кыдырып, элеттиктердин сабатсыздыгын жоюуда жаш активист, комсомол мүчөсү болгону, басмачылардан коркконунан жашынып, арыктарга караңгыда кире качып өмүрүн сактап калганы, кийин окуусун Ташкенттеги университетте улантып, чоң кызматтарга жетип, кыргыз кыздарынын ичинен эң жаш социалдык коргоо министри, андан кийин ошол кездеги алгачкы аялдардан чыккан Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо министри, СССР Жогорку Советинин депутаты болгону айылдаштарыбызды сыймыктандырчу.
Кийин уулу Турдакун Усубалиевдин карындашына үйлөнүп, алар кайра ажырашып кеткенде БКнын биринчи катчысы кайдагы бир тоголок арыздын айынан эжени кызматтан алып түшөт. Анткени эжебиз ооруканаларга жетекчи кылып, министрликтин жооптуу кызматтарына кыргыз адистерин дайындап, элибиздин таланттуу, билимдүү адистерин көтөрмөлөй баштаганы үчүн көрө албастар ”улутчул” деген күнөө тагышат. Азыр экинин бири ”кыргыз” деп кыйкырган заман, ал кезде мындай улуттук сезим кылмыш катары эсептелген.
Фатима Нургазиевна андан ары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда жети жыл бою ректорлук кызматта жүрөт, пенсияга чыккан соң бир топ жыл Республикалык кызыл чырым коомун жетектейт.
Кыргыздын белдүү, атактуу медиктери, окумуштуулары менен замандаш, кесиптеш болуп иштешет, көптөгөн студенттерди тарбиялайт. Бир жолу биздин үйдө конокто отуруп айтып берген сөзүн бир топ жыл мурун "Фейсбукта" жазган элем: Фатима эже Москвага СССР Жогорку Советинин сессиясына барганда, башка бир республиканын депутаты эжеге суроо берип калат: "Фатима Нургазиевна, а правда, что у вас кыргызы едят руками?" Фатима эже: "Конечно, не ногами же!" - деп жооп берет. Бул эпизодду биз, туугандары, дайым элге айтып келгенбиз, айтып да жүрөбүз, бирок бирөөлөр капыстан эле "бул диалогду Исхак Раззаков айткан" деп, башка инсанга таандык кылып салышыптыр. Мен өз кулагым менен эжеден уккам, менден башкалар да жанымда угуп отурушкан! Кээде ушундай туура эмес маалымат таркатуунун өзү эле уятсыздык эмеспи деп ойлоп кетем.
Эжедей тарыхый инсандарды эстеп жүрүү - биздин милдетибиз. Эженин боорукерлиги бүгүн да көз алдымда турат. Кимибиз сыркоолоп калбайлы, түз эле Фатима эжеге телефон чалмай адатыбыз бар эле. Бишкектеги туугандардын эң сакалдуусу, эң атактуусу, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, СССР Жогорку Советине депутат болуп жүрсө да бой көтөрбөгөн, элпек, маданияты менен билими терең инсандыгынан, ким кайрылбасын, ага жардам бергенге шашаар эле.
Министр кезинде апам экөөбүздү машинеси менен автовокзалга жеткизип койгону эсимден кетпейт. Анткени өмүрүмдө биринчи жолу чоңдордун абройлуу ЗИМ деген жалтыраган кара машинесине түшкөм. Кайсы доктурга барбайлы - Фатима Нургазиевнанын атын уккан ал кездеги кыйын дарыгерлер сый-урматын билдирип, жакшы маанайда кеп кылып калышчу. Анткени алар ошо кишинин студенттери, кесиптештери, замандаштары болгон! Менимче, Бишкектин бир көчөсүнө да Фатима Нургазиеванын аты коюлса, эң туура болмок. Анткени кыргыздын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо тармактарынын башында турган, аялдардан чыккан алгачкы министр, тарыхта калган татыктуу айымдарыбыздын бири эмеспи? Өтүп кеткен тарыхый инсандарды эстеп, унутпай жүрсөк, алардын бир жакшы касиеттерин, мүнөзүн үлгү катары сактап калсак, келечек муун биздин бүгүнкү белгилүү замандаштарыбызды да эстей жүрөт беле деген ойго кетем...
Миргүл Өмүралиева, Рим шаары, Италия
Маалымат иретинде: Фатима Нургазиева 1911-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Шаты айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1916-жылы Үркүндө үй-бүлөсү менен Кытайга качкан. 1920-21-жылдары үй-бүлөсү менен кайтып келип, Талды-Сууда жашашкан. Талды-Суудагы Кеңеш өкмөтү ачкан мектептен эң алгачкылардан болуп билим алган. 1927-жылы комсомолго өтүп, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы аялдар арасындагы иш уюштуруучулардын курсуна кирип, аны окуп бүтүргөндөн кийин Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя жакта аялдарды азаттыкка чыгаруу боюнча комсомолдун тапшырмаларын аткарып, басмачылыкка каршы күрөшкөн. 1947-жылы Кыргыз медицина институтун бүтүрүп, 1949-жылы кыргыз тарыхында аялдардын арасынан алгачкы ирет социалдык камсыздоо министри болуп дайындалган. 1950-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, ал кызматта 1955-жылга чейин иштеген. 1955-жылдан 1962-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору болуп турган. Андан кийин да бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган Фатима Нургазиева 1995-жылы 23-июнда дүйнөдөн кайткан. Артында бир уул, бир кызы калган.