Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Абактан качкандардын бири жок кылынды


Атайын операция. 16-октябрь, 2015-жыл
Атайын операция. 16-октябрь, 2015-жыл

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 абактан качып чыккан төрт адамдын бири - Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөнү маалым болду.

Ички иштер министрлигинен расмий алынган маалыматка караганда, абактан качкандарды кармоо учурунда кылмышкер Данияр Кадыралиев бычак менен милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада милиция ок ачып, аны өлтүргөн.

Маалыматка ылайык, кечээ түндө абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү. Эртең менен “Дордой-1” жаңы конушундагы издөө учурунда Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, милиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Маалымат боюнча Кадыралиевге үч ок тийип, өлгөн.

Кылмышкерлерди үймө-үй издешүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Милициядан кабарлашкандай, абактан качкандардын бири Азамат Мүсүралиев изделип атат. Издөө иштери “Дордой” базары жана айланма жол тарапта жүрүүдө.

Маалыматка караганда, абактан качкан Азамат Мүсүралиевди Дордой 1 конушунун 16-көчөсүндөгү үйлөрдөн көргөндөр болгон. Тургундардын айтымында, ал бут кийими жок жылаңайлак жүргөн жана короодогу дубалдардан ашып өткөнүн көргөнүн “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришти.

Бирок милициянын жакынкы көчөлөрдү курчоого алып, тыкыр издөө жүргүзгөнү натыйжасыз калууда. Ошол эле учурда тартип сакчылар абактан качкан Мүсүралиевдин сар изине түшкөнүн айтышып, ал алыс кете албайт деген негизде издөө иштерин күчөттү. Милициянын атайын тобу иттер менен жаңы конуштагы үйлөрдү бирден кирип, тинтип жатат.

Окуядан улам конушка жанаша турган “Дордой” базарында соода күндөгүдөн эрте токтоду. Базардагы соода контейнерлери түшкү саат үчтө дээрлик бардыгы жабылып, ал эми жергиликтүү тургундар кечкисин көчөгө чыгуудан кооптонуп турушканын айтышты.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын антитеррористтик борборунун экс-директору Марат Иманкулов, атайын операция учурунда тартип сакчылар жергиликтүү элдин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керектигине токтолду.

- Албетте, окуя болуп жаткан жерден биринчи иретте балдарды чыгарып кетиш керек. Андан соң атайын операцияны өткөргөн ыңгайлуу болот. Операция учурда өтө кылдат болуу зарыл. Себеби мындай маалда зордук-зомбулук да коштолуп кетиши мүмкүн. Кылмышкерлер кимдир бирөөнү барымтага алып алышы дагы толук ыктымал.

Өз кезегинде тартип сакчылар издөө иштеринин жүрүшүндө жарандарды кооптуу аймактан тыш чыгарууда. Жаңы конуш тургундарынын көпчүлүгү муну түшүнүү менен кабыл алса, ошол эле учурда айрымдары издөө иштерине тоскоолдук кылып жатканы байкалат.

ИИМ маалымдагандай, качкандардын экөө Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановдун дайыны белгисиз бойдон калууда. Ушундан улам 12-октябрдан бери күч органдары күчөтүлгөн режимде издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Түрмөдөн качкандар өтө кооптуу кылмышкер болгондуктан Улуттук коопсуздук комитети алар тууралуу маалымат бергендерге 300 миң сом сыйпул жарыялаган.

11-октябрдан 12-октябрга​ караган түнү №50 абактан террорчулук үчүн соттолгон тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, калган төртөөнүн дайыны чыкпай жаткан. Учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG