Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:35

Дүйшөмбүдө болгон авиакырсыктын жабырлануучуларын коомчулук колдоп турган учуру. Бирок аларга психологиялык ырааттуу жардам көрсөтүлбөсө кийин саламаттыгына кесепети катуу тиерин адистер айтып жатышат.

Күтүүсүз стресске кабылып, жакындары менен үй-жайынан ажыраган адам психологдун кандай жардамына муктаж? Жабыркагандарды психологиялык соккудан кийинки абалдан тез чыгаруунун кандай жолдору бар? Кыргызстанда психологиялык жардам берүү институту калыптанганбы?

"Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады.

Талкууга Республикалык психикалык ден соолук борборунун бөлүм башчысы Гүлмира Базарбаева, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин психология кафедрасынын башчысы Максат Айтикеева жана Үй-бүлө жана балдар менен иштечү “Данакер” борборунун психологу Чынара Термечикова катышты.

“Азаттык”: Гүлмира айым, кыргызстандыктарды эле эмес, жалпы адамзатты кайгырткан окуя болду. Ал эми жакындары менен үй-жайынан ажыраган адамдар андан да жаман абалда турушат. Ушундай күтүүсүз стресске кабылып, жакындары менен үй-жайынан ажыраган адам психологдун кандай жардамына муктаж болот? Аларды стресстен чыгаруунун кандай ыкмалары бар?

Гүлмира Базарбаева: Стресстик абалдын курч кезинде сөзсүз түрдө психологиялык, социалдык жана медициналык жардам көрсөтүү керек. Тилекке каршы, бизде экстремалдык кырдаалда иштеген тажрыйбалуу психологдор аз. Стресстик курч абал эки-үч сааттан үч күнгө чейин созулат. Мына ушул стресс аябай курч болуп турган алгачкы мезгилде тез жардам берүү керек. Адамдар бири-бирине колдоо көрсөтүп турушу да абдан зарыл.

“Азаттык”: Чынара айым, сиздер авиакырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө психологиялык жардам берип жатпайсыздарбы. Сиздердин жардамыңыздар натыйжа берип жатабы? Жабыр тарткандар аны кандай кабыл алып жатышат?

Чынара Термечикова: Азыркы учурда психологдордун бригадасы иштеп жатат. Аны “Балдар лигасы” баштаган бир нече бейөкмөт уюмдардан түзүлгөн. Анын максаты күндүр-түндүр жардам берип, балдарды реабилитация кылуу. Анткени жабыр тарткандар азыр өтө курч эмоционалдык абалда турушат, туугандарын жоготкондоруна ишенбей жаткандары да бар. Демек, чоң кишилерге да, балдарга да узак мезгилде баскыч-баскычы менен жардам берүү зарыл. Анткени, биринчи стресстик абал өткөндөн кийин башынан өткөргөндөрдү салмактап, адам кайраттанып, өзүн демобилизация кыла баштайт. Бул учурда кайгы-муң менен иштеген атайын адистер болушу керек. Азыр жабырлангандардын көбүндө депрессиялык мезгил башталды. Алар уктай алышпай, тамакка табити тартпай, көңүлдөрү чөгүп атат. Алар менен да, балдар менен дагы көбүрөөк иштеп жатабыз. Анткени, балдардын көбү уктап жатышкан экен, алар ойгонгондон кийин эле ушундай кырдаалга туш болгон үчүн абдан коркуп калышкан. Балдарды ошондой абалдан алып чыгуу үчүн арт-терапия, оюн-терапиясы, жомок терапиясы сыяктуу ыкмаларды колдонуу менен иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Максат айым, кечээ мага билимдүү жана сыйлуу бир адам чалып, журналисттер жалгыз калган Жакшылык деген баладан жанын койбой интервью алып жатышат. Ал бала эмне болгонун али толук сезе элек, мындай учурда жети жашар бала эмес чоң киши да андай кайгыны көтөрө албайт. Эмне үчүн баланы кыйнап жатасыңар деп кине койду. Чын эле чет мамлекеттерде теракттан же ушундай авиакырсыктан жабыр тарткандарга психологиялык жардам жалгыздап көрсөтүлүп, аларды интервью алабыз дегендерден алыс кармашат. Демек, кайгырып турган адамдын элден алыс болгону жакшыбы?

Максат Айтикеева: Ооба, азыр адамдарга психологиялык абдан этият мамиле керек. Анткени, кечээ эле бирге жүргөн туугандарынын, айрым бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнүн жок болгонун азыр толук аңдап биле башташты.

Жакындарын жоготкондугуна ишенгенден кийин ар бир мамиле алардын психикасына зор таасир берет. Ушундай учурда алар ыйлагысы келсе ыйлатып, кыйкыргысы келсе кыйкыртып, сүйлөшкүсү келсе сүйлөшүп, кайгысын кандайдыр бир деңгээлде башка адамдар бөлүшүп жаткандыгын, жалгыз эмес экендигин сездирген шарт түзүү зарыл. Ал эми ичинен сызган адамдарга да өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени, ичинде кандай ойдо болуп жаткандыгын билүү кыйын. Балдарга болсо окуя тууралуу кайра-кайра эскертип, сурай берген туура эмес. Анткени, улам-улам эстеген сайын баланын психикасы жабыркайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG