Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

СОБР кызматкерлери жетекчисине нааразы


Милициянын атайын даярдыктагы отряды. Ош. 1-ноябрь, 2013-жыл (Аталган сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Милициянын атайын даярдыктагы отряды. Ош. 1-ноябрь, 2013-жыл (Аталган сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Ички иштер министрлигинин Ыкчам чара көрүү отрядына (СОБР) байланыштуу чуу чыкты. Андагы айрым кызматкерлер жетекчисин “акча жеген, мыйзамсыз иш-аракеттерге барган” деп айыптап жатат.

Түшкөн арыздар боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Ыкчам чара көрүү отрядынын жетекчиси өзүнө коюлган доомат боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда.

Белгилүү себептер менен аты-жөнү ачыкка чыгышын каалабаган, Ыкчам чара көрүү отрядында бир канча жылдан бери иштеген айрым кызматкерлер “Азаттыкка” арызданып келишти. Алардын бири аталган отрядга бир жылдай мурун келген жетекчи мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жаткан фактылар бар деп билдирүүдө:

-Тартип орнотобуз деп 15тей баланы чогуу жумуштан кетирген. Арасында офицерлер, дагы башкалар бар болчу. Азыр эми бир нерсе болсо эле кетиребиз деп коркутушуп, басынтып келишет. Кеткен балдардын ордун толтуруу үчүн жана мурдагы бош орундарга 20-30дай бала алынган. Үч ай сайын бизге акча берилет. Жаңы келген балдардан ошол акчасынан 10 миң сомдон кармап калышыптыр. Андан сырткары бош документке кол койдуруп, 2 миң сомдон жыйнашты. Муну өздүк курамдын баары билет. “Эмнеге мындай акча жедиңер” деп айтып чыккандардын баарын “кетиребиз” деп чыгат. “Жоготом” деп коркутат. Бир-эки кызматкерди иштен төмөндөтүп койду.

Оштогу милициянын парады. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Оштогу милициянын парады. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Атын атабаган милициянын бул офицери Ыкчам чара көрүү отрядындагы соңку окуялардан улам жамаат ичинде ажырым пайда болгонун, бул ишке терс таасир этип жатканын белгиледи. Милициянын жетекчилери тийиштүү чара көрбөй жатканын айтты:

- Балдардын 80 пайызы командирге каршыбыз деп кол коюп берген. Ар бир баланы, сержанттардан өйдө чакырып, “командирге дооматым жок деп кол коюп бергиле, старшиналардын сөзүн укпагыла, алар айта берет, өздөрү эртең жумуштан кетет, азыр ар ким өзүн өзү ойлой турган заман” дешкен. Спецназ эртең ар кандай куралдуу операцияларга барат да. Эми балдар арасында бири-бирине ишеним жоголуп, бири-бирин аңдып калды. Психологиялык абал бузулду. Командир Нургазы Кулжаев “мен керек болсо Алмазбек Атамбаевдин айылынан болом, мени министр да кетире албайт, керек болсо министр өзү да Чүйдөн болот”, деген сөздөрдү кабинетинде көп балдарга айткан. Чынында эле ИИМге кайрылып, 5-6 арыз алып барып берсек деле катчылыктын начальниги албай койду. Жаңы жылда жаңы келгендерден миң сомдон чогултуп алган. Ошол балдардын да арызын албай коюшту.


Биз Ыкчам чара көрүү отрядынын командири Нургазы Кулжаевдин өзү менен байланыштык. Кулжаев териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу айтылган доомат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Өздүк курамды коркутуп алган деген сөздөр негизсиз деп белгиледи:
Милициянын ыкчам даярдыктагы отряды. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Милициянын ыкчам даярдыктагы отряды. 1-ноябрь, 2013-жыл.
- Азыр Башкы прокуратура иштеп жатат. Ошонун жыйынтыгы бүткөндөн кийин интервью берейин. Азыр эч кимди деле коркута албайсың го. Президент да эч кимди коркута албайт. Иликтей турган органдар иликтеп чыксын. Ошолор бүткөндөн кийин мен пикиримди айтайын. Негизи арызданып баргандар өздөрү мыйзам бузуп жатат. Погон тагынган адамдар андай кылбашы керек. Буларды куралдуу бөлүм деп коет. Мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов милиция жетекчилигине айтылган дооматты негизсиз деп эсептейт. Анын маалымдашынча, бул арыздар боюнча кызматтык иликтөө жүргөн:

- ИИМдин Ыкчам чара көрүү отрядындагы абал тууралуу түшкөн арыздар боюнча биздин министрликтин Өздүк коопсуздук кызматы менен Ички аудит кызматы тийиштүү иштерди жүргүзүп, анын жыйынтыгын прокуратурага өткөрүп берген. Прокуратура бул иштин акырына чыга элек. Акырына чыккандан кийин арыз боюнча тийиштүү чечим кабыл алынат жана ага юридикалык баа берилет.

Бейрасмий маалыматка караганда, Ыкчам чара көрүү отрядын текшерүүдө 500 миң сомдой мыйзам бузуу аныкталган. Азыр бул фактыларды Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгы териштирип жатат. Жыйынтыгы качан чыгары азырынча белгисиз.

Бизге ИИМдин жетекчилиги Ыкчам чара көрүү отрядына барууга, өздүк курам менен жеринен таанышып, маектешүүгө да уруксат берген жок.

Өмүрбек Кутуев.
Өмүрбек Кутуев.
Быйыл февраль айында аталган атайын бөлүктүн 22 жылдыгы салтанаттуу белгиленген болчу. Анда отряд түзүлгөндөн тарта күч, курал колдонуу талап кылынган миңдей операцияга катышканы айтылган. Мындай иш-чаралар маалында жалпысынан атайын даярдыктагы алты жоокер каза тапкан.

Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Кутуев тандалып алынган, атайын операцияларга даярдалган бөлүктө жамаат ичиндеги мамиле маанилүү деп эсептейт:

- Мындай бөлүктөр мурда деле болгон, азыр деле болушу керек. Оор кылмышты ачууга, кооптуу кылмышкерлерди кармоого катышкан кызматкерлер дайыма болушу керек. Мына Украинада деле “Беркут” кандай болуп туруп берди. СОБР деле ошолордой. Атайын даярдалган, чоң-чоң калайман кылмыштар болгондо чыгат. Дене тарбия жактан эле эмес, психологиялык жактан да мыкты даярдыкта болушу керек. Эгерде жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуулар болсо жоопко тартылышы зарыл. Бардыгы командирден көз каранды. Эгерде ушундай окуялар болсо жамааттан ырк кетет. Иш да жүрбөй калат.


ИИМдин Ыкчам чара көрүү отрядында буга чейин да чуу чыккан. 2011-жылы август айында бөлүктүн ошол кезде дайындалган командирине каршы козголоң болгон. Окуя болгон жерге ошол кездеги министр Зарылбек Рысалиев барып кырдаалды жөнгө салган эле.
XS
SM
MD
LG