Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Министрлер менен таанышып алыңыз


Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы болуп дайындалды.
Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы болуп дайындалды.

6-ноябрда премьер-министр Темир Сариев башында турган өкмөт мүчөлөрү жана президент дайындаган Коргоо иштери боюнча комитеттин башчысы жана УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңеште ант беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындаган буйрукка кечээ кол койгон.

Жума башында Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүлүп, анын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары кирген. Андан соң алар өкмөттүн курамын сунуштап, парламент аны колдогон.

Премьер-министр болуп кайра шайланган Темир Сариев буга чейин баштаган, аткарып келаткан иштерин улантуу менен 2017-жылга чейинки Улуттук стратегиянын алкагында 11 багыттан турган программасын ортого салды. Анда негизинен экономикага басым жасалып, кендерди иштетүү менен жумушчу орундарды түзүп, өндүрүлгөн азыктарды сыртка экспорттоого түйүн болуп берген логистикалык борборлорду куруу менен экономика илгерилери айтылган.​

Темир Сариев - премьер-министр,

Аалы Карашев - 1-вице-премьер-министр,

Гүлмира Кудайбердиева - вице-премьер-министр

Олег Панкратов - вице-премьер-министр,

Нурханбек Момуналиев - өкмөт аппаратынын башчысы,

Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри,

Мелис Турганбаев - ички иштер министри,

Арзыбек Кожошев - Экономика министри

Жылдыз Мамбеталиева -юстиция министри,

Адылбек Касымалиев - каржы министри,

Турдуназир Бекбоев айыл чарба жана мелиорация министри,

Аргынбек Малабаев - транспорт жана байланыш министри,

Кубатбек Боронов - өзгөчө кырдаалдар министри,

Элвира Сариева - билим берүү жана илим министри,

Талантбек Батыралиев -саламаттыкты сактоо министри,

Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат жана туризм министри,

Кудайберген Базарбаев -социалдык өнүктүрүү министри болуп бекитилди.

Абдил Сегизбаев - УКМК төрагасы

Марат Кенжисариев - коргоо иштери боюнча комитет төрагасы

Сариев кайра премьер болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

XS
SM
MD
LG