Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Коррупцияга каршы күрөш саясий сооданын куралыбы?


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун адвокаты Социалдык фондго байланыштуу козголгон кылмыш иши эскирип, мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартылышы керектигин билдирип, сотко өтүнүч келтиришти. Аны сот бүгүн 10-мартта караганы жатат.

Келдибековдун чет өлкөдөн кайтып келиши, үй камагында калышы жана анын ишин кыскартуу маселесинин көтөрүлүшү коомчулукта ар түрдүү талкууларга жем таштады.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн нугу кайда бара жатат, ал саясий соодалашуунун куралына айланып бараткан жокпу? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.

Коррупцияга каршы күрөш саясий сооданын куралыбы? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

Жыпар Жекшеев: Бүгүн коомчулукта чон суроого жооп жок болуп жатат. Мисалы, Келдибеков чоң мамлекеттик кызматтарда иштеди, депутат, спикер болду. Ал өмүр бою бизнесте болбой, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, кандай сыйкырлуу күчү, касиети менен элдин баарына жеткен байлыктардын, кыймылсыз мүлктөрдүн ээси болуп калды? Мына ушуга өзү да жооп берген жок. Ушул суроо коомчулуктун тынчын алып жатат.

Коррупцияга каршы күрөш саясий сооданын куралыбы? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

Мамбетжунус Абылов: Бул маселе өтө орчундуу маселе. Биз коррупцияга каршы күрөштү саясий куугунтукка айландыргандыктан ушундай жагдай чыгып жатат. Келдибекого эч кандай күнөөсүн моюнуна койбой туруп, “бул күнөөкөр” деп мына КТР ден баштап башкалардын баары бүт схемасын тартып чыгарышкан. Ошолордун баары жалган болуп чыккан. Элге айтылган мүлктөрдүн биринин дагы ага тиешеси жок. Келдибековдун андай мүлкү жок. Бардыгы жазылып турат. Келдибековду камалгандан баштап сотко жете электе эле күндүр-түндүр каралоо аракети болууда.

Коррупцияга каршы күрөш саясий сооданын куралыбы? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:44 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG