Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Абдрисаев: Парламенттик башкаруу өзүн актайт


Жогорку Кеңеш

Кыргызстан 2010-жылы парламенттик системага өткөндө шайланган Жогорку Кеңештин мөөнөтү акырына чыгууда. Жогорку Кеңеш кандай иштеди, парламенттик система өзүн актадыбы? АКШнын Юта университетинин окутуучусу, илим доктору Бакыт Абдрисаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда 2010-жылы шайланган депутаттардын мөөнөтү аяктоо алдында. Жаңы парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Беш жыл мурда шайланган парламенттин ишине кандай баа бересиз?

Абдрисаев: Менде акырындап тажрыйба топтоп, көп партиялуу парламенттик система Кыргызстанда бара-бара күчтөнүп баратат деген оптимизм бар. Парламенттик демократияны, көп партиялуулукту дагы өнүктүрсөк, бийликтин чечим кабыл алуусуна таасир тийгизген ар түркүн борборлор көп болсо, Кыргызстан келечекте өнүгүп кетет.

“Азаттык”: Парламенттик система Кыргызстанда беш жыл жашап калгандыгына карабастан, ага каршылар да жок эмес. Парламенттик башкаруу өзүн актаган жок, биз президенттик бийликти күчөткөн системага өтүшүбүз керек деген ойдогу саясатчылар да бар. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

2010-жылы Н. Назарбаев менен Д. Медведев “Эй, кыргыздар, парламенттик система менен силер жок болосуңар, анан баарыбызга кризистерди, террористтерди алып келесиңер” деп айтышкан. Кана, ошол нерселердин болгону?

Абдрисаев: Мен бул жерде бир маселени өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстандын парламенттик демократиясы бизге гана таандык өзгөчө система болууда. Ал Европаныкына да, башкалардыкына да окшобойт. Мурда революциялар аркылуу чечилген маселелер азыр парламент ичинде талкууланып чечилүүдө. Эми бийликтеги коррупция же тил табыша албай, бири-бири менен тытышкан учурларды, кайсы бир чечимди кабыл албай маалкаткан көрүнүштөрдү айтып, сындап жатышат. Бирок бул нерселер акырындан оңолот деген ойдомун. 2010-жылы Н. Назарбаев менен Д. Медведев “Эй, кыргыздар, парламенттик система менен силер жок болосуңар, анан баарыбызга кризистерди, террористтерди алып келесиңер” деп айтышкан. Кана, ошол нерселердин болгону? Алардын бири да болгон жок.

Экинчиден, мисалы, 2005-жылы бийликти түндүк менен түштүктүн ортосунда кантип тең салмакта кармап турабыз деген маселе абдан олуттуу болчу. Азыр болсо аны эч ким ойлобойт, ким каяктан экенине эч кимдин иши жок. Саясатчылар жакшынакай эле бири-бири менен альянс түзүп, иштеп жатышат. Бул ошол парламенттик системанын күчү.

Эгер азыркы Баш мыйзам менен кете турган болсок, эл, жок дегенде бир муун ошол мыйзамдар менен жашаганды үйрөнөт.

“Азаттык”: Бакыт мырза, бирок Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизели деген чоң талкуулар болду. Ал демилге башкаруучу коалиция, президент тараптан чыгып, бирок кийин президент аны жокко чыгарды. Аны кимдин жеңиши катары карасак болот, парламенттик демократиянынбы?

Абдрисаев: Эгер азыркы Баш мыйзам менен кете турган болсок, эл, жок дегенде бир муун ошол мыйзамдар менен жашаганды үйрөнөт. Ошондо биз мыйзамды урматтаганга көнөбүз. Эгер азыр аны дагы өзгөртөбүз десек, андай Баш мыйзамды ким урматтайт? Бул саясатчылар үчүн гана эмес, келечек муун, жаштар үчүн маанилүү. Эң башкы маселе Конституцияны урматташыбыз зарыл. Бийликтегилерге 2010-жылы ушундай чечим кабыл алгансыңар, эми ошону сактап, акырына чейин аткаргыла деп талап коюш керек. Мисалы, мурунку президенттер А. Акаев менен К. Бакиев мыйзамдарды бузуп келген болсо, силер ошолордон айырмаланып, аларды бузбагыла, өрнөк, үлгү көрсөткүлө, деп талап кылуу зарыл. Президент 2017-жылы кетем, бир гана мөөнөт президент болом деп айтып келатат. Ал айтканын аткаруу керек.

XS
SM
MD
LG