Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Үгүт ишине окуучулар да тартылууда


"Республика-Ата-Журттун" желегин көтөргөн окуучулар
"Республика-Ата-Журттун" желегин көтөргөн окуучулар

Үгүт иштерине мектеп, колледж окуучулары да катышып, студенттер айрым жолугушууларга барууга аргасыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Шайлоо күнүнө чукул үгүт иштери күчөдү, партиялар добуш алууга бар айласын жумшоодо.

"Азаттык" радиосу шайлоодогу мыйзам бузууларды чагылдыруу максатында атайын ачкан WhatsApp номерине келген билдирүүлөргө караганда студенттердин күчүн дээрлик бардык эле партиялар пайдаланып жаткандай.

Кыргызстандагы Эл аралык университетинин колледжинин атын жашырган окуучулары Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде “Республика-Ата Журт” партиясынын көрнөк-жарнагын балдар көтөрүп жүргөнүн көргөнү тууралуу маалымат жиберген.

Бирок аталган партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Нурланбек Шакиев бул кабарды төгүндөдү:

- Мындай маалыматты силерден угуп жатам. Партия буга жол бербейт. Балким, жашы жеткен студенттер окуудан сырткары жүргөн чыгар. Бирок окуучулар биздин үгүт ишибизге катышкан жок.

"Республика-Ата-Журттун" үгүт иштерине катышкан окуучулар
"Республика - Ата-Журттун" үгүтүнө тартылган окуучулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:17 0:00

Нарындан келген дагы бир билдирүүдө аты-жөнүн жашыруун сактоону суранган студент “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынан талапкер, Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Таштанбек Сияев студенттерди партия жыйына барууга мажбурлаганын минтип жазган:

"Бизге көп эле партия келип жатат. Биздин ошол жерде иштеген агай “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясына баргыла деген талап койду. Биз сабагыбыздан көйгөй жаралбасын, деп барып жатабыз".

Бирок Таштанбек Сияев каалоочуларды гана чакырганын айтып, эч кандай мажбурлоо болгон эмес деп ишендирди:

- Бир дагы студентти чогулушка алып барган жокмун, бир жолу жолугушуу өткөрдүм. Ошондо студенттерди чакыргам, жибербей коюшту. Макул, дедим.

Жалпылап айтканда, бардык партиялар минтип студенттерден окуучуларга чейин үгүт ишине катыштырып жатканы айтылууда. Социалдык тармактарды колдонуучулардын бири үгүт башталганы 14 партиянын тараткан кийимине маарыганын шакаба кылып, жыйындардын айынан сабакка жакшы катыша электигин жазды. Бирок байкоочулардын баамында, көпчүлүк студенттер мындай фактыларды ачык айтуудан тартынышат.

Борбордук шайлоо комиссиясына студенттерди мажбурлап пайдалануу боюнча оозеки кайрылуулар көп эле түшүүдө. Бирок алар жазуу түрүндө арыз түшмөйүн чара колдоно албасын айтып кол жаюуда.

- Үгүт иштерине катышууга студенттерди мажбурлабаш керек. Бирок учурда партиялар аларды колдонуп жатыптыр. ЖОЖдун администрациясы кайсы партиянын өкүлү болсо, ошолор пайдаланып жатат, - деди БШК мүчөсү Айнура Шайымкулова:

Мыйзам боюнча окуучулар үгүт иштерине тартылып, аралашпоосу керек. Ал эми студенттердин окуудан сырткары убакытта бир партияны жактап, ага иштөөгө укугу бар. Бирок байкоочулар белгилегендей, быйылкы шайлоодо студенттерди жыйындарга мажбурлап катыштырган учурлар көп катталууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG