Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Энедолу - 2


Революциялар ушинтип жасалат десе ишенчү эмесмин. Интернет заманында көшөгө артындагы оюндарды көрүп алса болот турбайбы. Көңүлдү оорутуп, жүрөк айланткан бул чуулгандуу видеого комментарий жазган бирөө: “көрүп бүткүчө денем дүргүп, кумурскалар аралап кеткендей болду” деген пикирин калтырыптыр.

"Ата Мекен" партиясынын лидерлерин мародер деп атаган, осмоновдор таянган күбөнүн бири Айсулуу Дүйшөнкулова ысымдуу аялдын тасмадагы “учкул” сөздөрү:


“Ким менен сүйлөшсөң да, түз эле депутаттын өзүнө чыккан жакшы. Атышса атышабыз, согушса согушабыз деш керек”

“Бабанов баарын жайлайт. Ал жакында президенттикке келет. Ташиев министр болот ”

“Октябрда митинг болмок, болбой калбадыбы. Эми ноябрда болот. Көк мээлер бул жолку революцияны жасай алган жок. Кимге ишенгенин билбейм. Ташиев элди алып чыгабыз дегендерге ишенип чыгып алып күйүп калбадыбы!”

“Мен сени сынатып эмне кылам. Андан көрө түз эле алып барып, ошол күзүр депутаттардын өзү менен тааныштырып койоюн. Азырынча Каракөлдө кимиси акча берсе, ошонусу менен иштешип тур”.

“Бабанов жүз пайыз мени тааныйт. Бирок сүйлөшкөн эмесмин. Учурашып эле койобуз. Болот Шер Бабановго ок жөнөттү эле го далилдеп бер деп? Жакында Бабанов Болот Шердин огу “осечка” берип калды деп гезиттерге жарыялайт. Анкени “бул үйгө кирди, тигил үйгө кирди” деп мен айтып, далилдеп койбодумбу. НТСтен эле бир жарым саат сүйлөдүм. Тынбай эле чыгып атам”.

“Абдулла Юсуповду азыр эч ким түшүнбөй атат, ал илгертен бери келаткан “шакал” экенин. Бул кыргызчаны суудай билет, оратор, укмуш токтолбой сүйлөйт. 120 депутаттын аты-жөнүн, ким экенин, кайдан келгенин бүт билет. Бакиевдин убагында жаштар саясатынын президенти болгон. Өзү ошол Бакиевдердин Тейит айылынан болот. Искен менен чогуу өскөн бала. Мен аны менен Дастан аркылуу таанышкам”.

“Дастанды бакайаталык Мирлан аттуу баладан сактап калгам. Камчы Көлбаевдин атынан Мирланга бардым. Нашаа чегип, сүйлөшүп отурдук”.

“Бир убакта капкара "Лексус" автоунаасын минген бирөө келди. Сиз деп тааныштым. Көрсө ошол Абдулла Юсупов экен. Бул - жүз пайыз мошенник. Чыкканда иштетиш гана керек”.

“Камчынын убагында Юсуповго эч кимди тийгизген жокмун. Чогуу жашап атканбыз. Мен бул аркылуу балдарымды багып атам дедим”.

“Абдулланы угуп отурсаң тили менен сени миллионер кылат. Бирок өзү бир сөзүн чын айтпаган неме. Аны күнү-түнү артында жүрүп, карап иштетиш керек. Антпесең ары жактан бирөө чыкса, ошону ээрчип кете берет. Нашадан берип, курсагын тойгузуп турсаң эле болду. Он беш, жыйырма күн үстүндөгү кийимин алмаштырбай иштеп берет. Тейиттеги үйүнө да бардык. Мынакей сүрөттөрү...”

“Башында билбей эле жүрө бериппиз. Баарыбыз иштейбиз, күнү-түнү Юсупов менен жүрөбүз. Ал болсо 300 миң алчу экен да, бизге 20 миңден берип коюп алдап жүрүптүр. Кийин билип калдык да, канча акча алсаң бешөөбүзгө тең бөлөсүң деп уруп-сабап жүрүп көндүрдүк”.

“Азыр мага жардам берип аткан “Республика”, Алтынбек Сулайманов. Кечээ ооруканага жаткан чыгымды, адвокатыма төлөгөн миң долларды бүт ошолор көтөрүп берди”.

“Мурда Көлбаевге тиешелүүлөрдүн поролу “братан” болчу. Эми “Ата Журт” болуп өзгөрдү. “Ата Журт" Көлбаевге карайт”.

“Иштеш керек. Иштесең эле баары болот. Мен үч айдан бери офиске баралекмин. Ооруп, төрөй албай кыйналып калбадымбы”.

“Канча десе, акчасына карап чогултуп берем. Беш жүз аял десең деле бат эле чогулуп калышат. Иштеш керек бир гана”.

“ГУБОПтун 60 пайызы Көлбаев менен иштешет”.

“Камчы келет жакында. Ноябрда бийликти алышыбыз керек. Текебаев менен Атамбаевди жанчысак эле бүттү да баары. Азыр экөө биригип алып кыйыныраак болуп калбадыбы”.

“Мени сутенерша деп жазып чыгышпадыбы. 1999-2000-жылдары болгон рейдде кармалганбыз. Ошондогу сүрөттөрдөн табышса керек. ГУБОПто да стукачтар көп да. Бирок өзүм 2000-жылдан бери трассада жокмун. Кээде ичкенде эле кыздарга “наезд” кылып чыгып койгонум болбосо...”

“Дубайда капитанды вилка менен сайып койгонум үчүн бир жыл зынданда жаттым. Ооба, “положенец” болчумун”.

“Бул митингде өтө сак болуш керек. 100 пайыз ок атуу болот. Бакиевди алгандай эле так ошол мен айткан объекттерди алуудан башташ керек”.

“Албетте ал революцияда жакшы эле иштедик. Сокулуктагы килтейген тамды кайдагы акчама алды дейсиң”.

“Юсупов экөөбүз зериккенде эле поездге түшүп алып, Москвага кетип калчубуз”.

“Митинг күнү канча адам десе алып чыгасың. Ар бир күнүңө үч миң доллардан аласың. Чыккандарга 500 сомдон 700 сомго дейре берип койосуң. Бүттү...”

“Азыр кормить этип аткан Максим Бакиев да. А болбосо мынча көп акчаны ким төлөмөк? Мен эки жылдан бери тогуз унаа алмаштырдым”.

Эгер бул видеодогу аял "артист" эмес өзү болсо, монтаждалбаса, биздин коом чындап эле бузулган экен.

Мурдагы “Энедолу” макаламдагы пикирчилер жазгандай, саясатчылар өз кызыкчылыгыңарга жетүү үчүн ушундай аялдарга күнүңөр түшүп калса - ишиңер бүткөн тура.

“Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дейт.
Өткөндө Энени "долу" дедиң деп кине таккандар көп болду. Анда мындай аялдарды КИМ дейли?

Карамат Токтобаева,
Прага, 23-февраль, 2013
XS
SM
MD
LG