Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Апта: “Компромат согушу”, Каптагаев жаңжалы...


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков, 2010-жылдын 17-декабры.
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков, 2010-жылдын 17-декабры.

Кыргызстанда Түркиянын өкмөт башчысы расмий сапар менен болду. Жогорку бийликте “компромат” согушу уланууда.


"Компромат согушу"...

Бийлик башындагылар ортосунда “компромат” согушу кайра күч ала баштады. Парламенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы күрөштө “бакиевчилер”, “жикчилдерге жакындар”, “согуш чыгаргандар” деген терминдер пайдаланылса, азыркы мезгилде “криминалдарга жакын, алардын өкүлдөрү менен жолугушкан”, “коррупционер” деген айыптоолор коюлууда. Мындай айыптоолор түз айтылбаса да кайсы бир күчтөргө жакын маалымат каражаттары аркылуу жайылтылууда.

Байкоочулар “компромат” согушу эки-үч себептерге байланыштуу күч ала баштаганын болголошууда . Ал себептердин биринчиси, парламентте “Ата-Журттун” демилгеси менен түзүлгөн түштүк окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын иши, экинчиси, президенттик шайлоо алдында атаандаштарды алсыратуу жана ошол эле президенттик шайлоо алдында коалиция бузулуп, жаңы коалиция түзүлүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу.

Депутаттык комиссия түштүк окуясында Убактылуу өкмөттүн айрым
мүчөлөрүн тескери жагдайда көрсөтүп коюушу мүмкүн. Андай мүмкүнчүлүк бар экенин Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева өзү түзгөн Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия кайсы бир деңгээлде далилдеди. Ошондуктан азыртан баштап “Ата-Журттун” анабашылардын бири, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Дубайда, “Капризде” криминалдар менен жолукту деген такталбаган маалыматтар гезиттерде байма-бай чыгууда.

Убактылуу өкмөт жетекчилерине каршы "компромат"

Экинчи жактан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева “террорчулар” деп шектелип кармалгандар бийлик башындагылар менен жакын болгон деп билдирүүдө. Мындай сөзүн Үмөталиева террорчу деп шектелип кармалган Бакыт Кенжегуловдун КСДП партиясынын регионалдык лидерлеринин бири болгону, андан кийин кармалган Эдил Абдырахмановду президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаев өз колу менен июнь алааматы учурунда түштүккө жөнөткөнү менен далилдөөдө.

Каптагаев демекчи, президенттик аппараттын башчысынын артынан чуулгандуу чатактар күчөп, алардын бири 4-февралда парламентте чыкты. Анда аппарат башчы Эмил Каптагаевдин ажылык уюштурууда “таза эмес финансылык чатактарга кириптер” болгону айтылды. Депутаттардын маалыматы боюнча, ажылык уюштурууда айрым чиновниктер 10 млн. евро пайда көргөн. Муну иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлө турган болду.

Азырынча президент тарап бул айыптоолорго жообун бере элек. “Азаттыктын” да Эмил Каптагаев менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Эгерде жогорку бийлик, президент Каптагаевге байланыштуу чатакты көз жаздымда калтырууну же үнчыкпай кутулууну ойлосо терең жаңылышат, анткени анда президент Роза Отунбаеванын өзүнө карай шек кетет деген ойлор айтылууда.

Токтайым Үмөталиеванын “Бакыт Кенжегулов КСДПнын мүчөсү" деген маалыматы төгүндөлүүдө. КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Токтайым Үматалиеванын айыптоосун чете какты:

- Үмөталиева оюна келгенди айта бериши мүмкүн. Маалыматка караганда, ал түштүккө барган топтун уюштуруучусу болгон экен. Кийинчерээк ал топтун мүчөлөрү террорчулукка байланыштуу айыпталууда. Ошондуктан Үмөталиеванын сөзүн актануу катары гана баалаймын. Андан башка сөз жок. Бакыт Кенжегулов деген КСДПда турганын ал кайдан билет экен? Ал КСДПынын кадрлар бөлүмүн жетектейт бекен?


Саясат таануучу Марс Сариев компромат согушу орун алып жатканын айтып, бирок ал системалуу мүнөзгө өттү дегенге негизги жок деген пикирде:


-Чын эле карап көрсөк, баарын атайын жасап, атайын спектакль уюштуруп жатышкандай. Бирок системалуу түрдө компромат төгүп, маалыматтык согуш башталды деп айтыш дагы кыйын. Бирок президенттик шайлоо жакындап жатпайбы. Ошондуктан азыркы компромат согушу күчөп кетет деп ойлоймун.

Марс Сариев компромат согушу азыркы мезгилде эле өлкөгө терс таасирин тийгизип, аны тышкы күчтөр пайдаланып жатканын да кошумчалады.

Компромат согушунун учкундары чыгып турган маалда парламентке кирбеген күчтөр да өздөрү тууралуу кабар берип чыкты. Президентик шайлоого катышуу максатында ири партия уюшулуп жатканын Азимбек Бекназаров маалымдап, башкаруучу коалицияны түзгөн үч партия өлкөнү бөлүп алышы ыңкылаптын үчүнчү толкунун жаратышы мүмкүндүгүн эскертти.

Тышкы саясаттагы ийгиликтер

Токтобогон ички саясий күрөштөрдүн алкагында узап бараткан жумада жогорку бийлик тышкы саясатта олуттуу ийгиликтерге жетише алды. Адегенде президент Роза Отунбаева Казакстанга сапар менен барып, Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын натыйжасы дароо эле болду. Биринчиден, Казакстан мунай заттарын Кыргызстанга сатууну чектегеген нормаларын алып саларын кабарлады. Андан сырткары энергетика тармагында мурдагы кызматташуулар улана турган болду. Отунбаеванын сапарынан кийин 4-февралда Казакстанга өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да барды.

Роза Отунбаева жол чапкан бул сапар учурунда Атамбаевди президент Нурсултан Назарбаев кабыл алды. Ошондой эле казак өкмөт башчысы Карим Масимов менен сүйлөшүүлөр өттү.

Кыргыз тарап үчүн бул сапардын мааниси чоң. Анткени казак чек арасы аркылуу соода-саттык жүргүзүү, энергетика, миграция, инвестиция боюнча талылуу маселелер бар. Андан сырткары Атамбаевдин өкмөтү үчүн аба менен суудай керек болуп турган финансы маселеси да Астанада чечилчүдөй болуп турат. Белгилүү болгондой Алмазбек Атамбаев Москвага сапары учурунда Евразия экономикалык шериктештигинин антикризисттик фондунан 200 млн. доллар насыя сураган. Москва макулдугун берген. Бирок фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Казакстандын да макулдугу керек. Бул маселе Астанада чечилсе Атамбаев-Бабанов Кыргызстандын карызын көбөйтөт, бирок учурдун маселесин женилдетүүгө жетишет.

Москва, Анкарага бир-эки жолудан барып келген Атамбаев Казакстанга бара элек болчу. Анын себеби катары Назарбаев менен Атамбаевдин мамилесинин начарлыгы айтылып келген. Чындыгында, Назарбаев Кыргызстандагы парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда кыргыз саясатчылары менен тандап жолугушуп, кимге көзү түз экенин көрсөтүп койгон. Назарбаев жолугушкан саясатчылар ичинде Алмазбек Атамбаев болгон эмес. Ал тескерисинче ыңкылаптан кийин Казакстан чек арасын жабуусун сынга алган жайы бар эле.

Түрк өкмөт башчысы Кыргызстанда

Казакстанга сапар алдында Алмазбек Атамбаев түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганды мекенине узатты. Эрдогандын сапары апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанга жасалган жогорку деңгээлдеги биринчи расмий сапар болуп калды.

Кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүндө көп тилектер, максаттар айтылды. Түрк тарап 450 млн. доллар инвестиция салууга даярдыгын билдирди. Эки өлкөнүн стратегиялык кеңеши түзүлө турган болду. Эки өлкөнүн алдыдагы кызматташуулары тууралуу Режеп Тайып Эрдоган кыргыз парламентинде
буларды билдирди:

- Бүгүн таштаган кадамыбыз менен жогорку деңгээлдеги стратегиялык биргелешкен кеңеш түзүү чечимин кабыл алдык. Март айында премьер-министр менен министрлер жолугушабыз. Премьер-министрлер менен бирге жылына бир жолу, бир жылы Түркияда, экинчи жылы Кыргызстанда жолугушууларды өткөрүп турабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы министрлерибиз болсо жылына эки-үч жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан-Түркиянын байланышын талкуулашат. Биргеликте эмнелерди кыла алабыз? Кыргызстандык ишкер Түркияда эмне кыла алат? Түркиялык ишкер Кыргызстанда эмне кыла алат? Же эки өлкө бирге үчүнчү өлкөлөрдө эмне кылса болот? Мына ушуларды биримдик ичинде улантабыз.


Түрк тарапка Кыргызстандын энергетика, телекоммуникация, тоо кен, кайра иштетүү тармагына инвестиция салуу сунушталды. Бирок түрктөр күтүүсүз жерден “Дастан” акционердик коомуна кызыгуусун көрсөттү. “Дастанда” аскердик багыттагы “Шквал” аттуу торпедо Россия менен биргеликте жасалат. Ошондуктан бул маселени Кыргызстан жалгыз өзү эмес, Москва менен кеңешип гана чече алат. Орус тараптын болсо бул багытта түрктөр менен кызматташууга барышы кыйын. Ал аскердик сырга байланыштуу дейт “Дастанда” көп жылдар иштеген, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Ормонов.

Бул маселеде өтө кылдаттык болбосо Кыргызстан аскерий аба базалар боюнча АКШ менен Россиянын ортосунда калгандай эле дагы бир кыйчалыш жагдайга кириптер болуп калышы мүмкүндүгү айтылууда.

Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов түрк жетекчилигинин көзү Кыргызстанга мурдатан эле түз болуп келгенин белгилеп, бирок түрктөрдүн реалдуу инвесторлорунун келишине Кыргызстандагы коррупция тоскоол болуп жатканын кошумчалады. Мурунку элчинини айтымында, Түркия менен визасыз каттамдын киргизилиши келечекте ишкерлерге, жарандарга көп ыңгай, шарттарды берет.

Бишкектин мэри шайланды

4-февралда Бишкек шаарынын мэри шайланды. Күтүлгөндөй эле бул кызматка 7-апрелден кийин мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов шайланды. Көпчүлүк депутаттар аны колдоп добушун беришти. Бирок мэрди шайлоо жаңжал жана президенти айыптоолор менен коштолду.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча президенттин буйругу 2-февралда чыккан. Ал дароо эле Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сынга алынды. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоого ыйгарым-укуктары жок экенин билдирип чыкты. 3-февралда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков президенттин чечимин кескин сынга алды:

- Азыркы “Жергиликтүү бийликтер жөнүндөгү” мыйзамдын 38 беренесине
ылайык президенттин Бишкек шаарынын мэрин шайлоого жардык чыгарууга акысы бар. Бирок Конституциянын 64-беренесинде президенттин ыйгарым-укуктары жазылып турат. Анда президент шайлоолор боюнча эки учурда гана жардык чыгара алат. Биринчиси, Жогорку Кеңештин шайлоосун дайындайт. Экинчиси, жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындайт. Бул жерде мэр жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Ошондуктан президенттин жардыгы мыйзамсыз. Президент мыйзам бузууларга баратат. Эгерде президент мыйзам бузууга бара турган болсо, Жогорку Кеңеш президентти токтотуш керек
.

Мындай айыптоолорго байланыштуу президент билдирүү менен чыгып, анда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо бийликти бекемдөө максатында дайындалганын белгиледи. Ошондой эле шайлоону дайындоо “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык экени аталган.

Шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тапшырылган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүндө да шайлоонун дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча эки ача пикир чыкты. БШКнын бир мүчөсү Эрик Ирискулбеков шайлоону дайындоо мыйзамсыз десе, экинчи мүчөсү Жеңиш Акматов баары мыйзам чегинде болгонун билдирүүдө.

Саясат таануучулар мэрди шайлоону алдыдагы президенттик шайлоого даярдык катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG