Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Президенттик шайлоо: атаандаштар арбын болчудай


Быйылкы президенттик шайлоодо талапкерлер 2009-жылкы президенттик шайлоого караганда арбын болушу мүмкүндүгү айтылууда. (Сүрөттө: Бишкектик бир шайлоочу 2009-жылдагы президенттик шайлоого катышкан талапкерлер тартылган плакатты кароодо. Бишкек, 2009-жылды
Быйылкы президенттик шайлоодо талапкерлер 2009-жылкы президенттик шайлоого караганда арбын болушу мүмкүндүгү айтылууда. (Сүрөттө: Бишкектик бир шайлоочу 2009-жылдагы президенттик шайлоого катышкан талапкерлер тартылган плакатты кароодо. Бишкек, 2009-жылды

Президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерлерди алып чыгуу боюнча саясий күчтөр бир жыйынтыкка келише элек.

Ал арада бир катар саясий партиялар талапкерлерин аныктоо боюнча курултайларын өткөрүүнү дайындашты.


Саясий сынакка кимдер чыгат?


Президенттикке талапкер катары ондон ашуун саясатчынын аттары аталууда. А бирок анын ичинен негизги оюнчулар катары учурдагы өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин жана ага негизги атаандаш катары чыга турган саясатчылар Марат Султановдун, Адахан Мадумаровдун, Камчыбек Ташиевдин Темир Сариевдин жана Кубатбек Байболовдун ысымдары белгилүү болуп калды. Анткен менен серепчилер бирдиктүү талапкердин айланасына баш кошуу жараяны саясатчылардын өз ара келишпестиктеринин айынан жай жүрүп жаткандыгын айтышууда.

“Ак-Шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бирок саясий уюм канткен күндө да шайлоого өз алдынча барууга кам көрүп жаткандыгына токтолду:

- Азырынча курултай өткөрүүгө өзүбүзчө эле даярдык көрүп жатабыз. Башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок биздин партия өзүнүн шайлоого даярдыгын катуу көрүп жатат. Анткени биздин партия сөзсүз түрдө шайлоого катышат. Учурда бул маселе боюнча ким менен кандайча сүйлөшүүлөр боло тургандыгын азырынча айтуу эртерээк. Анткени биз канча талапкер кандай программа менен чыга тургандыгын билбейбиз.

Саясат таануучулардын баамында, башка саясий күчтөр менен биримдикте шайлоого баруудан мурун өз алдынча дымагын сынап көргүсү келген саясий күчтөрдүн бири – бул “Бүтүн Кыргызстан” партиясы. Буга чейин президенттике талапкерлигин койуу ниетин айтып келген анын жетекчиси Адахан Мадумаров бул маселе партиянын курултайында чечиле тургандыгын белгиледи:

- Биздин партия 4-июлдан бери бардык райондордо жалпы жыйындарды өткөрүп жатат. Анда республикалык курултайга делегаттар шайланууда. Биздин республикалык курултай 12-июлда өтөт. Мына ошондо бул маселе чечилет.


Жүгөн салдырбай жүгүргөңдөр


Президенттик шайлоонун алдында партиялар саясий блок катары күчтөрүн ирилештирмек турсун, талапкер тандоодо партиялардын ичинде жик кеткен учурлар байкалат. Айтсак, бир эле “Ата-Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, Марат Султанов жана Акматбек Келдибеков сыяктуу кеминде үч саясатчыны сүрөп чыгуу аракеттери байкоочулардын баамына урунган. Мындай көрүнүштөн “Ата Мекен” партиясы дагы куру эмес. Аталган партиядан Кубатбек Байболовдун, Өмүрбек Текебаевдин жана Равшан Жээнбековдун талапкерлиги аталууда.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун айтымында, бир талапкерге токтолуу саясий кырдаалдан көз каранды:

- Азыр мына ошол маселе күн тартибиндеги негизги маселе. Бул эми саясий абалга карата болот. Анткени саясат деген бул ар кандай келишүүлөрдүн искусствосу. Мен деле башка саясатчылар сыяктуу эле ар кандай саясий жагдайлардан көз карандымын. Бирок кандай болгон күндө да ар бир саясатчы бул саясий уюмга таянышы керек. Ошондуктан мен өзүмдүн жакын санаалаштарыма жана партиялаштарыма таянам. Бул маселе боюнча 9-июлда партиянын саясий кеңешинин жыйналышында бир чечимге келебиз го деп ойлойм.

Саясат таануучулар президенттикке талапкер чыгаруудагы мындай ыңгайсыздыктарды Кыргызстандагы партиялык курулуштун начар өнүккөндүгү жана ички карама-каршылыктардын жөнгө салынбагандыгы менен байланыштырышат. Мына ошондуктан саясий партиялардын бирдиктүү талапкердин алдына баш кошуусуна ички идеялаштыкка караганда сырткы күчтөрдүн таасири чоң болушу мүмкүн деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Бул арада БШК иш мерчемдерин бекитип, аймактык жана жергиликтүү шайлоо комиссияларын түзүүгө киришти.

XS
SM
MD
LG