Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Жалилов: УКМК саясий органга айланып калды


УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында, 2010-жылдын 24-июну.
УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында, 2010-жылдын 24-июну.

УКМК төрагасынын биринчи орунбасары Марат Иманкуловдун билдирүүсүнө байланыштуу суроолорго коопсуздук кызматынын ардагери, полковник Иманберди Жалилов жооп берди.

«Азаттык»: Бүгүн Марат Иманкулов Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевден өкмөттүк мекемени саясий кысым көрсөтүүнүн куралына айлантканына жана бийликтеги бир ууч саясатчылардын ыңгайына жараша колдонуп жатканына каршылык иретинде Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан кеткенин жарыя кылды. Президенттикке талапкер генералдын мындай жүйөөсү шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүшпү, же өзүнүн кызматтан кетүүсүнө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ойлонуп жасалган кадамбы?

Иманберди Жалилов: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп аткан өзгөчө саясий окуя десем жаңылышпайм. Себеби айрыкча кийинки күндөрдө эгемендүүлүк алгандан берки күндөрдөн бери болуп аткан нерселердин көрүнүшү. Марат Иманкулов дасыккан профессионал чекист. Кеминде 20-25 жылдын арасында ушул кызматты аркалаган инсан. Ал эми министр тилекке каршы мынчалык даражада чекисттик тажрыйбасы жок, бул оркойгон чындык. Экөөнүн ортосундагы болгон нерсе ушул болушу мүмкүн.

Экинчиден, кийинки кездери Дүйшөбаевдин атынан айтылган билдирүүлөр, божомолдордун көпчүлүгү такталбай, аныкталбай, өзүнүн чындыгына чыкпай калганын коомчулук угуп эле жүрөт. Айтууга саясий эрк, саясий шарт керек. Мен ойлойм, бул саясий шарт катары анын президенттикке койгон аракеттеринин бири. Ал эми саясий эрк катары бул болуп жаткан нерсени жаш болсо дагы, чоң республикалык мекеменин ичиндеги болуп жаткан былыкты жараткандын, намыстын, абийиринин, элинин алдындагы милдетин аткарып, чындыкты бетке айтып чыгууга болгон аракет - бул чоң эрк деп эсептейм.

«Азаттык»: Коопсуздук кызматынын даражалуу кызматкерлери, дасыккан чекисттер Мирослав Ниязов, Артур Медетбеков акыркы жылдары саясатка активдүү аралашып, бийликке каршы жээкте жүрүшөт. Аларга дагы бир генерал кошулду. Коңшу өлкөлөрдү алсак, акыркы 10-15 жылда, болгондо дагы Коопсуздук кызматынын генералдарынын оппозицияга өтүүсү, президент Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдин мисалын айтпаганда жокко эсе. Мунун өзү Кыргызстанда кадр ылгоодо кесипкөйлүккө маани берилбегенин, адистердин бааланбаганын күбөлөйбү, же генералдардын саясий дымагынын өсө баштаганын көрсөтөбү?

Иманберди Жалилов: Мен Мирослав Ниязовду, Артур Медетбековду, Марат Иманкуловду да жакшы билем. Үчөө тең дасыккан генералдар, илим-билимдүү жигиттер, дүйнө көз караштары кеңири, көрөңгөсү, ички маданиятынын бийиктиги салыштырмалуу башкалардан бир топ өйдө десем аша чапкандык болбойт. Мирослав Ниязовдун кийинки күндөрдөгү коомго болгон аналитикалык көз караштары, ар кандай түйүндүү маселелерге, талуу проблемаларга өзүнүн чыгармачылык аракети менен мамиле кылуусунун натыйжасында коомдогу көрүнүштөрдү иликтөө, иреттүү түшүндүрүү аркылуу сунуштар, илимий деңгээлге элге жакынырак болгон, же аналитикалык мазмундагы макалалары Кыргызстандын коомчулугун, жалпы эле тургундарды кайдыгер калтырбайт.

Ошондой эле мамилени Артур Медетбековдун айрыкча 2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки коомго болгон аналитикалык көз караштары, ошондогу ээлеген орду, өзүн алып жүрүүсү, коомго кызмат кылуусунан көрсө болот. Ошондой эле Иманкулов кийнки мезгилдерде бул мекеменин Нарын облустук, Ош облустук башкармалыктарын жетектегени, Москвада иштеп келгендиги жөн жерден эмес. Ал эми алардын оппозициялык кыймылга аралашып калганынын себеби адам дасыккан сайын, башы бышкан сайын коомго жакшы нерсени ыроолого аракет кылууга өтүү инсандын табиятына, психологиялык ички мүнөзүнө мүнөздүү көрүнүш болуп эсептелет. Булар антогонисттик формадагы оппозициялык күчтөр эмес, булар жаратмандык формадагы оппозициялык күчтөрдүн тобуна кирет десем аша чапкандык болбос.

«Азаттык»: Коопсуздук кызматы саясий органбы, же Конституцияга ылайык кыргызстандык жарандардын коопсуздугун камсыздоочу мекемеби?

Иманберди Жалилов: Коопсуздук комитети - бул Конституциялык орган. Бирок тилекке каршы иш жүзүндө бул саясий органга айланып кетти. Бул бир эле биздин Кыргызстанда эмес, жалпы эл аралык алкакта ушул маселе ушундай деңгээлде алынып жүрөт.

«Азаттык»: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG