Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Салянова парламентте сес көрсөттү


Баш прокурор Аида Салянова парламентте сүйлөп жатат, 17.04.2014
Баш прокурор Аида Салянова парламентте сүйлөп жатат, 17.04.2014

Баш прокурор Аида Салянова парламентте "Ата-Журт" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев менен “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаеваны кылмыш иштерине катышы бар деп айтты.

Муну акыйкатчы Бакыт Аманбаев баш прокурордун ишин сындагандарга карата Салянованын жообу катары баалады.

Баш прокурор Аида Салянова 17-апрелде парламентте отчет берип жатканда мурда козголгон чуулгандуу кылмыш иштерге чекит коюлбай жатканы сынга алынды. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев Орусиядан алынган 300 миллион доллардын мыйзамсыз сарпталышы боюнча 2011-жылы козголгон кылмыш ишинен жыйынтык жок экенин айтты. Ошол эле кезде Абдылдаев Бишкектеги аскер мекемелеринин аймагынан мыйзамсыз кесилген жер тилкелерине көп кабаттуу үй курууну токтотуу боюнча парламенттин токтому эмнеге аткарылбай жатканына кызыкты.

Баш прокурор Аида Салянова буга жооп берип жатып, депутат Мыктыбек Абдылдаевди анын өзүнүн бул ишке катышы бардыгын эскертти:

- Мен куру сөздү айтып жаткан жокмун. Кылмыш ишинде тиешелүү көрсөтмөлөр бар. Мына ошол Улуттук Гвардиянын аймагынан жер тилкесинин бөлүнүшүнө сиздин дагы катышыңыз бар. Керек болсо аны тастыктап да берем. Ал кезде сиз Президенттик администрациянын жетекчиси болуп турган экенсиз. Бул боюнча материалдарды ачыкка чыгарсак дагы болот.

Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.
Бишкектин Жал кичирайонундагы аскер лицейинин аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна тыюу салуу боюнча парламент 2012-жылы Башкы прокуратурага сунуш киргизген. Улуттук гвардиянын аймагынан мыйзамсыз жер тилкеси бөлүнүп кеткен факты боюнча да кылмыш иши козголуп, бирок ал иш ошол боюнча токтоп калган. Башкы прокуратура ага ошол кездеги өкмөт башчысы, азыркы “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Куловдун катышы бар деп жарыялаган болчу. Депутат Мыктыбек Абдылдаев бул иште анын өзүнө багыттала турган жагдай жок экенин айтып, аны териштирүү чоң былыктардын бетин ачаарын белгиледи:

- Ал жерге менин эч кандай тиешем жок. Сиз аны мага такабаңыз. Бирок бул боюнча жакында чоң маселе көтөрүлөт. Мен муну президент менен сүйлөшкөндө да айттым. Анткени мына ошол жерге көп кабаттуу үй 2012-жылы курулуп башталган. Биз ошол кезде тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенбиз. Бирок Башкы прокуратура эмнеге аны аткарган эмес. Ушуга жооп бериңизчи?

Акыйкатчынын сынына жооп

Депутаттар акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте жасаган баяндамасында башкы прокуратураны сынга алган жагдайлар боюнча Салянованын жообун уккулары келишти. Айрыкча укугу тебеленген жарандардын арыз-даттануулары каралбай жатканы боюнча мисалдар келтирилди. Баш прокурор Аида Салянова Бакыт Аманбаевдин депутат эжеси кылмыш ишине кириптер экенин айтып, акыйкатчынын ал сынын алдын ала жасалган чабуул катары сыпаттады:

- Акыйкатчы кечээ эки сөзүнүн биринде эле Башкы прокуратураны каралай бериптир. Акыйкатчы Аманбаевдин мында жеке кызыкчылыгы бар. 2013-жылы Оштогу кургак учук ооруканасынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Азыр суралып жаткандардын ичинде акыйкатчынын эжеси, “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаева дагы бар. Мында абдан көп мыйзам бузуулар тастыкталып жатат.

Урмат Аманбаева.
Урмат Аманбаева.
Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаева мындан көп жыл мурун Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда башкы эсепчи болуп иштеген. Аманбаева баш прокурор айткан кылмыш ишинин алкагында буга чейин суракка чакырылбаганын белгиледи. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев болсо баш прокурордун ал билдирүүсүн анын оозун жабуу үчүн жасалган коркутуу катары баалады:

- Мына ошол менин эжеме карата былтыр козголгон деген кылмыш ишин прокурор айымдын оозунан кечээ биринчи жолу уктум. Мен парламенттеги баяндамамда өзүмдүн жеке кызыкчылыгым эмес, даана мисалдар менен прокуратура качан, кантип карапайым атуулдардын укугу тебеленген фактыларга көз жуумп, териштирбей жатканын айткан элем. Анын эртеси эле прокурор айым буга чейин негедир айтпай жашырып келген менин эжемдин кандайдыр бир кылмыш иши тууралуу кыйытып жатат. Адам укугун коргоп, аны коомчулукка айтып чыгуу - бул менин конституциялык укугум. Мен аны айттым жана айта берем.

Парламентте бир топ депутаттар баш прокурор Салянова аны ачуу сындагандарга кылмыш иши бар деп опузалоо менен саясий шантажга басым жасап калганын сынга алышты. Ошол эле кезде коомчулукта башкы прокуратура бийликке жакпагандарга каршы колдонулчу саясий чокмордун ролун аткарып калды деген сын-пикирлер да орун алууда. Өз кезегинде Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG