Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Соттолуучунун театрдагы соолубаган соодасы


Борис Воробьев
Борис Воробьев

Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьевдун жаза мөөнөтү кыскарып, жатак абакка которулду.

Бишкек шаардык соту баштапкы сот өкүмүн өзгөртүп, Айтматов атындагы театрды бизнес борборго айланткан деп айыпталган адамдын жазасын жеңилдетти. Аны кызматтан алууга жана иш козгоого негиз болгон театрдын айланасындагы Воробьевдин бизнес "империясы" дагы эле гүлдөп өнүгүүдө. Буга таң калган шаар тургундары маданий очокту түнкү клубдардан тазалай албаган бийликтин чабалдыгын сындашууда. Театрдын коменданты мунун артында таасирдүү күчтөр бар экенин жашырган жок.

Воробьевдин жаза чарасы кантип жеңилдеди?

Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьевди күчөтүлгөн тартипте 7 жылга эркинен ажыраткан баштапкы сот өкүмү жокко чыкты. Мындай чечимге келген Бишкек шаардык соту Воробьевди жатак абагына которуп, анын жаза мөөнөтүн жумшартты. Биринчи май райондук соту аны кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ыйгарым укугунан аша чабуу жана мамлекеттик мөөр менен документтерди жашыруу боюнча коюлган айыптоонун негизинде соттогон болчу. Ошондой эле анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоо чечими чыккан. Эми аталган жаңы сот чечими боюнча Воробьев мамлекетке 2 миң сом өлчөмүндө гана айып пул төлөйт. Анткени Бишкек шаар соту ага тагылган үч берененин экөөнүн далилдерин жетишсиз деп тапкан. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева мына ошондуктан ага коюлган мурдагы сот өкүмү жеңилдетилгенин кошумчалады:

- Воробьев Бишкек шаардык сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин негизинде ыйгарым укугунан аша чапканы боюнча айыптуу деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Жаза өтөө мөөнөтү түзөтүү-жатак абагында белгиленди. Сотто Воробьевдин адвокаты анын катуу ооруп жатканын белгилеп, аны чет өлкөдөн дарылатуу маселесин чечүү үчүн Октябрь райондук сотуна кайрыла турганын билдирди.

Оюн-зооктун очогуна айланган театр

Былтыр Воробьев театрды бизнес-борборго айлантып, анын бир бөлүгүн кафе-ресторан жана түнкү клуб сыяктуу оюн-зоок жайлары үчүн ижарага берген деп чуу чыккан болчу. Ошонун негизинде ал кызматынан алынып, ага кылмыш иши козголгон. Бирок кезинде маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлгөнүнө карабастан театр оюн-зоок жайларынан тазаланган эмес. Анын айланасындагы кафе-ресторан жана караоке деген атка жамынган түнкү клубдар мурдагыдай эле иштеп жатканына күбө болдук. Шаар тургуну Алымжан Закиров муну маданий очоктун атына көлөкө түшүргөн көрүнүш катары мүнөздөдү:

- Театрдын имаратына кошумча курулган кафе-ресторан жана түнкү клубдар жоголбоптур. Өзгөрүүнү көрбөдүм. Түнү өтүп баратсаң, театрдын айланасы өзүнчө эле ызы-чуу. Демек бул жерге ордунан жылгыс кандайдыр бир мафия уялап алганбы деген ойго кетесиң. Бул театр элибиздин маданий очогу болгон соң, мында ичимдик ичилип, обужок оюн-зоок болгону туура эмес. Бул жай элибиздин маданиятынын туу чокусу болууга тийиш. Анан калса улуу жазуучубуз Айтматовдун атын алып жүргөн театрда ушундай иштерге жол берилгени таңкалычтуу.

Воробьевдин бизнес “империясы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Таасирдүү күчтүн таанылбаган карааны

Воробьевден кийин кызматка келген Александр Кулинский театрдагы мындай абалды жөнгө саларын убада кылган эле. Бирок Кулинский ушул күнгө чейин абал өзгөрүүсүз турганы боюнча суроого түз жооп бергиси келген жок. Кафе-ресторан жана түнкү клубдун кожоюндары театрдын имаратын көп жылдык мөөнөткө ижарага алган. Мына ошого такап, ижарачылар театрды бошотпоо үчүн сотко кайрылышкан. Бирок бул ишти кароо улам артка жылып отуруп, ага качан жана кандай чечим чыгары дайынсыз. Орус драма театрынын коменданты Асыл Жусупов театрга жабышкан мыйзамсыз курулуштарды бир жылдан бери алдырта албай жатышканын айтып, мунун артында таасирдүү күчтөр турганын белгиледи:

- Буларга мына ошол Воробьевдун учурунда уруксат берилген экен. Ошондон бери алардын башы дагы эле чечиле элек. Архитектуралык жана техникалык талаптар боюнча негизи булардын бардыгы мыйзамсыз. Аларды мурда эле алып салыш керек болчу. Керек болсо биз мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүн чакыртып, текшерткенбиз. Анан алар деле эмнеге ала албай жатат, биз аны билбейбиз. Демек буга кызыкдар өтө таасирдүү күчтөр бар. Театр мамлекеттин маданият ордосу болгон соң буга окшогон оюн-зоок жайлары мында болбошу керек эле. Бирок бул маселени чечүүгө ким тоскоол болуп жатканын ушул күнгө чейин билбейбиз.

Орус драма театрындагы мындай абал боюнча эмгек жамааты вице-премьер-министр Элвира Сариевага кайрылуу жолдогон. Бирок абалды териштирүүнүн жыйынтыгы азырынча белгисиз. Элвира Сариева бул маселе боюнча суроого бир аздан кийин жооп берем деп убада берип, бирок андан кийин телефонду көтөрбөй койду. Мамлекеттик мүлк фондундагы бул ишке жооптуу кызмат адамдары менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

XS
SM
MD
LG