Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Апта: Европа сапары, Кумтөр санаасы


Президент Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркел.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркел.

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары соңуна чыкты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишке кирди. ЖККУ Ооганстан коркунучуна көбүрөөк көңүл бура баштады.

Кыргызстан Европа менен Орусияны элдештире алабы?

Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигине 10 күндүк сапары менен барып келди. Сапар учурунда Кыргызстан президенти Европа биримдигиндеги эң таасирлүү мамлекеттердин жетекчилери - Франция президенти Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушту.

Ошондой эле Европа биримдигинин жетекчилери - Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын жетекчиси Жан-Клод Юнкер, Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен кездешип, баарлашты. Булардан сырткары Атамбаев Бельгия, Австрия, Швейцариянын мамлекет башчылары менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөргөнү кабарланды.

Кыргызстан президентинин Европага сапарын жана Европа биримдигинин, андагы ири мамлекеттердин жетекчилеринин кабыл алуусун уюштуруу Европа тараптан жүргүзүлүп жаткан чоң геосаясий оюндан кабар берет. Бул биринчиден, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн алдында Европа биримдигинин Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик демократияны “унутпаганын” билдирсе, экинчиден, Кыргызстан үчүн пайдалуу жагы көп. Анткени расмий Бишкек муну менен Европада таасирлүү чөйрөлөр менен сүйлөшө аларын көрсөтүп барк алса, экинчи жагынан тышкы саясаты Орусияга эле байланып калбаганын, көп вектордуу тышкы саясат “тирүү” экенин тастыктайт. Андан сырткары, албетте, иш жүзүндө грант чогултуп келүү мүмкүнчүлүгү менен да пайдалуу болду.

Атамбаевдин Европага сапары учурунда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкен да Кошмо Штаттар Борбор Азияга кызыгуусун жоготкон жок деген билдирүүнү жасады. Демек Евразия жана Борбор Азия аймагында Батыш менен Орусиянын геосаясий жүрүштөрү, тартышып-түртүшүүлөрү улана берет. Ал токтоп калбайт.

Кыргызстан президентинин Европа сапарына Москва көз салып турганы белгилүү. Мындай учурда Кремлдин шегин күчөтпөш үчүн жана көңүлүн калтырбаш максатында кыргыз делегациясы Европа сапарында Бишкектин Москва менен Брюсселдин ортосундагы ортомчулугу тууралуу сөздөрдү көбүрөөк чыгарды. Президент Атамбаев Европаны Португалия борбору Лиссабондон тартып, Орусиянын Владивосток шаарына чейин уланары тууралуу белгилүү сөздү кайталады. Идеалында бул мыкты көрүнүш, бирок тилекке каршы, Москва менен Батыштын Украина боюнча жаракасы аны өтө эле алыстатып баратат.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “ортомчулук жана геосаясий чечимдерди кабыл алууга катышуу” сыяктуу чоң билдирүүлөрдү жасоодо абайлоого чакырат:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

- Биздин президенттин барганы жакшы болду. Анткени кыргыз элин дагы бир жолу таанытып, дагы бир жолу ойлорубуз, максаттарыбызды жеткирип келди. Бирок ошол эле кезде айтып коюш керек, глобалдык саясатта биздин ролубуз чоңоюп атат, Европа биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда ортомчу болобуз деген максат койдук, ага жетиштик деп жатышпайбы. Бул өтө кооптуу маселе. Анткени мындай ортомчу болуш үчүн чоң мамлекет болобу, чакан мамлекет болобу ошол мамлекеттин дүйнөлүк саясатка таасири болуш керек. Ошол мамлекеттин экономикалык, коопсуздук маселелерине таасири болуш керек. Үчүнчүдөн, бийликтин башында турган жетекчилердин Кыргызстандын ичинде дагы ошончолук кадыр-баркы болуш керек. Бүгүн ошондой бар деп ким айта алат?

Аликбек Жекшенкулов эл аралык деңгээлдеги өтө чоң билдирүүлөрдү жасагандан кийин, алардын аткарылышы боюнча да жооп берүү мезгили тез эле келерин унутпаш керектигин белгиледи.

Кыргызстан ичинде айрым адистер Атамбаевдин сапары Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясатына үмүт жандырды десе, башкалар Орусиянын кызыкчылыгын көбүрөөк көздөгөн сапар болуп калды деп сынга алышты.

Кандай болгон күндө да Европа Кыргызстанга эмес, Кыргызстан Европага көбүрөөк муктаж. Президент Атамбаев Европада коррупцияга согуш жарыяланды, бюджеттин кирешеси эки эсе көбөйдү деген менен мамлекеттик бюджеттин абалы мурунку бийлик учуруна караганда өтө оорлошуп кеткени маалым. Бул мамлекеттик бюджеттин киреше, чыгашаларынан эле көрүнүп турат. Маселен, Бажы кызматы менен Салык кызматы быйыл жыйнай турган кирешенин көлөмү 78 млрд. сомду, салыктык эмес кирешеси 15 млрд. сомду түзөт. Ал эми чыгаша 117 млрд. сомдон ашуун деп бекитилген. Мына ушул 25 млрд. сомдун тегерегиндеги тартыштыкты жабыш үчүн Европанын гранттары, насыялары абдан эле зарыл.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишин баштады

Кыргызстан президенти Европада сапарда жүргөн мезгилде, 31-мартта Бишкекте кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин биринчи жыйыны болду. Ал кеңештин төрагалыгына Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак дайындалган.

Сергей Сторчак
Сергей Сторчак

Беш кишиден турган директорлор кеңештин эки мүчөсү Кыргызстандан болду. Алар каржы министри Ольга Лаврова жана экономика министри Темир Сариев. Фонддун башкармалыгын болсо президенттик аппараттын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова жетектейт. Беш кишиден турган башкармалыктын үч мүчөсү Кыргызстандан, экөө Орусиядан.

Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, директорлор кеңеши кезектеги жыйынын май айынын экинчи жарымында Бишкекте өткөрөт. Мына ошол мезгилге карай башкармалык беш долбоорду даярдап алып келиш керек. "Фонд ал долбоорлорду каржылоого даяр", - дейт Темир Сариев:

Темир Сариев
Темир Сариев

- Бүгүнкү күндө 100 млн. доллар бар. Жакын арада дагы 50 млн. доллар түшөт. Ошону менен фонддо 150 млн. доллар болот. Жылдын аягына чейин улам келип түшүп турат. График боюнча быйыл 350 млн. доллар болот, эмдиги жылы дагы түшүп, 500 млн. долларга жетет. Ошону колдонгондон кийин дагы 500 млн. доллар тартылып келинет. Бирок эң чоң маселе - биздин ишкер адамдардын жакшы бизнес долбоор менен даярдыгы. Анткени биз чоң көлөмдөгү акчаны бергенге даярбыз. Ошого ылайыктуу бизнес долбоорлор болуш керек.

Темир Сариев 3 млн. долларга чейинки долбоорлорду фонд коммерциялык банктар аркылуу, ал эми андан көп каражатты талап кылган долбоорлорду түз каржыларын белгиледи. Насыянын үстөгү салыштырмалуу төмөн болуп, мөөнөтү 5 жыл болот.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын башчысы Нурсулуу Ахметова алар Кыргызстан артыкчылык берген тармактарды каржылоого басым жасаарын маалымдады:

- Биринчи биз айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы боюнча долбоорду ишке ашыралы деп жатабыз. Биз аны менен долбоорлорубуз Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө жана Бажы биримдигинин аймагында керектөөгө жараган Кыргызстандын продукциясын чыгарууга багытталганын көрсөтөбүз.

Ахметованын айтымында, алар долбоорлор региондордо да ишке ашышына кам көрөт. Анткени республикадагы бардык региондор бир кылка өнүгүүсү керек.

2014-жылы тышкы инвестиция кескин кыскарып кеткендигине байланыштуу кыргыз бийлиги фондго чоң маани берип жатканы маалым. "Бирок мамлекет көзөмөлдөгөн бул фонддун натыйжалуу иштешине тобокелчиликтер бар", - дейт экономист Азамат Акелеев:

- Орусия тарабынан каржыланган долбоорлор көбүнчө узакка созулуп кеткен жагы бар. Ал акчаларды бөлүштүрүү жасалма түрдө болгон үчүн экономикалык табигый механизми болбогондуктан, сырттан келген акча, өкмөт тарабынан жумшалгандыктан бөлүштүрүү эффективдүү болбой калышы мүмкүн.

Акелеев ошол эле учурда фонддун каражатын натыйжалуу пайдаланса, 350 млн. доллар республиканын экономикасын алдыга тартууга жөндөмдүү экенин кошумчалады.

Геосаясаттан ички саясатка

Узап бараткан жумада КМШнын аймагындагы чоң саясат Бишкек жана Дүйшөмбү шаарында болду. 2-апрелде Тажикстан борборунда Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулса, 3-апрелде КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Бишкекте жыйын курду.

Тажикстан борборундагы жыйында Ооганстан тараптан келип жаткан коркунучтар жана Тажикстанга аскердик жардам берүү маселеси талкууланды. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Ооганстандагы экстремисттик уюмдар, "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары Борбор Азия регионуна түз коркунуч туудурарын билдирди. Орусия ал коркунучтарга каршы туруу үчүн Тажикстанга 70 млрд. рублга курал-жарак берүүгө камданууда. Кыргызстанга убада кылынган курал-жарактар болсо берилип жатканын Николай Бордюжа Бишкекке келген учурда билдирди. Москва Кыргызстанга 1 млрд. доллардын тегерегинде суммага аскердик техника, курал-жарак берери бир нече жылдан бери айтылып келатат.

Кыргызстандын саясатчылары келерки жумада геосаясий жана регионалдык маселелер эмес, ички проблемалар менен алектенет окшоп калды. Анткени Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин карайт. Аны менен кошо өкмөттүн тагдыры талкууланат.

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети Кумтөр маселесин кароону 7-апрелге койгонун комитет төрагасы Кожобек Рыспаев “Азаттыкка” билдирди. Ошол эле учурда Рыспаев келишим даяр эмес дейт:

- Эч нерсе түзүшкөн жок. Келишим түзө алышпайт. Анткени 50-50% пайдалуу эмес. Бизге дагы ыңгайлуу эмес болуп жатат. Мунун баарын азыр кылдаттык менен карап, жакшы жагын алышыбыз керек. Элге так билдиришибиз зарыл. 50-50% болгондо зыяны кандай, пайдасы кандай, улутташтырганда эмне болорун айтышыбыз керек.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир айдын ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген. Эгерде ал аткарылбаса, өкмөттү кызматтан кетирүү каралган.

Кумтөр боюнча келишим түзүүдө орчундуу келишпестиктер болуп жатканын 26-февралда эле парламентте “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов айткан. Бирок анын сөзүнө анда анча маани берилген эмес. Токон Мамытов канадалыктар алтындын корун 50 тоннага жакын же 21% кыскартып жатканын билдирген эле. Бул Кумтөр долбоорунда кирешелердин, финансылык агымдардын кескин кыскарышына алып келет.

Канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүп келаткан “Кыргызалтындын” башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров алтындын кору кыскартылганга байланыштуу келишимдин экономикалык жагын кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкканын айтууда.

- Тоо-кен иштери боюнча жаңы план чыгып, ал жерде алтын өндүрүү кыскарды. Ошол себептен акча каражат дагы эки эсеге азайды. Буга байланыштуу экономикалык келишимди башынан кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты. Биз “Центеррага” жаңы келишимди түзүүгө кызыкчылыгыбыз бар экенин айтып, бирок ал Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбесе, кол койбойбуз деп билдирдик.

Кылычбек Шакиров “Центерра” буга чейин Кумтөрдө 240 тонна алтын казып алууну пландаштырып келгенин, 20-мартта жарыяланган жаңы иш планында анын көлөмүн 48 тоннага кыскартканын тактап кетти.

Мына ошентип өкмөт, парламент белгилеген мөөнөттө Кумтөр боюнча келишимди даярдай албаганы айкын болду. Ошондуктан келерки жумада Жогорку Кеңеште өкмөттү кызматтан кетирүү демилгеси кайрадан көтөрүлүшү ыктымал. Келерки жумада Улуттук оппозициялык кыймыл да Жалал-Абадда белгиленген курултайында Кумтөрдү негизги маселелеринин бири катары коюп жатканы маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG