Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Өкмөт отставкасын талап кылган апрелчилер


Жоомарт Оторбаев жана өкмөт мүчөлөрү парламентте
Жоомарт Оторбаев жана өкмөт мүчөлөрү парламентте

Апрел окуясынын беш жылдыгын утурлай айрым апрелчи-активисттер премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн кызматынан чегинүүгө чакырды.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев соңку мезгилдеги чуулгандуу окуялар боюнча өз учурунда чара көрө албай, Кумтөр маселесин чечүүнү кечеңдетти деп, коомдук активисттер тарабынан сынга алынууда. Парламент Кумтөр маселесин чечүүнү өкмөткө тапшырган бир айлык мөөнөт аяктады. Маселе алгач комитетте, андан соң палатада каралып, анын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн тагдыры чечилери күтүлүүдө.

Апрелчилердин демилгеси

“Апрель баатырлары” коомдук уюмунун активисттер тобу өкмөттүн соңку мезгилдеги жалпы ишмердигин чабал жана мажирөө аракет катары Бишкекте өткөн маалымат жыйынында сынга алды. Айрыкча алар өкмөт коррупцияга аралашкан жетекчилерден тазалана албаганын айтып, коррупциялык-кландык байланыштар аркылуу жазасыз калуу синдрому күчөп кеткенин мисал келтиришти.

Апрел окуясында каза болгондордун аты-жөнү жазылган Ак үй алдындагы такта.
Апрел окуясында каза болгондордун аты-жөнү жазылган Ак үй алдындагы такта.

Өкмөт башчысы Оторбаев маалымат каражаттарына чыккан мыйзам бузуулар туурасында чара көрүүнү мамлекеттик бийлик органдарына милдеттендирген токтом чыгарганы менен анын шарттарын өзү аткарбаганы да сынга алынды. 7-апрель ыңкылабынын катышуучусу Таалай Айдаров, ошондуктан өкмөттүн токтоосуз оставкасын талап кылды:

- Азыр Оторбаев баш болуп кызматынан кетсе, эл ыраазы болот эле. Анткени өкмөт элибиздин көйгөйүн чече алган жок. Одоно мыйзам бузууларга барганы далилденсе да медакадемиянын ректору Зурдиновдун кылыгын өкмөт башчысы Оторбаев жашырып-жаап келе жатат. Андагы коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иши козголгону менен аягына чыккан эмес. Анткени алардын саясий калканчы чоң экени көрүнүп калды. Анан дагы эшектин этине байланыштуу чатакты дагы өкмөт кылдат иликтетип чыгып, баа бере алган жок. Анан эми мына ушундай өкмөттүн кереги барбы?

Акыркы чекитти парламент койобу?

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияга жана фракциялардын жетекчилерине багытталган кайрылууда өкмөттүн Кумтөр маселесин кечеңдетип, бир жылдан ашуун убакыттан бери бул маселе боюнча бир жактуу чечим болбогону сынга алынган. Ошондой эле парламент өкмөткө чегерген бир айлык мөөнөт аяктаганына карабастан, Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин карай элек болчу.

Парламенттин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев маселе толук иликтенип бүткөн соң гана ал палатада карала турганын белгиледи:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Биз бул маселени эртең комитетте карайбыз. Өкмөттүн келтирген жүйөлөрүн, негиздемелерди жана факты жүзүндө жасалган иштин көлөмүн карап чыгып, анан ошого жараша чечим болот. Андан дагы мына ошол чечимди биз палатанын кароосуна алып чыгабыз. Анан ошондон кийин гана парламент жалпы маселени карап чыгып, өкмөттүн тагдырын чечет. Азырынча жагдай кайсыл багытка өзгөрө турганы белгисиз.

Төлөнбөй калган кенемте

Ошол эле кезде парламент эгерде Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктуруп, андан кандайдыр бир жыйынтык чыкпай турган болсо, ал өкмөттүн кызматынан кетишине алып келери көрсөтүлгөн болчу. Анткени парламент өкмөткө “Центерра” менен биргеликте ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө экологиялык зыяндын ордун толуктоо жана чыгымды төлөтүп алуу жагын чечүүнү тапшырган.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева өкмөттүн “Центерра” менен сүйлөшүүдөгү чабалдыгына токтолду:

Эркингүл Иманкожоева
Эркингүл Иманкожоева

- Биз парламентте Кумтөр боюнча маселени чече албаса өкмөт кызматынан кетүүгө тийиш деген чечим кабыл алганбыз. Анан эми канчадан бери эле биз өкмөткө убакыт берип, маселенин чечилишине карата анын шарттарын карап келдик. Бирок биздин сүйлөшкөн тарап “Центерра” учурда эч кандай жеңилдикке барбастан, кайра тескерисинче жанагы казып алган жерлеринин дагы ордун толтурбай турган болуп жатат. Ошон үчүн биз ушул жагын чечтирип алып, анан андан кийин алар менен 50-50 пайыздык үлүштө биргелешкен ишкана түзүү жагын караштырсак болмок.

Ошол эле кезде апрелчилердин кайрылуусунда өкмөттүн өлкөнүн экономикасына карата саясат иштеп чыга албаганы сынга алынган. Буга байланыштуу өкмөттүн кризиске каршы туруу программасынын жоктугу жана улуттук валютаны туруктуу кармоо боюнча чаралардын натыйжасыздыгы баса белгиленген. Мындан сырткары башкаруучу коалицияга өкмөт өзүн-өзү актай албаган үчүн аны таратуу чечимин кабыл алуу жагы сунушталган.

XS
SM
MD
LG