Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

“Вечерний Бишкектин” Атамбаевге каяшасы


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

“Вечерний Бишкек” медиа бирикмеси коомчулукка жана саясий күчтөргө кайрылуу менен чыкты.

Анда басылманын буга чейинки кайрылуусунда айтылган жагдайды иликтөө боюнча президенттин тапшырмасына ишеним калбаганы белгиленген. Анткени атайын кызмат менен прокуратура жагдайга катышы бар президенттин жакын чөйрөсүн иликтөө ордуна кайрылууга кол койгондорго басым көрсөтүп жатканы жарыяланды. Мына ошондуктан басылма жамааты "Атамбаевдин жакын чөйрөсүнүн баскынчылыгынан коргоо" чакырыгын таштады.

Парламенттеги бийлик партиясынын өкүлү Абдыманап Кутушев басылма чарбалык талашты саясий чууга айлантып, коомчулуктун башын айлантып жатат деп айыптады.

Ишеним жаратпаган иликтөө

“Вечерний Бишкектин” билдирүүсүндө жагдайды иликтөөнүн жүрүшү учурда басма үйүнүн өзүн кайра айыптоого баратканы белгиленген. 17-апрелдеги басылманын эмгек жамаатынын кайрылуусунун негизинде президент андагы жагдайды иликтөөнү тапшырган болчу. “Бирок бул тапшырманы аткарууда мамлекеттик машина президенттин чөйрөсүнүн ыңгайына жараша багытталды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле анда бийлик ресурсу аларга каршы толук ишке киргизилгени жазылган. Мына ошондуктан медиа бирикме коомчулукту жана саясий күчтөрдү Атамбаевдин чөйрөсүнөн коргонууга чакырды.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын жетекчиси Феликс Кулов медиа бирикменин талабын колдоп чыкты:

- Мен бул тууралуу ачык айттым. Бул жерде чын эле рейдердик басып алуу бар. Мына ошондуктан сөзсүз бул жагдайды сот карашы керек. Ошондой эле бул маселеге коомчулук жана эл арасындагы белгилүү юристтер да баа берүүгө тийиш. Бизге учурда “Вечерний Бишкектин” кайрылуу каты түшө элек. Расмий түрдө бизге кат келгенден кийин биз ага байланыштуу жагдайды парламентте карайбыз.

Чарбалык талашты саясатташтыруу же конституциялык түзүмгө коркунуч...

Буга чейинки кайрылууда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппарат жетекчисинин 23-апрелде кызматтан кетүү арызын жазган орун басары Икрамжан Илмиянов жана мурдагы жансакчы Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басма үйүн рейдерлик жол менен басып алууга катыштыгы бар деп жарыялаган болчу. Ага чейин Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкекке” караган “Рубикон” жарнама агенттигинин 50 пайыз үлүшүн Александр Рябушкиндин пайдасына чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев медиа-холдингдин кожоюну саясий шантаждан мурун өзүнүн андагы жүз пайыз үлүшүнүн каяктан алынганын коомчулукка түшүндүрүп берсе деген оюн ортого салды:

- Бул жагдайды сыртынан карап көргөн адам катары айтсам болот. Учурда бул басылманын кожоюнумун деген Александр Кимдин башында элүү пайыз үлүшү болгон экен. Калган элүү пайызы анын өнөктөшүнө таандык болгон. Анан Александр Кимдин баштапкы элүү пайыз үлүшү кантип анан жүз пайызга айланып калды деген суроо турат. Акыйкат менен чындыкты талап кылып жаткан медиа-холдингдин кожоюну мына ошону коомчулукка түшүндүрүп бербейби. Ал өзүнүкүнөн сырткары элүү пайызды каяктан алган? Ага эч ким белекке бербесе, бирөө жарымы мураска калтырбаса же ага сатпаса? Мына ушул жагы түшүнүксүз болуп жатпайбы.

"Вечерний Бишкектин" жамааты буга чейинки кайрылуусунда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду да айыпташкан.
"Вечерний Бишкектин" жамааты буга чейинки кайрылуусунда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду да айыпташкан.

​Буга чейин “Вечерний Бишкектин” президентке кайрылуусун иликтөөгө киришкен атайын кызмат аны алгач басылма жетекчилиги даярдап, андан соң гана эмгек жамаатына кол койдурган деп тапты. Бирок кайрылууда келтирилген жагдайлар толук иликтенип бүтө электиги жарыяланган.

Учурда Атамбаевдин жакын чөйрөсүн айыптаган 22-апрелдеги экинчи кайрылуунун мазмуну дагы иликтене баштады. Бул тууралуу билдирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов экинчи кайрылуунун мазмуну дагы текшерилип жатканын белгиледи:

- “Вечерний Бишкек” интернет сайтына жарыяланган кайрылууга медиа холдингдин жетекчилери кол койгон. Ошого байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайрылууда конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык барбы же жокпу деген багытта атайын иш-чараларды дайындады. Буга байланыштуу тиешелүү лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүүдө. Мына ошонун жыйынтыгы боюнча ага укуктук баа берилип, процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ажыдаарга айлануунун “арифметикасы” барбы?

Ошондой эле “Вечерний Бишкектин” ал билдирүүсүндө президент Атамбаев өзү оппозицияда жүргөндө мисал келтирген уламыштагы ажыдаарга айланып баратканы эскертилген. Мындан сырткары коомчулукта дагы эле Атамбаевдин акыйкат башкаруучу жана анык демократ экенине ишенген калктын баёо катмары бар экени айтылып, көздү чоңураак ачууга чакырык ташталган. Ошондой эле медиа-холдинг кайрылуусунда саясий күчтөрдү шайлоонун алдындагы бийликтин тил эмизүүсүнө көнбөй, авторитардык коркунучтун алдын алуу үчүн биригүүгө чакырган.

Сапар Аргынбаев
Сапар Аргынбаев

Коомдук ишмер Сапар Аргынбаев “Вечерний Бишкек” өз кызыкчылыгына доо кеткенде гана айбат көрсөтүп чыкканын айтып, бирок билдирүүдөгү айыптоого бир топ негиздер бар экенин кошумчалады:

- Мен табалагым келбейт. Бирок “Вечерний Бишкек” кезинде бийликти жакшы эле тейлеп жаткан. Анан эми бийлик анын кызыкчылыгына тийишкенде гана эми акыйкат издеп калганына түшүнгөн жокмун. Беш жылдан бери бул басылма бийликти колдоп эле келаткан. Соңку кайрылуусунда айтылган жагдайлар чынында эле туура жазылган. Коомчулукта “президентибиз жакшы, анын чөйрөсүндөгүлөр жаман” деген пикир үстөмдүк кылып жатпайбы. Бирок ошолорду ал жакка ким алып барды? Президентибиз аппак болуп туруп эле анан хан сарайга киргенден кийин эле ажыдаарга айланып кетип жатпайбы. Мисалы, убагында ыңкылапчыл күчтөр убагында ал киши менен бирге бийликке каршы күрөшүп жүргөнбүз. Ал киши өзү бийликке кеткенден кийин эле биз четте калдык. Айланасын жалаң кошоматчылар, күнкарамалар жана Кудайдан жөө качкандар ээлеп алышты. Мына ошолордун кесепетинен бийлик азыркыдай абалга кептелди.

Ошол эле кезде 23-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Александр Рябушкиндин “Вечерний Бишкек” басма үйүнө карата доо арызы карала баштады. Анда Рябушкин аталган басылмага өзүнүн 50 пайыз үлүшүнүн эсебинен 11 жылдан бери алынбай келген кирешесин өндүрүү үчүн “Вечерний Бишкектин” кожоюнуна 16 миллион доллар доо койгон болчу.

XS
SM
MD
LG