Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Апта: Текебаев теминди, Бабанов "бороон" алдында...


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирүү боюнча аракеттер кайрадан күч алды.
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирүү боюнча аракеттер кайрадан күч алды.

Өтүп бараткан аптада өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча аракеттер жаңы күч менен жиреле башталганы айкын болду.

Орусиянын эксперттери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна кескин каршылыгын билдирип чыкты. Кыргыз өкмөтү келерки жылы Кумтөр кени экономиканы алдыга сүйрөп чыгат деп үмүттөнүүдө.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси

Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирүү боюнча аракеттер кайрадан күч алды. Башкаруучу коалициянын негизин түзгөн “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары келерки жума башына жыйын белгилеп, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин гана карай турган болду.

Аларга колдоо Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынан болоору күтүлүүдө. Анткени бул партия да дүйшөмбү күнгө саясий кеңештин жыйынын чакырып, анда өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин кароону белгиледи.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков фракция саясий кеңештин чечимине жараша аракеттенет дейт:

- Саясий кеңештин жыйынтыгына жараша керек болсо фракциянын кезексиз жыйынын чакырабыз.

Чыныбай Турсунбековдун айтымында, партияда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөндөр бар. Алардын жүйөөлөрү жөндүү болсо, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси фракциянын күн тартибине коюлат.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн кызматтан кетирүү аракети быйыл парламенттин жайкы сессиясынын соңунда пайда болуп, кырктан ашуун депутаттын колу топтолгон. Бирок маселе каралбай калган эле. Мына эми ал кайрадан көтөрүлүп, үч фракция кезексиз жыйынга камданууда.

Алардын чечими менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси күн тартибине коюлушу ыктымал.

Бабанов унчукпай койбойт

Албетте Өмүрбек Бабанов да жөн жаткан жок. Ал калкка кайрылуу менен чыкты. Анда жаштардан турган топторду түзүп, алар аркылуу чиновниктердин ишин көзөмөлдөрүн билдирди. Электр энергиясына баалар жакын арада көтөрүлбөй турганын жарыялады. Өкмөт башчынын бул аракеттерин өзүн сактоо үчүн жасалган популисттик кадамдар катары баалагандар арбын.

Өкмөт башчынын “Республика” фракциясы да чогулуп, туруктуулукту сактоо чакырыгы менен чыгууну көздөөдө.

Фракциясынын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, туруктуулукту сактоону көздөгөн депутаттар парламентте жетиштүү:

- Өкмөттү төрт фракция түзгөн. Мына ошол коалициялык көпчүлүк биринчи чогулуп, жоопкерчиликти алыш керек. Туура түздүк беле? Эмне иш болбой жатат? Кайсы жагы аксап жатат? Мына ошолорду талкуулагандан кийин жалпы парламентке алып чыгып, сөз болуш керек. Бүгүнкү күнү биз коомго, элге туруктуулук алып келишибиз керек. Себеби инвестиция келмейинче биз экономиканы көтөрө албайбыз. Инвестиция келиш үчүн бизде тынчтык, мыйзамдуулук болуш керек.

Бирок да “Республика” фракциясы канчалык аракет кылганы менен күч тең эместей.

Өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча “Ата Мекендин” демилгесин “Ар-намыс” фракциясы колдого алды.

Бул күрөштө президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы чечүүчү ролду ойнойт. Мына ушул чечүүчү күчтүн өкмөт боюнча ою өзгөрүп, ошол себептен КСДП козголуп жаткандай.

Өкмөт үчүн мына ушул күрөш өлкөдөгү саясий күчтөрдүн жаңыдан топ-топко бөлүнүүсүнө, биригүүлөрүнө алып келчүдөй.

Маселен, экс-президент Роза Отунбаева өз долбоору болгон Өмүрбек Бабановду колдоп, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эдил Байсалов сыяктуу кадрларын өкмөткө жайгаштырды. Эми Эмилбек Каптагаев эле калды.

“Ата-Журттун” Акматбек Келдибеков баштаган тобу да Алмазбек Атамбаевге караганда Өмүрбек Бабановго жакын. Анткени Келдибековдун Атамбаевге жакындоо аракети оңунан чыккан жок. Анын үстүнө анын келишкис атаандашы Текебаев президенттин оң колуна айланды.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев алысты көздөгөн тандем түзгөнү байкалат. Аларга “Ар-намыс” фракциясы жана “Ата-Журттан” Камчыбек Ташиев бир катар депутаттары менен жакындашы мүмкүн.

“Ыңкылаптардын бульдозери” аталган Азимбек Бекназаровду өз тарабына тартуу үчүн президент Атамбаев да аракеттенип, жогорку кызматтарды сунуштоодо.

Мына ушул күчтөрдүн ортосунда өкмөт башчылык үчүн күрөш күч алууда. Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев сыяктуу техникалык фигураны алып келип, “эки чылбыр, бир тизгинди” биротоло колго алууну көздөөдө.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында бул өзгөчө зарыл болуп турат.

Экономика чеке жылытпайт

Өкмөттү кызматтан кетирүүнүн негизги себептеринин бири катары экономикадагы төмөн көрсөткүчтөр аталууда. Чындыгында абал жакшы эмес. Дүйнө жүзүндө дан кымбаттап жаткан жылы Кыргызстан 500 миң тонна гана буудай жыйнап отурат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 200 миң тоннага аз. Өкмөт айыл чарбасындагы мындай кейиштүү жагдайды жазгы талаа жумуштарынын начар жүргүзүлүшү менен байланыштырды. Аны өкмөт өзү жүргүзгөн.

Жалпы экономикада абал дурус эмес. Быйылкы жылдын жети айынын көрсөткүчтөрү боюнча ички дүң продукция өткөн жылга салыштырмалуу -5% төмөндөп кетти. Өнөр жайы дээрлик 30% төмөндөдү. Мунун баары Кумтөрдүн начар иштеши менен байланыштырылып келет. Бул кендин начар иштеши өлкөнүн тышкы соодасына да терс таасирин тийгизди. Анткени алтын аз экспорттолуп, соода балансында опсуз таңсыктык пайда болууда. Алты айда импорт 2 млрд. 328 млн. доллар, экспорт 745 млн. доллар болгон. Натыйжада тескери сальдо 1 млрд. 580 млн. долларды түзүүдө.

Быйылкы жылдагы начар көрсөткүчтөрдү өкмөт келерки жылы түзөөгө үмүттөнүп, 2013-жылы экономика 9.8% өсөт деп белгилеп жатат.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономика боюнча башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев өсүш кайсы булактардан болоорун мындайча негиздеди:

- Быйыл Кумтөр 12 тонна гана алтын берип жатат. Эмдиги жылы 18 тонна берет. Бул 150% өсүштү берет. Эң негизгиси ошонун эсебинен болот. Экинчиден, Иштамберди, Бозымчак, Жамгыр кендери ишке кирсе, өз салымын кошот. Андан сырткары Токмоктогу “Интергласс” ишке кирди. "Түштүк цемент" заводу дурус иштей баштайт.

Шамшиевдин айтымында, өкмөт Өнүктүрүү банкына да үмүт артууда. Анткени бул банк келерки жылы иштей баштаса, бир катар долбоорлор каржылана баштайт.

Бирок экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян азыркы кездегидей кырдаал сакталса, экономика өсүп кетет дегенге негиз жок деп эсептейт:

- Азырынча республикада жогорку деңгээлде экономикалык өсүш болот дегенге негиз жок. Эгерде быйылкы жылдагыдай кырдаал сакталып кала турган болсо, анда 9.8% болот деген план негизсиз. Эгерде жыл соңунда инвестиция жараянында жылыштар башталып кетсе, анда өсүштөр болушу күтүлөт. Өткөн жылы да Кумтөргө чоң үмүт артышкан. Бирок эмне болгону азыр баарына белгиүү. Ошондуктан келерки жылы Кумтөр алдыга сүйрөп чыгат деп бир жактуу айтыш кыйын. Анткени Кумтөр менчик ишкана. Ал дүйнөлүк базардагы кырдаалга, технологиялык мүмкүнчүлүгүнө жараша иштейт.

Экономика илимдеринин дагы бир доктору Жумакадыр Акенеев экономиканын өсүшү үчүн потенциал көп деп эсептейт. Ал эми азыркы өкмөттүн ишиндеги кемчилик катары анын практикалык иштерге киришпегенин атады:

- Өкмөттүн ишинде 100 күндүк программа, 3 жылдык программа дегендей аракеттер болду. Ал кагаз жүзүндө болду. Иш жүзүндө болсо эч кандай өзгөрүш жок. Ошон үчүн өкмөт кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өзүн көрсөтүш кере эле.

Кыргызстан экономикасында инвестициянын аздыгы жана бюджеттик тартыштык эң оор маселелерден бойдон кала берүүдө. Келерки жылдын бюджети да 20 млрд. сомдук тартыштык менен түзүлүүдө.

Каржы министри Акылбек Жапаров социалдык чыгымдардын өтө көптүгүнөн ушундай абал түзүлгөнүн тынымсыз белгилеп, аларды кыскартуу боюнча айрым чараларды сунуштап жатат. Алардын бири - иштеген пенсионерлердин пенсиясын кесүү. Бирок ал коомчулук тараптан кескин каршылыкты жаратууда.

Өкмөт медицина жана билим берүү тармагын каржылоону кыскартуунун ыңгайын таппай убара. Анткени этият мамиле болбосо, бул багыттагы кадамдар да айыгышкан каршылыкты жаратпай койбойт. Бирок социалдык чыгымдарды кыскартпоо мамлекеттин келечегине коркунуч туудурганы көпчүлүккө маалым эмес.

Стратегиялык өнөктөштөр каршы

Кыргызстан Кытай насыялары менен бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруунун алдында турат. Ал Датка-Кемин электр зымын тартуу, Кара-Балта мунай иштетүү заводун куруу сыяктуу долбоорлор. Алардан сырткары Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу турат. Бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн Дүйнөлүк банк дээрлик 1 млн. доллар бөлдү. Кытай жетекчилиги да жолдун курулушун жактаган.

Кыргызстан бул жол менен өлкөнүн түндүк-түштүгүн бекем байланыштырып, регионалдык ажырымды жоюуну көздөөдө. Андан сырткары жолдун экономикалык эффектиси да Кыргызстанга болбой койбойт.

Бирок бул ири долбоор Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болгон Орусия менен Казакстандын экономикалык кызыкчылыктарына каршы келүүдө. Ошондуктан бул өлкөлөрдүн эксперттери кыймылга келип, темир жолдун курулушу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч катары баалап жиберишти.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Ормонов андай коркунучка эч кандай негиз жок дейт:

- Казакстан менен Кытайдын темир жол байланышы бар. Орусиянын да байланышы бар. Анда эмне үчүн Кыргызстан менен байланыш болсо эле ЖККУга коркунуч туулуп калыш керек? Бул жерде бир маселе бар: биз эч убакта кен байлыктарыбызды жолдун курулушуна алмаштырбашыбыз керек.

Кыргызстандык эксперттер бул жерде Кытайдан батышка карай агыла турган жүктү ташуу үчүн күрөш жүрүп жатат деп эсептейт.

Экономист Азамат Акелеев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу менен Кыргызстан Казакстан жана Орусиядан коммуникация боюнча көз карандысыздыкка жетип, темир жол аркылуу Түркия, Иран, андан ары Батышка жол табат дейт.
Өткөн жылы да Кумтөргө чоң үмүт артышкан. Бирок эмне болгону азыр баарына белгиүү. Ошондуктан келерки жылы Кумтөр алдыга сүйрөп чыгат деп бир жактуу айтыш кыйын.

Орус жана казак өкмөттөрү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна каршылыгын расмий түрдө билдире элек. Москванын бул долбоор боюнча позициясы иштелип чыга электигин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да тастыктады. Бирок бул өлкөлөр эксперттеринин деңгээлинде айыгышкан каршылыгын билдирип, кара пиардын күчү менен кыргыз коомчулугун темир жолго каршы тургузууга даярдыгын көрсөттү.

Мындай шартта Кыргызстан өз кызыкчылыгынын негизинде иш алып барыш керек дейт “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Акуналы Досалиев:

- Орусия эмне дейт экен, Казакстан эмне дейт экен деп отура берсек, биздин мамлекеттин кызыкчылыгын эч ким ойлобойт. Ошондуктан кандай болсо да бул темир жол бизге абдан пайда алып келет.

Ошентип Кыргызстанды темир жол туңгуюгунан алып чыга турган долбоор кошуна мамлекеттерде сүйүнүч жаратып жибербегени байкалып турат. Бирок ал Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу экенин жергиликтүү адистер баса белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG