Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Апта: Өктөбүрдүн келген кези


Депутаттардын камалышы боюнча Кыргызстанда карама-каршы пикирлер көбөйдү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык белдүү партиялар аттанды. Тогуз айда кыргыз экономикасы эмнеге жетишти?

3-октябрда Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана ал күндөгү митингге катышкан Садыр Жапаров, Кубатбек Кожоналиев жана Салмоорбек Дыйканбаевдин өтө оор беренелер боюнча айыпталып, камакка алынышы коомдо ар түркүн пикирлерди жаратты жана бул окуялар мыйзамдуулуктун үстөмдүгүбү, же саясий куугунтукпу деген талкууга жем берди.

Коомчулукта Ташиев катачылык кетирди, бирок алар мынчалык катаал беренелер менен айыпталганы туура эмес деген ойлор да айтылууда. Белгилүү болгондой, Камчыбек Ташиев жана калган депутаттарга Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыруу) жана 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) боюнча айыптар коюлган.

Юристтердин айтымында, чындыгында Ташиевдин аракети 297-беренеге туура келет. 295-берене болсо депутаттарды камакка алуу үчүн гана коюлганы байкалат.

Ал эми Кубатбек Кожоналиев, Садыр Жапаров жана башкалардын камалуусу саясий куугунтук катары кабылданууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков:

- Үч депутатка күнөө, менимче, туура эмес коюлду. Албетте алардын кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Бирок аларга "мамлекеттик бийликти басып алууга мыйзамсыз аракет жасады" деген берене боюнча айып коюуну туура эмес деп эсептейм.

"Ата Журт" партиясынын Оштогу тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш
"Ата Журт" партиясынын Оштогу тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш
Мына ушундай эле пикирлерин юристтер Азимбек Бекназаров, Мукар Чолпонбаев айтышты.

Бийлик тарап бул маселени сот чечиш керек деген пикирди карманат. Маселен, президенттин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиев:

- Бул депутаттардын камалышы боюнча маалыматыңыздар бар. Бул боюнча жалаң сот чечим кабыл алып жатат. Бул жерге бийликтин үч бутагы кийлигишкен жок. Ошон үчүн сот чечимин чыдамкайлык менен күтүп туралы. Булардын тагдырларын башкалардан өзгөчө бөлүп карабайлы.

Биринчи май райондук соту депутаттарга жана саясатчыларга коюлган айыптарды туура деп эсептеп, аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Камалган депутаттардын аргасы кеткен санаалаштары жана жакындары ачкачылык акциясын баштап, акыркы кадамдарга бара башташты. Маселен, Камчыбек Ташиевдин ондогон тарапкерлери ачкачылык жарыялап, жүздөгөндөрү митингге чыгууда. Ал эми Кубатбек Кожоналиевдин жакындары аны бошотуу талабын коюшуп, эгерде генерал бошотулбаса, чечкиндүү кадамдарга баруу даярдыгын билдиришти.

Айрым серепчилердин баамында, 3-октябрдагы митинг жана андан кийинки камакка алуулар Кыргызстанда бийлик менен келишкис оппозициянын пайда болушуна өбөлгө түзүшү мүмкүн. Муну менен Алмазбек Атамбаевдин “мындан ары Кыргызстандагы маселелер сүйлөшүү аркылуу чечилет” деген сөзү максатына жетпей, өлкө кайрадан тирешүү жолуна багыт алып бараткан жокпу деген тынчсыздануулар айтыла баштады.

Дагы бир таймаш башталды

Мына ушундай саясий жагдайда мамлекет 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өткөрүүгө камданууда. Шайлоо 25 шаардык жана 416 айыл кеңештерге болот. Алардын ичинен өтө курч таймаш өзгөчө Бишкек жана башка бир катар маанилүү шаарларда жүрөрү күтүлөт.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанованын айтымында, азыркы мезгилге карай 16 партия өз өкүлдөрүн БШКда каттоодон өткөрүп, шайлоого катышуу ниетин билдирди:

- Ушул 16 партия өкүлдөрүн каттаптыр. Анан канча партия шайлоого катышары азырынча белгисиз.

Бишкек шаардык кеңешине 45 депутат шайланат. Борбордун кеңешинин жаңы депутаттары келиши менен мэр кызматтан кетпейт. Анткени азыркы мэр Иса Өмүркулов 5 жылга шайланган. Анын иштегенине беш жыл боло элек. Бирок шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрө алат. Шайлоодо жеңишке жетишкен партия мэрликке өзүнүн кишисин ушул жол аркылуу алып келе алат.

Саясат таануучулар Бишкек шаардык кеңеши үчүн негизги күрөш КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын ортосунда жүрөөрүн белгилешүүдө. Ал эми парламенттеги бешинчи партия - “Ата Журт” лидерлеринин камакта болушуна байланыштуу бул жолку шайлоого активдүү катыша албай калышы мүмкүн. Бул эми шайлоо өнөктүгүн уюштуруу, каржылоо маселелерине байланыштуу.

КСДП партиясы шайлоодо административдик ресурс жана кеңири финансылык мүмкүнчүлүккө таянса, “Ар-намыс” Өмүрбек Суваналиевдин атына таяна турган болууда. “Республика” партиясынын финансылык мүмкүнчүлүгү баарына белгилүү. Булардын ичинен “Ата Мекен” партиясынын маселеси татаал. Анткени морадерчулукка байланыштуу айыпталып жаткан партиянын айрым мүчөлөрүнүн кедергиси жалпы партияга тийип калаары талашсыз. Анын үстүнө тергөө иштеринин азыркы этабы көрсөтүп тургандай жакын арада Райкан Төлөгөнов жана башкаларга талап-тоноочулук боюнча айып коюп калынышы да мүмкүн.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда мурункудай эле административдик ресурсту пайдалануу, көз боёмочулуктар болоору айтылууда. Аларды башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да четке каккан жок.

Андан сырткары эң талылуу маселе катары шайлоочулардын тизмеси кала берүүдө. Белгилүү болгондой, президенттик шайлоо учурунда шайлоочулардын тизмеси боюнча эң көп кине коюлган. Анын айынан миңдеген шайлоочулар добушун бере албай калган.

Тогуз айда төмөндөө токтогон жок

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча кыргыз экономикасы төмөндөөсүн токтоткон жок. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, быйылкы жылдын тогуз айында өлкөнүн ички дүң продукциясы 4.6% төмөндөдү. Бул Кумтөрдүн начар иштешине байланыштуу экени белгилүү. Кумтөрдү кошпогондо ИДП 3.8% өскөн. Бирок бул көңүл жубатарлык сан эмес экенин экономисттер белгилеп жатышат.

Төртүнчү кварталда Кумтөр кени толук кандуу ишке кирди. Ал жыл соңуна чейин 12 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүүнү көздөп жатат. Муну геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров белгиледи:

- Булар эми көтөрүп, 12 тоннага жеткиребиз деп жатышат. Ага жетпесе да бир топ эле болот. Кумтөрдү текшерген комиссия деле ишин бүтүп калды. Анын үстүнө жалпысынан аларды колдоо боюнча сөздөр болуп жатат. Ошон үчүн Кумтөр мындан ары жакшы режимде иштейт болуш керек.

Кумтөрдүн толук кандуу ишке кирүүсү менен экономикалык көрсөткүчтөр да оңолуп, жылды өлкө 2 пайыздын тегерегиндеги өсүш менен аяктарын бийлик өкүлдөрү белгилешүүдө.

Быйылкы жылдагы мына ушундай жупуну экономикалык көрсөткүчтөргө карабай өкмөт келерки жылы өсүш дээрлик 10% өсөт деп болжоп жаткан. Тагыраак айтканда, Өмүрбек Бабановдун өкмөтү даярдаган бюджет долбоорунда 2013-жылы ИДП 9.8% өсөт деп белгиленген. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 85 млрд. сом, чыгашасы 102 млрд. сом, тартыштык 17 млрд сом деп жазылган.

Бирок бюджет тартыштыгына каршы күрөштү алдыга койгон Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү ага кандай өзгөртүүлөрдү киргизери 18-октябрда айкын болот. Анткени ошол күнү өкмөт бюджетти карай турган болууда.

Деген менен азыркы өкмөттү келерки жылдын бюджети эмес, быйылкы жылдын бюджетинин көйгөйлөрү көбүрөөк түйшүккө салууда. Анткени ошол эле Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүнө караганда, мына ушул акыркы айларда бюджеттин 44% чыгаша, кирешеси жабылууга тийиш. Бул жеңил эмес. Анын үстүнө Дүйнөлүк банктан 30 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 20 млн. доллар насыя келбей турган болууда. Андан сырткары Түркиядан 100 млн. доллар насыя, 6 млн. доллар гранттын тагдыры чечилбей турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG