Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Апта: Араздаштырган чек ара, атаандаштырган саясат...


Кыргыз-өзбек чек арасында турган кыргыз жоокери.
Кыргыз-өзбек чек арасында турган кыргыз жоокери.

Узап бараткан жумада кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалган абал сүйлөшүү аркылуу чечилди. Бийлик менен оппозиция тирешүүсү камакка алуулар менен коштолду.

Улуттук банк ички базардан доллар сатып алууну улантууда.

Дүйнөнүн үшүн алган теракттар...

22-мартта кыргыз оппозициясы Кербенде митинг өткөргөн күнү дүйнөнү Бельгия борбору Брюсселде жасалган теракт дүрбөлөңгө салды. Терактты жанкечти ага-инилер Халид жана Брахим Бакрауи жасаганы аныкталды. "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топ алардын артында турганын жарыялады. Теракт учурунда 31 адам өлүп, 270тен көп киши жарадар болгону кабарланды.

Европа жана Түркиядагы бир катар теракттардын артында турганын билдирген "Ислам мамлекети" террордук тобу Ирак жана Сирия аймактарында жайгашып, аларга каршы эл аралык коомчулук күрөш жүргүзүп келатканы маалым.

Брюселдеги теракттын курмандыктарын эскерүү. 24-март, 2016-жыл
Брюселдеги теракттын курмандыктарын эскерүү. 24-март, 2016-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 22-мартта Москвага келип, ал жерде бир нече күн бою ошол эле Сирия жана Украина боюнча орус жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Эки ири мамлекеттин макулдашып аракеттенүүсү "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмду талкалоого алып келет деген ишенич бар. Сириянын өкмөттүк аскерлери да 22-23-мартта байыркы эстеликтерге бай Пальмира шаарына кирип, аны террордук уюмдун колунан бошото баштаганы кабарланды.

Дүйнөлүк саясатта Украина, Савченко

Ал эми КМШ айдыңында 22-мартта украиналык учкуч Надежда Савченкону орус соту 22 жылга кесилди. Аны эркиндикке чыгаруу талаптарын дүйнөлүк дипломаттар жана украин жетекчилиги коюп жатат.

Украин президенти Петро Порошенко Савченкого чыккан өкүм толук күчүнө киргенден кийин аны Украинада туткунга алынган орус аскерлерине алмаштыруу аракетин баштарын билдирди. Ага орус бийлиги макул болобу, азырынча бир жактуу маалымат чыга элек. Орус президентинин администрациясы башчысы Сергей Иванов Савченкону алмаштыруу орус мыйзамдарына ылайык гана болуш мүмкүндүгүн, бирок ал маселени президент Владимир Путин чечерин билдирди.

Ташкендин тамашасы...

Башта айтылгандай, Кыргызстан да узап бараткан жумада чуулгандуу мезгилди башынан өткөргөндөй болду. Ал оппозициянын бийликке каршы митинг, курултайларды белгилөөсү менен башталып, 18-мартта Өзбекстандын Жалал-Абал облусунда чек аранын тактала эле участогуна аскерлерди киргизүүсү менен курчуп кетти.

Кыргызстандын аскер күчтөрү
Кыргызстандын аскер күчтөрү

Расмий Ташкен такталбаган чек ара бөлүгүнө аскердик техника жана аскерлерди киргизип, Аксы-Ала-Бука жолундагы кыргыз жарандарынын документтерин текшере баштаган. Кыргыз бийлиги ага тете аскердик чара менен жооп берди.

Бишкек аны менен кошо дипломатиялык аракеттерди жасап, Ташкенге эки ирет нота жолдоду. Ташкендин аракетин досчул эмес, бастырып кирүү катары баалаган Бишкек Ташкенде боло турган ШКУнун саммитине катышпасын, элчисин чакыртып алуу ниетинде турганын билдирди.

Андан сырткары Кыргызстан ЖККУ жана ЕККУ уюмдарына кайрылып, түзүлүп жаткан кырдаалды маалымдады.

Кырдаал чынында эле курч болуп, эки тараптын аскердик кагылышуу мүмкүндүгүн пайда кылды.

Чек арадагы чыңалган абал бир жумадан ашык сакталды. 25-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы чек арачылары баштаган топтор Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде жолугушуп, түн бир оокумга чейин сүйлөшүштү. Натыйжада тараптар мунасага келип, Өзбекстан 26-мартта түшкө чейин бардык аскерий техникасы менен жоокерлерин Аксы районундагы Чаласарт талаш участогунан чыгарып кеткен.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров 26-мартта Өзбекстан тарап Кыргызстанга эч кандай талап койбогонун билдирүүдө:

Курбанбай Искандаров
Курбанбай Искандаров

- Өзбекстан ал жерге аскерлерин киргизгенин Нооруз майрамына карата коопсуздук чаралары менен гана түшүндүрдү. Майрам бүтүп, эми алып салууга макул болушту. Чек ара маселеси конструктивдүү чечилди. Өзбекстан башка эч кандай талап койгон жок. Кыргызстан да аларга эч нерсе убада кылбады, эч кандай милдеттенме албадык. Учурда талаш аймакта Өзбекстан блокпостторун алып, аскерлерин алып кетти. Биздин жарандар кадимкидей эле каттап жатышат. Негизи жол биздин аймакта турат, жол такталгандан кийин гана кимге тиешелүү экени аныкталат.

Ташкендин чек арадагы жосуну Кыргызстанда оппозициянын активдешүү мезгили менен туш келгендиктен, ал ар кандай ойлорго жем таштады. Маселен, Ташкен кыргыз оппозициясын көкүтүп, расмий бийликти алсыратуу менен чек арада өз өз максатына жетүүнү көздөп жатпайбы деген суроолор пайда болду. Бирок кийинчерээк кыргыз расмийлери тараткан маалыматтар, бул жерде андан бир топ татаал жана чиеленишкен нерсе бар экенин көрөттү. Маселе Өзбекстан көзөмөлүнөн чыгаргысы келбеген Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычында, Үңкүр-Тоо жана башка такталбаган чек ара тилкелеринде экени маалым болду.

22-мартта Кербенде митинг өткөргөн “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров кыргыз бийлиги Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп берүүгө кам көрүүдө деп айыптаган.

- Сариев кечээ күнү ошол жерге барып туруп айтты, мен элдин көзүнчө айта албаймын, жашыруун нерселер бар деп кетти эле. Элдик курултай бүткөндөн кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарына айтыптыр, Аксы районундагы Үңкүр-Тоосунун чокусундагы Өзбекстанга таандык жердеги биздин телекоммуникациялык жабдууларды көчүрүү үчүн жер бөлүп бергиле дептир. Башкача айтканда, биздин жерди Өзбекстанга өткөрүп бергиле деген сөз. Шаардык кеңештин депутаттары чечим кабыл албай чыгып кетишти. Ал өкмөттүн токтомунун номерин айтып коёюн: 2015-жылдын 15-ноябрында кабыл алган № 117-18.

Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев
Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев

Белгилеп кете турган нерсе, мына ушул чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 24-мартка Ошко белгиленген курултай токтотулганын Бекназаров маалымдаган.

Бийлик өкүлдөрү Үңкүр-Тоо Өзбекстанга берилет деген маалыматты төгүнгө чыгарышты. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров 23-мартта маалымат жыйынында Үңкүр-Тоону берүү жөнүндө эч кандай документ жок деп билдирди:

- Үңкүр-Тоо эч качан өтпөйт. Биз берген жокпуз аны. Бул туура эмес маалымат. Мен айтпадымбы, ал жерде делимитация иши жүргүзүлө элек. Мындай 58 участок бар. Токтом жөнүндө айтып жатышат. Андай токтом жок. Мен аны так айтам. Ал жерде жер берүү эмес, бөлүү жөнүндө сөз болуп жатат. Биз өзүбүзгө-өзүбүз жер бөлүп кошумча чара көрүп жатабыз.

Кыргыз бийлигинин бул кам көрүүсү Үңкүр-Тоого Өзбекстан 2013-жылдагыдай аскер киргизип, ал жерди көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнөн чочулоосун кабарлайт. Ошондуктан өкмөт ал жердеги телекоммуникациялык объекттерди, жабдууларды башка жерге которууну көздөп жатат. Бирок бул аракеттер Үңкүр-Тоого Өзбекстандын ээлигин алдын ала таануу катары да кабылдануусу менен кыргыз коомчулугунун, Кербен шаардык депутаттарынын каршылыгын жаратты.

Узундугу 1380 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасында Үңкүр-Тоо сымал талаштуу 58 участок бар экени маалым. Аларды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр дурус майнап бербей келатат.

Оппозициянын омбу-домбу жүрүштөрү...

Кыргыз-өзбек чек ара жаңжалы чыкканга чейин эле оппозиция бийликтин бир катар катачылыктарын, финансы-экономикалык кризистин капшабын пайдаланып, жазгы саясий күрөшкө кам көрө баштаган.

Оппозициянын Кербендеги митинги
Оппозициянын Кербендеги митинги

Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев Оппозициялык күчтөрдүн биримдигин түзгөн. Алар өздөрүнүн позициясын, күрөш-программаларын даярдап жаткан мезгилде Азимбек Бекназаров “Эл үнү” кыймылын жандантып, 24-мартка Ошко курултай жарыялап жиберген. Ага удаалаш, тагыраак айтканда атаандаша Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров башында турган Улуттук оппозициялык кыймыл 14-мартка жер-жерлерге митинг өткөрүп, демилгени колго алууга аракеттенген. Жалал-Абаддагы митингде Бектур Асанов президент Алмазбек Атамбаевди кызматтан кетүүсүн да талап кылды.

Системага салынбаган оппозициянын мына ушул үч тобу өз ара атаандаша жана демилге талаша күрөшкө киришти. Атаандаштык жана демилге талашуу башталып келаткан биригүүнү токтотту. Маселен, Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги курултай биздин иш-чара эмес деп, четке чыга беришти. Ал эми Бекназаров, УОКтун лидерлери жана башка саясатчылар 24-марттагы курултайга кам көрүп, жыйындарды өткөргөн. Мына ошол жыйындардын бириндеги талкууну атайын кызматтар жашыруун түрдө жаздырып алып, интернет аркылуу таратып жиберди. Бул оппозицияны жаманатты кылууга, маалыматтык согушта бийликтин үстөмдүгүнө алып келди.

Мына ошондой жашыруун жазылган аудио тасманын негизинде оппозициянын айрым лидерлери Асанов жана Кадыров 24-мартта камакка алынды. Бектур Асанов ал аудио үн монтаждалганын билдирип, аны каралоо катары баалады.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова Асанов жана Кадыровду кармоодо мыйзам жана Конституциянын талаптары бузулганын айтат:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

- Эки жигит кармалды. Бирок аларды кармоого мыйзамсыз алынган далил жана базалар негиз болуп берди. Ошол эле аудиодогу үндөр Бектур Асанов жана Кубаныч Кадыровго таандык экенин далилдебей, анын монтаж же андай эмес экенин аныктабай туруп эле массалык маалымат каражаттарына жарыялап коюу менен коомдук пикир жаратуу эл аралык мыйзамдарга, стандарттарга туура келбейт.

Азиза Абдирасулова мындай шартта Асанов жана Кадыровдун соттук териштирүүсү адилет болоруна да күмөн санайт. Ал күмөнүн соттун аткаруу бийлигинен көз карандылыгы менен негиздейт.

Саясат таануучу Марс Сариев Кадыров жана Асановду камакка алууда аша чапкандык бар дейт:

- Бектур Асанов жана Кадыров боюнча “жашыруун тыңшоонун” маалыматы менен камакка алууну аша чапкандай көрүп жатам. Анын үстүнө азыр кырдаал деле курчуп кеткен жок. Юридикалык жагынан камакка алууга негиз бардыгын териштирип көрүш керек. Бийлик Өзбекстан менен болгон окуяга байланыштуу да упай топтогонго аракет кылып жатат деп ойлоймун. Менин оюмча, аларды жакында чыгарат. Кыргыздын саясаты ушундай да өзү.

Бектур Асанов (оңдо) менен Кубанычбек Кадыров
Бектур Асанов (оңдо) менен Кубанычбек Кадыров

Марс Сариевдин пикиринде, республикада кырдаал турукташты. Ага Өзбекстан менен кырдаал себепкер болду. Анын үстүнө оппозиция да алдуу-күчтүү эмес. Мындай шартта Кадыров жана Асанов чыгарылат.

Чехтер энергетикада "чеп" курабы?

Узап бараткан жумада Кыргызстандын экономикалык турмушунда карама-каршылыктуу маалыматтар келди. Бир жагынан чехиялык инвесторлор Кыргызстанга 190 млн. доллар инвестиция салып, 15 чакан ГЭС куруу ниетин билдирип чыкты. Экинчи жагынан “Центерра Голд” Кумтөрдү консервациялоо же жаба туруу чечимине келгени кабарланды.

Кумтөр жетекчилиги тоо кен иштерин жүргүзүүнүн жылдык планы бекитүү кечеңдеген убакта кенди жабууга аргасыз болорун билдирип, бийликти коркута баштайт. Бул ирет да ошондой болуп, Кумтөр жетекчилигинин мына ушул билдирүүсүнөн көп өтпөй өкмөт тоо-кен иштери жүргүзүүгө уруксат берген планды бекитип берген Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Ал эми республиканын валюта базарында доллардын арзандоо тенденциясы уланып, бир доллардын акча алмаштыруу жайларында баасы 70 сом болду. Улуттук банк валюта базарынан доллар сатып алууну улантып, март айынын ичинде 53 млн. доллар сатып алды. Улуттук банктын курсу боюнча бир доллардын баасы 26-мартка 70 сом 83 тыйын деп белгилеген.

Америка долларынын курсунун Кыргызстанда төмөндөөсү казак теңгеси жана орус рублинин долларга карай бекемделүү тенденциясын коштоп баратат. Акыркы кезде рубль долларга карай бекемделип, бир доллардын баасы 68 рублдин тегерегинде болуп жатат. Рубль жана теңгенин бекемделүүсү мунайга баанын көтөрүлүшү менен жүрүп жатканын эксперттер белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG