Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Узап бараткан аптада айрым саясатчылар президенттик шайлоого талапкер катары катышарын расмий жарыялашты. Электр энергиясына тариф маселеси митингдерде кайрадан көтөрүлдү. Кошмо Штаттарда сот президенттин жарлыгын токтотту.

Энергетика: "Өйдө тартсаң өгүз өлөт..."

6-февралда Нарында жүзгө чукул адам облустук акимчиликтин алдына чыгып, электр энергиясына тарифти кайра карап чыгууну талап кылды. Тоолуу аймактын тургундары арзан баада берилчү электр энергиясынын лимитин 700 киловатт сааттан 2 миң киловатт саатка көбөйтүүнү өтүнүшүүдө. 8-февралда Токтогул районунун жүздөн ашуун тургуну ошондой эле талап менен митингге чыкты.

Электр энергиясына тарифтерди кайра кароо талабы менен калктын чыгышын Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов кайсы бир саясий күчтөрдүн буйрутмасы, оюну катары мүнөздөдү.

Өлкөдө саясий күрөш күчөп турганын эске алганда Кайыповдун сөзү жүйөлүү десе болот. Бирок айлык акысы 5-6 миң сом, пенсиясы андан да аз калк үчүн кыш мезгилинде электр энергиясы үчүн беш миң сомго чейин төлөм кагаздары келиши канчалык оор экени айтпаса да түшүнүктүү. Экинчи жагынан тарифти төмөндөтүү финансылык тартыштыктын айынан жабыркап жаткан энергетика тармагынын келечегине балта чабуу экени да белгилүү.

Энергетика боюнча эксперт Райымбек Мамыров азыркы тарифтер өзүн актабай жатканын айтат:

- 77 тыйын тариф эч чыгымды жаппайт. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын өздүк наркы андан кымбат турат. Кыргызстанда электр энергиясына тариф эң арзан экенин баарыбыз эле билебиз. Азыр насыяларды алып жатат. Менин эле эсебим боюнча, сатылган ар бир киловатт саат электр энергиясынын 20-25 тыйын мына ошол насыяны төлөөгө кетип жатат.

Ошондуктан бул жерде “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” деген классикалык кырдаал түзүлүп турат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2014-жылы энергетика тармагынын кирешеси 12 млрд сом, чыгашасы 19 млрд сом болуп, тартыштык 7 млрд сомду түзгөн. Башкача айтканда, республиканын энергетика тармагында финансылык тартыштык өнөкөт көрүнүшкө айланган. Азыркы тарифтер менен тармак өзүн актабай, оңдоп-түзөө иштери, жабдууларды алмаштыруу үчүн каражат жетишсиз экени айтылып келет. Анын натыйжасында ГЭСтерде авариялар тез-тез орун алып, бөлүштүргүч компаниялар сапаттуу электр энергиясын бере албай, жарык өчүп калууда.

Кезинде өлкөнүн башкы энергетиги болгон Бакирдин Сартказиев азыркы тариф саясаты менен мына ошондой авариялар уланат дейт:

- Азыр оппозиция кыйкырса эле тарифтерди көтөрбөйбүз деп өкмөт кетенчиктеп жатат. Муну болсо кайсы бир жерде реконструкциялык объектке акча бөлүнбөй калды деп түшүнүш керек. Азыркы светтин баасынан түшкөн каражат учурдагы эксплуатациялык чыгымдарды эле жаап, андан ашпайт. Убакыт-сааты келгенде Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтериндегидей аварияларга туш болобуз.

Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстандагы электр энергиясынын өздүк наркын эл аралык уюмдар иликтеп, бир киловатт электр энергиясы эки сом болгондо тармак өзүн актай баштарын эсептеп чыккан. Бирок андан бери сом олуттуу девальвацияга учурады. Ал эми энерготармактын проблемасы көбөйүүдө.

Президент болом дегендердин катары калыңдады

Кыргызстанда быйыл күзүндө президенттик шайлоо болот. Шайлоого талапкер катары катышууну көздөгөн саясатчылар даярдыгын көрүп, алды расмий түрдө жарыялай баштады. Биринчилерден болуп “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев партиясынын жыйынын чакырып, анда президенттик шайлоого талапкер катары жарышка чыгарын жарыялады.

Андан кийин 10-февралда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев партиялаштарынын алдында президенттик шайлоого талапкер катары катышарын билдирди:

- Урматтуу партиялаштар, эгерде биз четте карап турсак анда тарых бизди эч качан кечирбейт. Кыргыз элинин уулу катары, кыргыз мамлекетинин жараны катары, азыркы муундун өкүлү катары мен Төрөбаев Бакыт Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоого катышам.

Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” партиясы регионалдык партиядан республикалык деңгээлдеги партияга өсүп жеткенин, 22 шаардык кеңеште партиянын фракциялары бар экенин белгиледи.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясына караганда бир топ тажрыйбалуу саналган “Республика-Ата Журт” партиясы да өз лидери Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоого аттандырууну чечти. Партия төрагасынын орун басары Руслан Казакбаев ал тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Административдик ресурсу, каражаты жетиштүү бийлик партиясы - КСДП өз талапкерин аныктай элек. Кыязы бул партия ылайыктуу талапкерин тандап, бир адамга токтоло элек. Партиянын таанымал өкүлдөрү Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков, Иса Өмүркулов кароодон өтүп жаткандай. Албетте, акыркы сөздү партиянын лидери, президент Алмазбек Атамбаев айтары да турган иш.

“Ата Журт” партиясынын базасында биригүүнү чечкен Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев да президенттик дымагын билдирген. Бирок бул үчилтик кимиси шайлоого барарын аныктай элек.

"Ак шумкар" Сариевди шайлоого аттандырды

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев президенттик кызмат үчүн ат салышмай болду.

Албетте, булардан сырткары азыркы кезде бийликтин негизги оппоненти болуп жаткан Өмүрбек Текебаев башында турган саясатчылар тобу бар. Өлкөдө кырдаал курчуган шартта бул саясий күч демилгени колго алып кетүүгө даяр турат. Ал эми шайлоодо мүмкүнчүлүгү жетиштүү деп айтуу кыйын. Анткени добуштарды сатып алууга, кымбат баалуу шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени маалым. Аны өткөн жылдын соңунда өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо да көрсөттү.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун буга чейинки шайлоолордон өзгөчөлүгү бар. Эгерде буга чейинки шайлоолордо жеңүүчү алдын ала белгилүү болсо, бул ирет андай эмес. Маселен, Аскар Акаев, ыңкылап лидерлери Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоолордо жеңишке жетишери көпчүлүккө белгилүү болуп турган. Бул ирет болсо айкын жана даана фаворит жок. Таанымал талапкерлердин мүмкүнчүлүгү салыштырмалуу тең келет.

Акча жана уюштуруу жагынан башкалардан ат чабымдай алдыда келаткан Өмүрбек Бабанов да акыркы кездеги өзгөрүлмө чечимдери менен рейтингине зыян келтирди. Белгилүү болгондой, “Республика-Ата Журттун” лидери өкмөттүн тагдырын чечүү, парламент төрагасын кетирүү максатын жарыя салып, көп өтпөй анысынан баш тартты. Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков менен тил табышканын мындай жарыя салды:

- Фракция мүчөлөрү менен акылдашып, спикерди чакыртып алуу демилгебизден баш тартууну чечтик. Бул маселе бүгүнкү күнү актуалдуу эмес.

Сарпашев "сары улак" болобу?

Ички саясатка байланыштуу жаңы жагдайды узап бараткан жумада Башкы прокуратура жасады. Өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү орган Максим Бакиевге таандык делген Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү бир гектардан ашуун жердин алды-саттысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал жер тилкесин 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин прокуратура камакка алып, ал мамлекетке өтүшү керек болчу. Бирок Бишкектин райондор аралык соту прокуратура кызматын катыштырбай туруп, ал жерге салынган камакты алып салган. Бул тууралуу 2016-жылы 24-августта гана маалымдар болгон прокуратура Бишкек шаардык каттоо кызматына кайрылып, соттун чечими мыйзамга каршы келерин билдирген. Прокуратура аны жокко чыгарууга камданып жаткан мезгилде, Бишкек шаардык каттоо кызматы 2016-жылы 10-декабрда жер тилкесинин кожоюну алмашканын каттаган.

Тайырбек Сарпашев ал жер соттун чечимине ылайык катталганын билдирүүдө. Ал эми прокуратура Канат Исаев башында турган депутаттык комиссия Максим Бакиевдин жакындарына таандык жер сатылып кеткенин аныктап чыккандан кийин эсине келип, 2010-жылдан бери ал жердин эмне себептен мамлекетке өткөрүлбөй келгенин териштирүүгө киришти.

Бул териштирүүнүн биринчи курмандыгы катары Тайырбек Сарпашев аталып, аны кызматтан бошотууну Башкы прокуратура өкмөткө сунуштады. Ал эми жети жылдан бери ал жер камакка алынганын унутуп койгон прокуратура кызматкерлерине кандай чара көрүлөрүн Башкы прокуратура кабарлай элек.

Сот президенттин жарлыгын токтотту

Узап бараткан аптада Кошмо Штаттарда соттук териштирүүлөр жүрдү. Президент Дональд Трамп жети мусулман өлкө жарандарынын АКШга келишине 90 күнгө чектөө киргизүү жана 120 күнгө чейин качкындарды кабыл алууну токтотуу тууралуу жарлыкты 27-январда чыгарган. Ал Сиэтл федералдык сотуна берилип, сот жарлык Конституцияга каршы келет деп токтоткон. Соттун чечими чыгары менен АКШга келүүгө визасы бар Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Судан, Сомали жана Йемен жарандары Кошмо Штаттарга кире баштады.

Дональд Трампка каршы Иранда өткөн митингден бир көрүнүш
Дональд Трампка каршы Иранда өткөн митингден бир көрүнүш

Президенттин жарлыгын коргогон АКШнын Юстиция министрлиги Сан-Франциско округдук Апелляциялык сотуна кайрылган. Апелляциялык сот 7-февралда кароого киришип, 9-февралда чечимин чыгарды. Ишти караган үч судья президенттин жардыгы аткарылбашы керек деп, Сиэтл сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Президент Дональд Трамп соттор менен кайым айтышып, алар АКШ жарандарынын коопсуздугун камсыздоого жолтоо жасап жатат деп билдирди:

- “Ислам мамлекети” террордук тобу "биз Кошмо Штаттарга жана башка мамлекеттерге миграциялык жол менен киребиз" деп айтып жатат. Андайлардын келишине чара көрүүгө жол бербей жатышат.

Албетте, президент Трамп менен соттор ортосундагы бул талаш-тартышка чекитти АКШнын Жогорку Соту коет.

Бирок Сиэтл сотунун, андан кийин Апелляциялык соттун чечими Кошмо Штаттардагы бийлик бутактарынын бири-биринен көз карандысыздыгын дагы бир айгинеледи. Ал президенттин жарлыгын токтотуп, Конституциянын үстөмдүгүн орнотту. Кыргызстан же Борбор Азиядагы башка бир өлкөдө президенттин жарлыгын соттун мыйзамсыз деп табышын элестетүү татаал.

Узап бараткан апта Ооганстан үчүн өтө оор жана татаал болду. Өткөн дем алыш күндөрү калың жааган кардан көчкүлөр жүрүп, кардын оордугунан тамдардын чатырлары кулады. Кар борошосунан жолдор жабылып, табият кырсыгы жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды.

“Какаганга муштаган дегендей” жоочулар теракттарды уюштуруп, өлкөнү канга малды. Кабулдагы Жогорку Соттун имаратынын алдында жанкечтинин бомба жардыруусунан 20 киши өлүп, 50гө чукулу жарадар болду. Андан кийин жоочулар гуманитардык уюмдун алты кызматкерин атып салып, экөөн барымтага кармап кетти. Дагы бир терактта Фрах провинциясынын район акими набыт болду. Гилменд провинциясында жанкечтинин кол салуусунан болсо, кеминде 11 адам мүрт кетти.

Бириккен Улуттар Уюму 2016-жылы Ооганстандагы мына ушундай чабуул, жардыруу жана кол салуулардан каза болгон, жабыркаган тынч жарандардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 3% көбөйүп, 11,5 миң кишиге жакындаганын, алардын үчтөн бири балдар экенин кабарлады.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Тадамичи Ямамато тынч жарандар жарасында өлүмдү азайтууга чара көрүүгө чакырды. Бирок Ооганстанда кагылышууларды токтотуп, чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө арга табылбай турат.

Өткөн жылы АКШ, Кытай жана Пакистандын ооган өкмөтү менен талиптерди сүйлөшүүгө отургузуу аракети майнап берген жок. Талиптер Кошмо Штаттар баштаган коалициялык күчтөр чыгарылмайын ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирип, ага катышуудан баш тарткан. Ошого жараша өкмөткө каршы чабуулдарын күчөтүп жатат.

Өткөн жылдын соңунан баштап Орусия жоолашкан эки тарапты сүйлөшүүгө отургузууга киришти. Мына ошол аракеттин алкагында Москва бир катар жолугушууларды өткөргөнү маалым. Москва ошондой эле талиптер менен байланышты түзгөнү да кабарланган.

Бул албетте ооган өкмөтүнүн нааразылыгын жараткан. 7-февралда Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөрдү. Москванын бул аракети бузулуп бараткан Ооганстандагы абалды түзөөгө канчалык салым кошорун айтуу кыйын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG