Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

“Ата Мекен” Абдрахманов менен Жээнбековду катарынан чыгарды


“Ата Мекен” 17-мартта партиянын Бишкекте өткөн республикалык жыйынында Абдрахманов менен Жээнбековду партиядан жана фракциядан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле депутаттык мандаттарын тапшырууну талап кылышты.

Ал эми Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков депутаттык мандаттарын тапшырбай турганын, жеке позициялары жана партия лидерине карата сындары үчүн партия ушундай чечимге барганын айтышууда.

Колдоо тапкан сунуш

“Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук штабы партиянын эки депутаты Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду партиядан жана фракциядан чыгарып, мандаттарын тапшыруу сунушун колдоп берүүнү башка партиялаштарынан өтүндү.

Добуш берүү алдында Равшан Жээнбеков бул чечимди ойлонуп кабыл алууга партиялаштарын чакырды.

- Бир мүнөт ойлонуп туруп, андан кийин эгер менин партиядан чыгышым партияны күчтүү кылууга жардам берсе, анда албетте силердин мени партиядан чыгарууга акыңар бар. Бирок мен башка көз караштагы жана сын пикир айткан адамдарды кууган партиянын эч убакта келечеги болбой турганын билем.

Анткен менен сунуш колдоо таап, партиянын эки депутаты фракциядан да, партиядан да чыгарылды. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев ал чечим боюнча “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эгер партиянын баштапкы уюму, партиянын мүчөлөрүнүн жүргөн-турганы партияга залакасын тийгизет деп чечсе, анда партиядан чыгаруу мүмкүн. Партиянын Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук баштапкы уюму биздин эки депутатты партиядан чыгырган. Ал чечимди республикалык жыйында өкүлдөр бекитип берди. Ал эми партиядан чыккандан кийин фракциядан да чыгуу табигый чечим болуп калат. Ошондуктан аларды фракциядан чыгаруу боюнча да чечим кабыл алынды.

Партиянын диктатурасыбы?

Партиянын Биринчи май райондук баштапкы уюмунун билдиргенине караганда, Жээнбеков менен Абдрахмановдун билдирүүлөрү жана ММКга курган маектери партиянын ички ынтымагына доо кетирип жатат. Буга чейин эки депутат айрым маселелер боюнча партия лидери Өмүрбек Текебаев менен ойлору дал келбей турганын маалымат каражаттарында бир нече ирет билдиришкен. Ал эми эки депутаттын мандаттары боюнча Өмүрбек Текебаев буларды маалымдады:

- Мандат эркин, депутаттын мандатын эч ким алып койо албайт. Бирок жазылбаган эрежелер боюнча партиядан жана фракциядан чыккан депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырыш керек. Биз умтулуп, үйрөнөбүз деп жүргөн демократиялык өлкөлөрдө так ушундай жазылбаган мыйзамдар бар.

Фракциядан чыгарылган Өмүрбек Абдрахманов партиянын чечимин эркин ой жүгүрткөн, партия лидерине каршы сын айткан депутаттарга карата кысым катары баалады.

- Партияны демократиялуу кылалы десек болбой жүрүп, партияны жок кылганга жакындап калды. Мисалы, парламенттик шайлоодо эптеп-септеп 5 пайыз менен парламентке араң илиндик. Ошто, Токмокто жана Караколдо өткөн жергиликтүү шайлоолордо “Ата Мекен” партиясына мандат берилген жок. Бакиевдин авторитардык бийлигин жок кылганыбыз менен партиялык диктатура калып жатат.

Абдрахманов партия чечим кабыл алгандай, депутаттык мандатын тапшыруу ниети жоктугун “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Бизге мандатты Текебаев берген эмес. Биз да кыргыз элине таанымал саясатчыларбыз. Бизге мандатты кыргыз эли берген.

Депутаттык мандатын Равшан Жээнбеков да тапшырбайт. Ал да депутаттын мандаты мыйзам боюнча эркин экендигин, аны тапшыруу ниети жоктугун айтты. Азырынча бул депутаттар алдыдагы саясий жүрүштөрү туурасында ачыкташкан жок. Бирок бейрасмий маалыматтарда Абдрахманов менен Жээнбеков 2010-жылы май айында эле партия түзүп, каттоодон өткөрүп коюшкан.

"Эл депутатты эмес, партияны шайлаган"

“Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов шайлоочулар партияга добуш берген соң, депутаттар өз алдынча билдирүүлөрдөн сак болушу керек деген пикирде:

- Шайланып, Жогорку Кеңешке келип алып, “мен фракциядан чыгып кеттим", “мен партияга мүчө эмесмин”, “мен жетекчилик менен макул эмесмин”, “мен партиянын программасына макул эмесмин”, “менин өзүнчө пикирим бар” дегендерге таң калам. Жеке пикири болгону менен эл добушту анын өзүнө эмес, партияга берген да.

Байсаловдун айтымында, депутаттардын өз алдынча бул сыяктуу аракеттери жана билдирүүлөрү парламенттик демократияны өнүктүрүүгө кедергисин тийгизет.

- Эгер биз партиялык системаны түзөбүз, парламенттик башкарууга өтөбүз жана партиялык шайлоолорду кылабыз десек, анда мындай аракеттер жарабайт.

Равшан Жээнбеков өткөн жылы декабрь айында коалициялык көпчүлүк түзүлүп, анын атынан Өмүрбек Бабанов талапкерлигин өкмөт башчылыкка койгондо да өз талапкерлигин ага атаандаш катары койгон. Мындан тышкары, былтыр президенттик шайлоого да өз алдынча барарын билдирип, кийин бирок белгисиз себептерден улам катышкан эмес.

Саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев “Ата Мекен” партиясындагы бөлүнүүчүлүктү идеологиялык пикир келишпестиктен улам деп эсептейт:

- Идеологиялык деп айтып жатканымдын себеби, Равшан Жээнбеков социалист эмес, ал либерал көз караштагы киши. Мен башында эле социалисттик көз караштагы адам менен либерал көз караштагы адам кантип чогуу иштеп жүрөт деп таң калчумун. Акыры ушундай болуп бүтмөк.

Серепчилердин баамында, Кыргызстандагы партиялар кризисти башынан өткөрүүдө. Буга чейин парламенттеги “Ата-Журт” жана “Ар-намыс” фракцияларында да ич ара бөлүнүүчүлүк жана пикир келишпестиктер орун алган.

XS
SM
MD
LG