Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Бабанов радикалдуу реформаны сунуштады


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Республика Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов конституциялык реформа, Кумтөр маселеси боюнча пикирин айтты. Анда Бабанов мамлекет кардиналдуу конституциялык реформага муктаж деп билдирди.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга радикалдуу конституциялык реформа керек деп эсептейт. Анын пикиринде, азыркы бийлик системасы жоопкерсиздикти жаратты. Ошондуктан Кыргызстан өкмөттү түз президент башкарган АКШдагыдай президенттик башкарууну же Европа мамлекеттеринин үлгүсүндөгү таза парламенттик башкарууну киргизүүсү керек.

Бул сунуштар парламенттеги “Республика” фракциясы аркылуу Жогорку Кеңешке чыгарылат. Бирок мындай реформага азыркы парламент жана бийлик даяр болбогондуктан Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште даярдалып жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоорго өзүнүн сунуштарын коштоду.

Өмүрбек Бабановдун сунуштарына токтоло турган болсок, ал өкмөт башчынын жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн багытталган. Бабанов өкмөт башчы министрлерди кызматтан бошотуу укугуна ээ болушу керек дейт:

- Премьер-министр өзү өкмөт мүчөлөрүн дайындашы керек. Өзү өкмөт мүчөлөрүн кызматтан бошотуу зарыл. Ошондо премьер-министр толук жоопкерчиликти алат.

Бабанов ошондой эле премьер-министрди кызматтан бошотууну, коалициядан чыгууну татаалдаштыруу керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Сот бийлигин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинен таптакыр көз карандысыз абалга жеткирүү керек деген Өмүрбек Бабанов, азыркы кезде башкаруучу коалиция жана Президенттик аппарат сунуштап жаткан долбоордо каралгандай Жогорку Соттун жетекчилигин дайындоону парламент менен президентке берүүнү колдогон жок.

Кумтөр маселесине токтолгон Өмүрбек Бабанов өкмөт Жогорку Кеңештен алган тапшырманы аткарышы керек дейт. Парламент болсо 50-50% үлүш бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүүнү же улутташтырууну тапшырган.

Эгерде бул иштер аткарылбаса, президент Коргоо кеңешин чакырып, бардык саясий лидерлердин катышуусу менен улутташтыруу боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуусу керек дейт Бабанов.

Кумтөр маселеси чечилеби?

9-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо 50-50% үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүү мүмкүн болбой калганын билдирип чыкты. Ал азыркы шартта “Центерранын” жетекчилигин алмаштырууга аракет жасалыш керек деди:

- Азыркы убакта “Центерранын” директорлор кеңешин жана менеджментин алмаштырууга аракет кылышыбыз керек. Азыркы убакта биз “Центеррадан” кетпешибиз керек. “Центерранын” активдери жакшы. Бирок ал башка мамлекеттерде.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчынын мындай позициясы ар кандай пикирлерди жаратууда. Мына ушундай шартта Өмүрбек Бабанов айткандай мамлекет башчысы Коргоо кеңешин чакырып, маселени чече турган убак келгендей. Бирок мамлекет башчысы ага барабы же ал Жоомарт Оторбаев менен бир позицияда турабы? Бул суроого азырынча жооп жок.

Ишемби күнү Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү Жалал-Абадда курултай өткөрүүгө камданууда. Кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Кумтөр маселеси чечилбейт деди:

- Атамбаев башында турган бийлик беш жылда чечпеген, эми чечмек беле? Чече албайт. Мен так айта алам, Атамбаев турганда Кумтөр маселеси чечилбейт.

Кубанычбек Кадыров Кумтөр маселеси ишемби күнү курултайда негизги маселелердин бири экенин кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG