Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Бекназаров: Президент тууралуу тасма чагымчыл күчтүн иши


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Интернетте президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын чалгындоо кызматы менен байланышта деген тасма пайда болду. Бул Орусиянын атайын кызматтарынын колунан келген иш дегендер да бар. 2010-жылдын алдында да Кыргызстан бийлигинин дарегине карата мына ошондой маанидеги макала-маалыматтар чыккан эле. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан Орусия менен ГЭСтер боюнча келишимден бир тараптуу түрдө чыккандан кийин кыргыз бийлик башчысын жаманатты кылган тасма чыкты. Кремль кыргыз бийлигине кайрадан азуусун жанып калдыбы же башка кызыкдар күчтөр барбы?

Бекназаров: Кремль өзү түздөн-түз кызыкдар дегенден алысмын. Себеби Орусия чоң мамлекет. Биздин президенттин кемчиликтери болгон күндө да мынчалык төмөн деңгээлге түшпөйт эле. Ошондуктан Орусияга кызмат кылуу максатында кайсы бир күчтөр эки ортодогу араздашууну күчөтүү максатында жасашы мүмкүн.

Бул биздин президенттин тышкы саясаттагы туруксуздугунан, өзүнүн президенттик эле эмес, инсандык туруксуздугунан жана айрым кооптуу көрүнүштөрдөн улам чыгып жаткан болуш керек.

“Азаттык”: Сиз кайсы көрүнүш жөнүндө айтып жатасыз? Туруксуз саясат дейсиз, ГЭСтер боюнча келишимден чыгууну атап жатасызбы? Орусия курбай тургандыгы анык болгондон кийин Кыргызстан чыгып жатпайбы?

Менимче, убагында Орусия менен өтө жакындашып, Бажы биримдигине кирүүдө көп нерселер президенттин демилгеси менен таңууланган.

Бекназаров: Буга чейин кимдин демилгеси менен Камбар-Ата, “Кыргызгаз” берилген? Биздин президенттин демилгеси менен берилген. “Манас” аэропортун да беребиз деген. Мына ошондо оппозиция “Манас” аэропортунан колуңду тарт деп митинг өткөргөнбүз. Ошондо “Роснефтинин” президенти Сечин баш болуп, “элиңерде туруксуздук бар экен, албайбыз” деп баш тарткан.

Менимче, убагында Орусия менен өтө жакындашып, Бажы биримдигине кирүүдө көп нерселер президенттин демилгеси менен таңууланган. Бүгүнкү күндө Орусия менен Түркиянын ортосундагы жаңжалдан кийин, мүмкүн Түркияга жакшы көрүнүү, түрк президенти Эрдогандын алдында актануу максатында саясат жолу менен Камбар-Ата боюнча келишимди бузууга аргасыз болду деген сөздөр бар эл арасында. Мына ушуга окшогон калпыс кадамдарга байланыштуу жанагындай нерселер чыгып жаткандай.

“Азаттык”: Президент Атамбаев Үркүндү эскерүү жөнүндө жардыкка кол койгон. Ушул маселе Орусиянын атайын кызматын нааразы кылып жаткан жокпу?

Бекназаров: Үркүн маселеси боюнча бийлик тарабынан жарытылуу эч нерсе жасалган жок. Орусиянын президенти бул маселени түшүнөт. Орус президенти биздин президентке караганда тарыхты жакшы билет. Тарыхын колдойт. Өз элинин патриоту. Өз элинин патриоту болгон адам башка элдин тарыхына, патриоттук сезимине каршы болбойт. Ошондуктан Үркүндүн 100 жылдыгы боюнча биздин бийлик жүргүзүп жаткан саясат Орусияны канааттандырат жана ошолордун макулдугу менен жүрүүдө. Маселен, 200 миңден ашуун ата-бабабыз өлгөн чоң каргашалуу окуя боюнча бир мемориалдык музейди Бишкек шаарынын ортосуна орнотуп, жүз жылдан бери архивде жаткан материалдарды койсо болот эле да. Биздин президент, бийлик айтты го музей ачпайбыз, Ата-Бейитке эстелик орнотобуз деп. Ошондуктан Үркүн маселесинде Орусияны кооптондурган эч нерсе жок.

“Азаттык”: Өкмөттүн бир катар чечимдери эл ичинде нааразылыкты жараткан. Ага байланыштуу Нарында митинг болду. 10-февралда Аксы тарапта да нааразылык акциясы болору айтылган. Ушундай мезгилде сырткы күчтөр да активдешкени байкалат. Мына ушундай шарт бийлик менен оппозициянын ортосунда кызматташуу зарылдыгын пайда кылып жатпайбы?

Кыргызстандын президентинин үстүнөн чыгарылып жаткан тасмалар бизде маалымат коопсуздугун камсыздай турган кызмат, күч жок экенин көрсөтөт.

Бекназаров: Бизде Улуттук коопсуздук кызматы деген бар. Мына Сегизбаев деген иштеп жатат. Адеп оппозицияны аңдый бербей, оппозициянын артынан ушак-айың тарата бербей, мына ошол президенттин айланасында жүрүп жаткан терс көрүнүштөрдү түздөн-түз четтете турган, коргой турган кызмат. Анткени Кыргызстандын президентинин үстүнөн чыгарылып жаткан тасмалар бизде маалымат коопсуздугун камсыздай турган кызмат, күч жок экенин көрсөтөт.

Ал эми ички маселелер, ошол азыркы президент баш болуп жүргүзүп жаткан саясаттын абалы да ошондой. Ошондуктан социалдык маселелер боюнча эл көтөрүлүп жатат.

Ал эми тышкы саясаттагы туруксуздугу, айрыкча өзү ЖККУнун мүчөсү болуп туруп, Орусия менен Түркиянын ортосундагы маселеде позициясын ачык билдире албай турду. Буларда туруктуу позиция жок, алсыз экенин көргөндөн кийин ушундай аракеттер болуп жатат. Ошондуктан ички күчтөрдө да, сырткы күчтөрдө да азыркы бийликке ишеним жок. Ал эми социалдык маселелер чоң маселе.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG