Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

“БК”: Президенттик бийликке кайтыш керек


“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 18-майда Бишкекте курултайында бийликке сындар айтылды.

Курултайда “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун тез арада чыгаруу керектиги, Кыргызстан президенттик башкарууга өтүп, кендерди иштетүүгө мораторий жарыяланышы зарылдыгы айтылды.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров оболу азыркы бийликтин тышкы саясатын сынга алды. “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстан парламенттик башкаруудан кетип, өкмөт деген түшүнүк жоюлуп, анын ордуна министрлер кабинети түзүлүшү керектигин кайталады:

- Президенттик башкаруу болмоюнча Кыргызстанда азыркы башаламандык бүтпөйт. Чет өлкөлүк биздин өнөктөштөр менен да иш ийгиликтүү жүрбөйт. Анткени тышкы саясатты ким жүргүзөт, жоопкерчилик кимде болот, аны ким көзөмөлдөйт - мунун баары биздин Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстан чакан мамлекет. Эл тарабынан шайлаган президент аткаруу бийлигинин жетекчиси болушу керек. Себеби ал программасы менен чыгып жатпайбы. Экономикалык өсүшкө, же болбосо, кадр саясатына эч кандай тиешең болбосо анда программанын эмне кереги бар?

“Бүтүн Кыргызстандын” төрагасы 1993-жылдагы Баш мыйзамды негиз кылып Конституция жазуу үчүн кеңешме уюштуруш керек деп белгиледи.

Курултайга конок катары Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин эки кеңешчиси катышты. Ошондуктан Мадумаров жыйында докладдын негизги бөлүгүн орус тилинде жасады.

Мадумаров АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын бейстабилдүүлүктүн очогу деп атады. Бийликте турганда АКШнын Кыргызстандагы базасы тууралуу азыркыдай ниетин айтып чыккан эмес деген дооматтарды четке какты:

- Мен Коопсуздук кеңештин катчысы катары ошол кезде база кетиши керек деп маалымат жыйын өткөргөм. Тескерисинче сиз “ошол 2001-жылы депутат, комитет төрагасы катары базанын келишине тикеден тике каршы чыктыңыз эле, Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда да кетсин дедиңиз эле”, - деп суроо бербейсизби. Алардын баары эсиңерде жокпу?

Мадумаров Кумтөр маселеси бир жаңсыл болмоюнча кенди иштетүүгө мораторий жарыяланышы керектигин айтты:

- 17 тонна алтын алабыз деп суунун башын булгап алганыбыз бизге керекпи? Ал алтын алынбай калса, ачка калмак беле? Канча жайыт, канча суу кетип жатат. Кептин баары ушунда жатпайбы. Ошондуктан мораторий жарыялап, бардык нерсени токтотушубуз керек.

Курултайга конок катары Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков өкмөттүн экономикалык саясатын сындап кетти:

- Cессияда кыштын күнү айыл чарбасы өстү деп, кыргыздар жаңылык киргизди. Январь, февраль, мартта канча буудай чаап алдыңар, же жүз тубар койдон 170тен козу алдыңарбы деп сурадым. Анан 7,5-8 пайыз өстүк дейт. Бул бүгүнкү күндө өкмөттө экономиканы билбегендер отурат деген сөз. Мурунку жылдын кварталына гана салыштырмалуу айтса болот. Былтыркы жылы 7,5 пайыз кемиген. Быйылкы жылы бюджетте каралган 7 пайыз өсүштү бериш үчүн 14 пайыз өсүш бериш керек.

Бийликтер оппозициялык партиянын сындарын суу кечпейт деп баалап, мамкатчы, спикер жана Коопсуздук катчысы кезинде анык реформатор боло албаганын, жалаң популизмге ык койгонун эсине салып келет. Мындан тышкары "Мекен шейиттери" өңдүү уюмдар Мадумаров апрель баатырларын бандиттер деп сыпаттаганы үчүн кечирим сурасын деп талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG