Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Адахан Мадумаров үн катты


Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 28-октябрь, 2011.
Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 28-октябрь, 2011.

Оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров башкаруу системасында башаламандык болуп жатканын айтып чыкты.

Бирок мындай дооматка бүгүнкү бийлик өкүлдөрү макул эмес. Алар тескерисинче, Мадумаров өзү жогорку кызматтарда турган мезгилде мыйзамсыздыктарга, саясий куугунтуктоолорго көз жумуп келгенин жана дооматтары негизсиз экенин айтышууда.

Аз убакыттан бери саясий айдыңдан анча көрүнбөй калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 16-майда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, ички жана тышкы саясий окуялар боюнча оюн ортого салды. Анын айтымында, “Бүтүн Кыргызстан” 18-майда партиянын курултайын өткөрүүгө камынууда.

Мадумаров өз сөзүндө кыргыз бийликтери 3-июлдан кечиктирбестен, АКШга “Манастагы” Транзиттик жүк ташуучу борборду чыгаруу боюнча расмий билдирүү жөнөтүшү керектигин айтты.

- Бул транзиттик борбор тезинен Кыргызстандын аймагынан чыгышы керек. Бул менин пикирим жана биздин партиянын башынан берки позициясы. Кыргыз бийликтери аны чыгаруу боюнча мамлекет ичинде тишелүү болгон мыйзамдык эрежелерди жүргүзүшү керек. Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекетте эки өлкөнүн базалары 40 чакырымдай аралыкта турушу нонсенс. Кайсы мамлекетте ушундай бар? Бул Кыргызстандын тышкы саясаттагы утулуусу. Анткени биз Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы позицияны карманышыбыз керек.

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери президент жана Социал-демократтар фракциясы бүгүнкү бийликти бир колго топтоп алганын айтып, Жогорку Кеңешти Атамбаевдин “кол баласы” деп атады. Ошондой эле ал мамлекеттик башкарууда башаламандык өкүм сүрүп жатат деп эсептейт.

- Бүгүнкү парламент Атамбаев мырзанын колундагы куурчак. Бирок ушундай шартта мен түшүнбөйм, ага парламент тоскоолдук кылып жатат, же өкмөт аны укпай жатат деп айтышат. Ким ага тоскоол болууда? Бул болгону жеткен жоопкерсиздик. Бүгүн бийликти узурпациялоо жүрүүдө. Президент КСДПнын төрагасы, премьер-министр да, спикер да КСДПдан.

Мадумаров өз партиясын конструктивдүү оппозицияда экендигин айтып, бийликти күч менен басып алууларга башынан караманча-каршы экенин кошумчалады.

Бирок жогоруда белгиленген дооматтарга бүгүнкү бийлик өкүлдөрү макул эмес. Алар тескерисинче, Мадумаров мурдагы бийликтердин тушунда өзү жогорку кызматтарда туруп, мыйзамсыздыктарга жана саясий куугунтуктоолорго көз жумуп келгенин, айрымдарын колдоп турганын айтышууда.

Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков Мадумаров фактыларды бурмалап жатат деп эсептейт.

- Эч ким эч нерсени узурпациялап алган жок. Президентти эл шайлады жана ал КСДПдагы мүчөлүгүн токтоткон. Премьер-министр болсо коалициялык көпчүлүктүн макулдугу менен шайланган. Ал биздин партиянын мүчөсү эмес. Анын өзүнүн партиясы бар. Ал эми спикер тууралуу айтсак, ооба, туура ал биздин партиядан. Анткени бүгүнкү чындык ошондой. Эгерде Адахан Мадумаров мыйзамды түшүнбөсө же бүгүнкү Конституцияны түшүнбөсө, анда ал өзүнүн проблемасы.

Саясат таануучу Марат Казакпаев болсо, Мадумаров менен бийликтин “Манастагы” Транзиттик борбор боюнча туруму анчейин айырмаланбайт деп эсептейт.

- Мадумаровдун көз карашы бийликтики менен бирдей. Президент деле база чыгат деп айтып келе жатпайбы. Менимче, Мадумаров жөн гана өзүнүн позициясын жарыялап койду.

Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын акырына чейин АКШга базаны чыгаруу боюнча расмий билдирүү жөнөтүлөрүн айтууда. Эгер келишим узартылбаса, Транзиттик борбор келерки жылдын июль айына чейин Кыргызстандан чыгарылышы керек.

90-жылдардын башында калың журтка тележурналист катары таанылган Адахан Мадумаров кийинчерээк Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, саясатка аралашкан. 2005-2010-жылдардын аралыгында вице-премьер-министр, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы жана башка жогорку кызматтарды аркалап, кызматтан кеткенден кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясын түптөгөн. Ал 2011-жылы парламенттик, 2012-жылы президенттик шайлоолорго катышкан.

XS
SM
MD
LG