Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Мадумаров: Турганбаев кылмышты өз маалында айтпайбы


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу мурунку жогорку даражалуу кызматкерлер суракка чакырылыш мүмкүндүгүн эскертти. Ал эмес аларга кылмышты жаап-жашырган деп айып коюлуш ыктымалдыгын да кошумчалады. Буга байланыштуу Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, азыркы кезде президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго бир катар суроолор менен кайрылдык.

“Азаттык”: Адахан мырза, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин кылмышты жаап-жашырган деген сиздердин дарекке айтылган айыптоого кандай жообуңуз бар?

Адахан Мадумаров: Жообум бирөө гана, ал өзүнүн өтө чоң сабатсыздыгын жана ашына кызмат өтөөгө болгон аракетин көрсөтүп жатат. Ал кишиге Садыркуловдун кайгылуу өлүмүнө күнөөлүү кишилерди табыш башкы максат эмес, ал кишиге бүгүнкү күндө саясий кырдаалга, окуяга жараша төбөлдөрүнө кызмат көрсөтүү маанилүү. Ушул киши генералга чейин жетти да, ушу киши Коопсуздук кеңеши эмне жумуш менен алек болот, Коопсуздук кенештин ыйгарым-укуктары кандай, кандай маселелерди карайт дегенди бир сыйра карап алса болмок да.

Коопсуздук кеңеши деген бул жумушчу орган. Анын төрагасы президент. Коопсуздук кеңеши ички жана тышкы коопсуздук маселеси, азык-түлүк, маалыматтык жана социалдык коопсуздуктардын үстүнөн иштейт. Анан уурулардын, кескилердин же болбосо мушташып кеткендердин үстүнөн Коопсуздук кеңеши иш жүргүзбөйт. Ошон үчүн Турганбаев ошол Коопсуздук кеңеши кандай орган экенин окуп алса, кичине сабаттуураак болуп калмак да. Тилекке каршы эми...

Анан эми башында айткандай, мунун себеби алдыда боло турган чоң саясий окуяга, президенттик шайлоого карата жандалбастоо. Кыргызстандын эли түшүнүп турат.

Булар бул аракет менен алардын башкы, күчтүү атаандашы ким болоорун ачык көрсөтүштү. Мамлекеттик машина мындан ары карай, буга чейин да иштеп келген, кимге каршы иштейт ошону дагы бир жолу далилдеп беришти. Булар төбөлдөрүнө опол тоодой кызмат өтөгөн менен, ошол төбөлдөрдүн ойлору арам экендигин ачыкка чыгарышты.

“Азаттык”: Мелис Турганбаевдин өзү ошол кезде бул кылмышты
(кесилген кулак, манжалар) иликтеген жайы бар экен. Бул боюнча сиздерге маалымат берилди беле? Сиз кандай жагдайда Садыркуловдун өлүмү тууралуу уктуңуз?

Адахан Мадумаров: Мен бул боюнча массалык маалымат каражаттарынан уктум. Бул боюнча Коопсуздук кеңешинде маселе каралган эмес. Себеп ар ким өзүнүн иши менен алек болуш керек. Андай иштерди дал ошол Турганбаевге окшогон кишилер иликтеш керек. Ошолор аягына чыгарыш керек. Бул киши (Мелис Турганбаев) ошол мезгилде иштеп турган убагында “кулак жиберилгенде, бармак дейби, чыпалак дейби жиберилгенде” ошол кылмыш иштин бетин ачканмын деп жатпайбы. А бетин ачкан болсо эмне үчүн коомчулукка жарыялаган жок!? Эмне үчүн мыйзам талап кылгандай кылмыш ишин козгоп, аягына чейин чыгарган жок!?

Демек бул киши кылмыштын бетин ачып, бирок кылмышкерди жаап жашырган, бекиткен. Ошол учурда, эгерде ошол кылмыш ишин аягына чейин жеткирип койгон болсо, мына мындай каргашалуу чоң кылмыш болбошу мүмкүн эле. Алдын-ала токтотуп калса болот эле. Демек, логикага ылайык ошол өтө чоң каргашалуу окуяга түздөн-түз себепчи болгон, ошол ишти алдын-ала токтотуп койбогон, же болбосо токтотууга аракет жасабаган үчүн Турганбаев мырза өзү жоопкерчилик тартыш керек.

“Азаттык”: Медет Садыркулов менен сиздин мамилеңиз начар экени белгилүү болчу. Сиз ал киши менен ошол мезгилде акыркы ирет качан көрүштүңүз эле?

Адахан Мадумаров: Садыркулов менен мамилеси начар деп жүргөндөр да массалык маалымат каражаттары, Мадумаров менен мамилеси жакшы экен деп жүргөндөр да массалык маалымат каражаттары. Адам болгондон кийин жумуш үстүндө ар кандай пикир келишпестиктер болот. Президент менен деле пикир келишпестиктер толтура болгон. Ошол эле учурда башка мамлекеттик кызматкерлерде да пикир келишпестиктер болот. Бул жумуш үстүндө боло турган нерсе. Бул деген сөз ошонун аркасынан сая түшүп, жек көрүү дегендик эмес. Бул аң сезимдердин, же кайсы бир маселелерге көз караштардын пикир келишпестиги. Бирок адам катарында салам-алик жайында болуш керек. Ошондой эле болчу. Бүгүнкү күндө деле менин пикириме, көз карашыма акаарат айткандар бар, алар менен пикирим келишпейт. Алар өздөрүнүн оокатын кылып жатышат. Бирок адам катарында салам-алик айтып өтүш милдет. Ошондой эле нерсе.
Ал кезде туура эмес жасалып жаткан иштерди мен көбүнчө ачык айтчумун.

“Азаттык”: Ошол мезгилде Курманбек Бакиев сизге ишенчү беле, кылдат жана маанилүү маселелерди талкуулаганга чакырчу беле?

Адахан Мадумаров: Жок. Өтө кылдат жана маанилүү маселелерди жабык өткөрүшчү. Керек болсо кээ бир учурларда, Мамлекеттик катчы болуп турган кезимде дагы, Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган кезимде дагы көп маселелерди массалык маалымат каражаттарынан угуп калган учурлар толтура болгон.

“Азаттык”: Ички иштер министрлиги ушул маалыматты азыркы мезгилге даярдап чыгарганын шайлоого байланыштуу деп эсептейсизби?

Адахан Мадумаров: Сөзсүз түрдө шайлоого байланыштуу. Муну билип туруп, “сары майдай” катып отуруштун кажети жок эле. Дайын болгон кезде эле жарыялаш керек эле. Буларга акыл үйрөтүп жаткан аксакалдардын кеңеши ушундай болгон.

Кээ бир мамлекеттер бар го каракчы деп жарыялап коюп, таппай издеп калышат. Бирок чындыгында жердин астында турган ийнени табууга мүмкүнчүлүгү боло туруп, ошо кишини таппай коюшат. Анан белгилүү саатта, белгилүү жерден, белгилүү күнү кармап коюшат. Анан “ап баракелде, ушул кызмат өтөп жатат экен” деп көрсөтөт.
Ошол, буларга жетекчи болуп, акыл үйрөтүп, мамлекеттин күчүн саясий технологияда колдонобуз дешип, эми уят эле болушат да.

Мен буларга капа деле болбоймун. Тескерисинче, аларды аяймын. Кызмат көрсөтсө мындай бир жогорку чеберчилик менен көрсөтүш керек. Мындай чуркап баратып эле кетменди тебелеп алып, маңдайына таяк жеп жүргөн эле азаматтар да булар. Бүгүнкү күнү күч органдары кайсы багытта иштеп жатканы бизге белгилүү да.

Айланайын, бул маселени коюп, кечээ эле болуп өткөн өтө каргашалуу окуяларды иликтечи. Колуңдан келбесе жөн кой. Мамлекетке жардам бере албасаң анда жолтоо болбой койчу. Кимдир-бирөөнүн арам ою болгон болсо, Кудай өзү ошол оюна жараша жазасын берет...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG