Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Баш прокурордун унаасын токтоткондорго иш козголду


Башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында, 22-май, 2012.
Башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында, 22-май, 2012.

Башкы прокурор Аида Салянованын унаасын токтоткон милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Алар кызматынан аша чаап, куралды мыйзамсыз колдонду деп айыпталып жатат. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, баш прокурордун өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелөөдө.

Баш прокурор отурган унааны эмне үчүн кубалашкан?

Окуя 7-августта чак түштө болгон. Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Александр Лейтиндин “Азаттыкка” билдиришинче, жол коопсуздугун күзөткөн кызматкерлер айнектери караңгылатылган ак түстөгү “Лексус” маркасындагы жипти тоскондо токтобой койгон:

- “Лексустун” айдоочусу инспекторлорго баш ийбей качып бараткан. Алар артынан кубалап, үн катуулаткыч аркылуу бир канча жолу эскертме берип жатып токтотконго аргасыз болушкан. Инспекторлор келгенде айдоочу баш бербей кетүүгө аракет кылган. Инспектор тапанчасын чыгарып, унаанын дөңгөлөгүнө такап “эгер милиция кызматкерлерине баш ийбесеңер, биз курал колдонгонго арасыз болобуз”, деп айткан. Ал машинада башкы прокурор Аида Салянова отурган экен. Башкы прокурор бул мыйзамдын кепили да. Мыйзам бузбай, мыйзамдын башында турушу керек эле.

Лейтин бул окуя боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзгөнүн, анда баш прокурор Аида Салянова кетип бараткан унаанын номери башка машинеге таандык экени аныкталганын, эмгек өргүүсүндө жүрсө да жанына куралчан күзөт алып жүргөнүн да кошумчалады:

- Ак түстөгү 49 31 номерлүү “Лексус” экен. Бул номерди текшергенде ал “Мерседес” үлгүсүндөгү унаага таандык болуп чыкты. “Мерседес” баш прокурордун жеке унаасы болуп чыкты. Салянова эмгек өргүүсүндө жүрсө да жанында куралчан күзөтчүлөрдү алып жүргөн. Биз бул боюнча да кызматтык иликтөө жүргүзөбүз. Биз ал милиция кызматкерлерди иштен алабыз. Анткени алар эржени бузду. Прокуратуранын имаратын кайтарыш керек болгон кызматкерлер баш прокурор менен унаада жарандык кийимчен жана куралчан жүрбөшү керек болчу.

ИИМ менен Баш прокуратура тирешип жатабы?

Башкы прокуратура ИИМдин билдирүүсүн четке кагып, өз жүйөөсүн келтирүүдө. Мекеменин маалымат катчысы Сейитжан Апышев Салянованын айдоочусу мыйзам бузуп, милиция кызматкерлерге баш ийбей коюшу мүмкүн эместигин айтты:

- Эгер унаада айдоочу өзү эле жалгыз болсо анда ИИМдин версиясына ишенсе болот эле. Бирок унаанын ичинде Салянова кичинекей кызы менен отурган. Ал милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине сын айтканга аргасыз болгон. Анткени кичинекей кызы курал такап тургандардан катуу коркуп кеткен.

Апышев баш прокурор ошол күндөрү эмгек өргүүсүндө болгонун да тастыктады:

- Милиционер эгер жарандар, же өздөрү кандайдыр бир зомбулукка кабылганы жатат деп эсептесе, же болбосо алар кууп бараткан тарап опурталдуу иш-аракеттерди жасаса анда курал алып чыкканга укуктуу. Ошондуктан таламандын так түшүндө жөн эле кетип бараткан унаага, эгер ал унаада баш проркурор кетип баратканын билбеген күндө деле куралын алып чыкканга болбойт. Эмне үчүн унаанын терезеси караңгылатылганын билүү үчүн тапанча көрсөтүлбөйт. “Лексус” кызматтык унаа, болгону KG деген белгиси жок. Номерин оперативдүү номер деп коёт.

Азыр бул окуя боюнча үч милиция кызматкерине каршы кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Эксперт Кубатбек Кожоналиевдин пикиринде, эки тарап тең бири-биринин дооматтарын четке кагып жаткан чакта, буга парламент да кийлигишүүсү керек:

- Башкы прокурор Жогорку Кеңешке баш ийе турган кызматкер. Депутаттык комиссия түзүп, мунун баарын текшерип, чоо-жайын билип туруп гана жыйынтык чыгарыш керек. Башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн ыйгарым укуктарын туура пайдаландыбы, же ашкере андан чыгып кеттиби? Мына ошондо анын кызматтык деңгээли, өзүнүн адамдык сапаттарын коомчулук билсе болот. Азыр болсо бул эки тарап бири-бирин күнөөлөп атат.

Бул окуя эмне менен бүтөрү белгисиз. Айрым серепчилер муну милиция менен прокуратуранын кезектеги тымызын тиреши катары сыпаттап жатат. Эки органдын кагылышына коомчулук буга чейин деле күбө болуп келген.

Жакында эле ушундай учур ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевге байланыштуу болгон. Прокуратура маңзат боюнча айыпталып жаткан Алибаевге каршы козголгон кылмыш ишти тергөө уланып жатканын билдирген, ИИМ болсо тергөөнүн жүрүшүндө Алибаевдин күнөөсү такталган жок деп кайра кызматка койгон.

XS
SM
MD
LG