Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Жаныш Бакиев Өзгөндө болгону тастыкталбай жатат


Жаныш Бакиев кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 14-апрели.
Жаныш Бакиев кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 14-апрели.

“Ата Мекендин” депутаты Бакыт Калмаматов бүгүн парламенттеги фракция жыйынында Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга келип кеткендигин жар салды.

Депутаттын айтымында, Жаныш Бакиев бир айча мурда Өзгөн районунун Салам-Алик айылында Адахан Мадумаров жана Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушкан. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да, аты аталган адамдар да четке кагууда.

Фракция жыйынындагы билдирүү

“Ата Мекен” фракциясынын 21-сентябрдагы жыйынында мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан тергөө иштери боюнча ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев маалымат берди. Бул жыйында аталган фракциянын депутаты Бакыт Калмаматов Садыркуловдун өлүмү
боюнча күнөөлөнүп жаткан Жаныш Бакиевдин Кыргызстанда болуп кеткендигин айтып чыкты. Анын билдиришинче, бул маалыматты ага түштүк аймагын кыдырып жүргөндө Жаныш Бакиевдин келип кеткенин көргөн шайлоочулар билдиришкен.

- Жаныш Бакиевди кармай албай жатышат, бүгүн өкмөттүн колунан келбей жатат. Ооба, убада беришкен, бирок кыйын болуп жатат десек , ошол жердеги эл “кандай кармай албайсыңар, алар Кыргызстанда ичинде эле жүрбөйбү, жылкы союп, той-топур өткөрүп,” - деп айтып жатпайбы.

Бакыт Калмаматовдун билдиришинче, Жаныш Бакиев Өзгөн районунун Салам-Алик айылындагы эс алуучу жайда мындан бир айча мурда болгон. Депутаттын айтымында, жергиликтүү эл ал жерде Жаныш Бакиев мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана мурдагы Коопсуздук кеңешини катчысы Адахан Мадумаров менен жолуккандыгын билдирген.

- Мындан бир ай мурдаак Жаныш Бакиев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунун Салам-Алик деген айылындагы Элмурза Сатыбалдиевге тиешелүү делген эс алуу жайында жолугуп, жылкы союшкандыгын айтышты.

Имиш кеп кайдан чыкты?

Бул билдирүүнү мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев ушак деңгээлиндеги маалымат катары санаарын билдирди. “Азаттык” менен маегинде Сатыбалдиев Салам-Алик бул өзүнүн туулуп өскөн айылы экенин, бирок жогорудагы жолугушуу болбондугун белгиледи.

Элмурза Сатыбалдиевдин башкы прокурор учуру, 2007-жылдын 10-сентябры.
- Демек Бакыт Калмаматов деген депутат милицияга, биздин атайын кызматтын ишине шек келтирип жатат. Бир жарым жылдан бери издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев Ошто болуп калат дегенге сиз ишенесизби? Же биздин атайын кызматтар, милиция кызматкерлери уктап жатат дейсиңерби. Мен өзүм соттолуп, үй-камагында отурсам, ага ылайык, менин артыман да тартип жана эреже боюнча жүргөн адамдар бар да. Анда эмнеге кармап кетишпейт, ошондой болсо. Бул баягы базарда отуруп алып, сүйлөшкөн адамдардын сөзү.

Бул маселе боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок партиянын маалымат катчысы Үмүт Муканбетова да бул имиш деңгэлиндеги сөз экендигин, Адахан Мадумаров бир ай мурда Өзгөн районунда болбогондугун билдирди.

Үмүт Муканбетованын билдиришинче, бул президенттикке талапкер Адахан Мадумаровду шайлоо алдында каралагысы келген атаандаштарынын ойдон чыгарган сөздөрү.

Ал эми Ишки иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев депутаттын билдирүүсү боюнча “Азаттыкка” буларды маалымдады.

- Качан, кайсы күнү, кайдан келип кеткендигин эми ал айтпаса... Ал депутат негиздеп берсин да, булар боюнча келди деп. “Тигил жактан келиптир, бул жактан келиптир” деген ар кандай ушактар жүрүп жатпайбы азыр. Менин оюмча, бул деле ошолордун бири болуш керек.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча негизги айыпкер катары каралууда. Ошондой эле ага 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча да атууга буйрук берген делинип, буга чейин эл аралык издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG