Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Евробиримдик Борбор Азияга кол сунат


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц. Брюссель, 27-март, 2015-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц. Брюссель, 27-март, 2015-жыл

Еврошаркет Борбор Азиядагы стратегиясын кайра карап чыкты. Анда аймактагы беш өлкө менен мамиле түзүүнүн жаңы багыттары аныкталган.

Борбор Азия боюнча Еврошаркеттин атайын өкүлү дайындалып, алдыдагы жети жылга карата долбоорлорду каржылоонун көлөмү элүү алты пайызга көбөйтүлдү. Эл аралык байланыштар жаатындагы адистер Еврошаркеттин бул стратегиясы аймактагы геосаясий атаандаштыкты жана тирешүүнү күчөтөрүн айтышууда.

Саясий жана каржылык колдоо

Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча кеңеши 22-июнда Борбор Азия аймагына байланыштуу жаңы стратегиясын бекитти. Анда аймактагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен Еврошаркеттин Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул багытта Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп элчи Петер Бурьян дайындалды. Жакында анын Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө.

Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясында аймактагы өлкөлөрдү демократиялаштыруу жараянын колдоо, адам укугу менен мыйзамдын үстөмдүгүн коргоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү маселелери камтылган.

Еврошаркеттин өкүлү Чезаре Де Монтис саясий диалогду күчөтүүнүн мааниси тууралуу мына буларга токтолду:

- Борбор Азиядагы геосаясий абалды, жалпы социалдык-экономикалык жагдайды карап көрүп, изилдеп чыккан соң Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча кеңеши өзүнүн бул аймактагы ишмердигин күчтөндүрүү боюнча чечим кабыл алды. Мына ошого байланыштуу Еврошаркеттин Борбор Азиядагы атайын өкүлү кызматы ачылды. Бул кызмат биздин мындан аркы мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзмөкчү. Анткени Борбор Азиядагы бардык беш өлкө тең көп жактуу тышкы саясат жүргүзөт. Биз өзүбүздүн өнөктөштөр менен кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн демократияны колдоо жана коопсуздукту чыңдоо боюнча ири долбоорлорду каржылай баштайбыз.

Каржылоо демекчи, Еврошаркет 2020-жылга карата Борбор Азия мамлекеттериндеги долбоорлорду каржылоону элүү алты пайызга чейин жогорулатат. Мына ошондо Еврошаркет алдыдагы жети жыл аралыгында Борбор Азиянын беш өлкөсүнө 1 миллиард 68 миллион евро акча бөлөт. Бул каражатка демократиялаштыруу, адам укугун коргоо, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу сыяктуу толгон-токой социалдык-экономикалык долбоорлор ишке кирери жарыяланды.

Борбор Азияда Казакстан менен Кыргызстан Орусия башында турган Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө. Жакында ага Тажикстан дагы кошулушу мүмкүн.

Аймактагы атаандаштык

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Еврошаркеттин бул кадамы аймактагы геосаясий таасир талашууга өбөлгө түзөт дейт:

- Батыштын мындай кадамдарга барышы Борбор Азияда жаңы геосаясий күрөш күчөйт дегенди түшүндүрөт. Анткени мына өткөн 25 жылдан бери Еврошаркет Борбор Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга мынчалык чоң көңүл бурган эмес. Кыргызстан Орусия башында турган Евразиялык биримдикке киргенден кийин мына ушундай кадамдар башталып жатат. Бул Борбор Азияда саясий тирешүүнү жана саясий атаандаштыкты күчөтө турган жагдай болуп калды. Ошондуктан Кыргызстан тышкы саясатында жети өлчөп, бир кесе тургандай этияттык менен салмактуу иш алып барууга тийиш.

Маалымат жыйынына Кыргызстандагы Британиянын элчиси, Германиянын элчисинин орун басары басары жана Франциянын элчиси катышып, жаңы стратегиянын негизги багыттары боюнча пикир алмашты. Еврошаркеттин жаңы стратегиясында Борбор Азия аймагынын ар бир өлкөсүнүн өзгөчөлүгү эске алынган. Мына ошондуктан Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Тажикстанга ыңгайлашкан платформалар сунушталат.

Еврошаркеттин өкүлү Чезаре Де Монтистин айтымында, каржылоо аймактагы өлкөлөрдүн айырмачылыгы жана платформаларды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүнө карата бөлүштүрүлө турган болду.

Каражат иштелип чыккан долбоорлордун маанисине жараша өкмөттүк уюмдар менен бирге эле бейөкмөт уюмдарга дагы берилет. Бирок Борбор Азиядагы кайсы өлкөгө канча каражат бөлүнө турганы азырынча айтылган жок.

Эл аралык байланыштар боюнча адис Чынара Эсенгул Еврошаркет Борбор Азияда Кытай менен Орусиянын таасири чоңоюп баратканын эске алуу менен иш алып барарын айтты. Ошондой эле жагдайды аймактагы энергетикалык ресурстар үчүн болгон күрөштүн жыйынтыгы катары мүнөздөдү:

- Еврошаркет Борбор Азияда демократиялаштыруу, адам укугу жана социалдык-экономикалык тармактарды колдоодо өзүнүн буга чейин жетишкен позицияларын жоготуп албоо үчүн мына ушундай кадамга барып жатканы белгилүү. Анткени таасирин арттырып, каржылоону жана саясий диалогду күчөтпөсө, анда Европа Борбор Азияны өзүнүн өнөктөшү катары жоготуп алуусу мүмкүн. Бул деген сөз бай энергетикалык аймакты колдон чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан транспорттук-энергетикалык маселе мында башкы орунда. Анан ошого карата аймакта европалык баалуулуктарды жайылтуу башкы приоритет болмокчу.

Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча кеңеши атайын корутунду чыгарып, анда Борбор Азияны колдоонун узак мөөнөттүү багыттары аныкталган. Бул жаңы стратегия жалпысынан 17 бөлүктөн туруп, чек ара, суу көйгөйлөрүн жөнгө салуу, маңзат соодасына жана диний радикализмге каршы күрөшүү багыттарын ичине камтыйт.

XS
SM
MD
LG