Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Бажы бирлигине батыл кирүүгө чакырык жасалдыбы?


Бишкектеги "Дордой" базары.
Бишкектеги "Дордой" базары.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы Башкы прокуратураны “Дордойдун” кесипттик кошуундар уюмунун үгүтүнө укуктук баа берүүгө чакырды.

Кайрылууда аталган уюм бүткүл соодагерлердин атынан сүйлөп, өкмөт өлкөнүн Бажы бирлигине киришин тездетпесе ишкерлер салык төлөөдөн баш тартып, митингге чыгат деп коркутуп жатканы белгиленген. Соода жана ишкердик тармагынын кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Дамира Дөөталиева бул маалымат бурмаланганын айтып, ага карата коюлган дооматты четке какты.

Бажы биримдигине кирүүгө жасалган чакырыктар

“Кыргызстан бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылы соода тармагындагы кесиптик кошуундар уюмунун коомчулуктун башын адаштырган маалымат өнөктүгүнө укуктук баа берүү талабын койду. Аталган кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Дөөталиеванын “Дордойдогу” жалпы ишкерлердин атынан сүйлөп, өкмөткө чакырык жасаганы мыйзамга каршы келери мисалга алынган. Кайрылууда Бажы биримдигине кирүүнү тездетүүгө багытталган кесиптик кошуундар уюмунун жүйөлөрү чындыкка коошпой турганы көрсөтүлгөн.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын өкүлү Марат Мүсүралиев ал уюм “Дордойдо” иштеген ишкерлерге белгилүү бир тараптын кызыкчылыгын атайын таңуулап жатканына токтолду:

- Буларга бүт “Дордойдун” атынан сүйлөгөнгө ким укук берди? Алар Бажы биримдигине батыраак кирбесек, соодагерлер салык төлөгөндөн баш тартат жана митингге чыгат дегени өкмөттү ачык эле шантаж кылуу да. Казакстан менен чек ара тез арада ачылышы үчүн Кыргызстан Бажы биримдигинке кириш керек деген маселени көтөрүшүүдө. Бирок анын кесепеттери тууралуу сөз жок. Бул жерде соодагерлердин башын айлантып, аларды салык төлөбөөгө чакыруу мыйзамсыз жосун.

Бурмаланган бурулуштар

Ошол эле кезде соода тармагындагы кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Дамира Дөөталиева анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты. Учурда сыртка товар чыкпай, ири базарларда соода токтоп калганын мисал келтирген Дөөталиева өкмөттөн алардын абалын жеңилдетүүгө багытталган гана колдоо көрсөтүү талабы айтылганын айтты.

Ошол эле кезде Дамира Дөөталиева өкмөттөн Бажы биримдигине кирүүнү кескин түрдө талап кылуу болгон эмес деп билдирди:

- Бул жалган, бурмаланган маалымат. Биз маалымат жыйынында базарда соода болбой калды, өкмөт чек араны ачууну караштырбаса, биз патент ала албай жатабыз дегенбиз. Биздин абалыбызды түшүнүп, чара көрүлбөсө митингге чыгабыз дегенбиз. Аны болсо бурмалап башкача айтып жатышат. Негизи азыр деле базарда баалар кымбаттап, бирок соода жок болуп жатпайбы. Анан кампаларда эле товарларды кармап отура беребизби? Ошон үчүн Бажы биримдигине кирбейбиз деген менен чек ара ачылбаса абалыбыз начар бойдон калып жатпайбы.

Кооптонгон ишкерлер

Учурда Кыргызстандын “Дордой”, Кара-Суу жана “Мадина” сыяктуу ири базарларында иштеген соодагерлер менен атайын жыйындар өтүүдө. Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү уюштурган ал жыйындарда Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактары талкууга алынган. Ишкерлер арасында келишимге кол коюлса, анда Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келчү товарлардын баасы кескин кымбаттайбы деген кооптонуулар күч.

Жол картасы менен таанышып чыккан жеке ишкер Замирбек Эргешов Бажы биримдигине кирүү ишкердиктеги атаандаштыкты аксатат деп чочулайт:

- Бажы биримдигине кирсек, албетте баалар көтөрүлөт. Анткени бажы тарифи көтөрүлөт. Анан азыр Кытай, Индия, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерден миңдеген адамдар товар ташышса, Бажы биримдигине кирген соң алардын саны азаят. Анан албетте мына ошол жактан келген товарларга монополия болуп, баалар жогорулайт. Товарлардын түрү азаят. Мына ошол тобокелчиликтер ишкерлердин ишине жана элдин чөнтөгүнө чоң таасир этет.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы өлкөнү бул биримдикке киргизүү үчүн жасалма түрдө коомдук пикир түзүү аракети жүрүп жатканын айыптады. Кыймыл мындай аракеттерге прокуратура укуктук баа бериши зарыл деп эсептейт. Ошондуктан Бажы биримдигине үндөөдө кайсы бир тараптын атын сатууга жол бербөө чакырыгы ташталды.

Аталган кыймыл Бажы биримдигине кирүүгө каршы жарандардын тилектештиги катары былтыр декабрь айында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG