Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Энергетика: өгүз өлбө, араба сынба


ЮСАИДдин сунушу менен Tetra Tech компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагын иликтеп чыккан. Компаниянын өз иликтөөсүнүн биринчи отчетун жарыялады. Анда энергетика тармагынын техникалык, финансылык абалы талдоого алынган.

Кыргызстандын энергетика тармагы коммерциялык жана техникалык жоготуулардан эбегейсиз зыян тартып келатат. Бул жоготуулардын өсүүсүнө коррупциянын таасири күчтүү экени маалым. Мына ошол себептен апрель ыңкылабынан кийин энергетика тармагына көз карандысыз текшерүү жүргүзүү демилгеси көтөрүлүп, ал АКШнын жардамы менен ишке ашырыла баштаган. Кыргызстандын энергетика тармагын иликтөөгө ЮСАИДдин жалдоосу менен белгилүү Tetra Tech компаниясы тартылган.

Бул компания иликтөөсүндө Кыргызстандын энергетика тармагы олуттуу инвестицияга муктаждыгын баса белгилеген. Инвестиция энергетика тармагын реконструкциялоо жана "Датка-Кемин", "Датка" көмөкчү чордонунан түштүк облустарга карай электр линияларын тартуу үчүн керек.

Энергетика тармагынын финансылык абалына байланыштуу Tetra Tech үч түрдөгү тарифти сунуштаган. Анын биринчисинде, азыркы турган бааларды калтыруу каралган. Бул шартта электр энергиясы менен калкты камсыздоо 2011-2012-жылдагыдай үзүл-кесил бойдон кала берет.

Экинчи вариантта тарифтер 1 сом 60 тыйынга көтөрүлүп, тармак өзүн-өзү камсыздоого жарамдуу болот.

Үчүнчү вариантта, баалар 2 сом 3 тыйынга көтөрүлүп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө да каражат жете турган болот. Кыргыз бийлиги мына ушул варианттардын кайсы бирин тандаары азырынча белгисиз.

Энергетка министрлигинин Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Николай Кравцов Tetra Tech компаниясынын сунуштары көз карандысыз аудитке негизделген эмес дейт:

- Эң башкысы алар электр энергиясынын өздүк баасын аныктоодо аудиттик текшерүүдөн өтпөгөн маалыматтарга таянышкан. Иликтөөнүн мына ушул бөлүгүнүн кейиштүү жагы ушул. Бул жыйынтык туура деп таанылбайт. Анткени ал текшерилген маалыматтарга таянган эмес.

Жалпысынан иликтөөдө дурус жактар, кемчиликтерди таамай белгиленген учурлар көп, деп кошумчалады Кравцов.

Бул адистин маалыматы боюнча, 2011-жылы Кыргызстанда энергетика тармагы 1 млрд. 730 млн. килловат саат электр энергиясын жоготкон. Ал эми коммерциялык жоготуу 547 млн. килловат саатка барабар болгон. Жалпысынан энергетика тармагында жыл сайын 100 млн. доллар жок болуп кетүүдө. Тармактагы мына ушул жагдайлар тыкыр эсептелип, андан кийин кандайдыр бир чечим кабыл алынса туура болоорун адис белгилейт.

Энергетика боюнча өлкөдөгү адистердин бири Раимбек Мамыров тарифтер бир аз көтөрүлүүгө муктаж деп эсептейт:

- 1 сом 60 тыйын кылабыз деген да туура эмес. Бул жерде Кыргызстандын элинин мүмкүнчүлүгүн да ойлош керек. Ошон үчүн эң минималдуу айтылып аткан менен азыркы баанын ортосун алып, анан бир эсептеш керек. Менин оюмча, бир сомдун тегерегинде болсо болот. Азыр эми 70 тыйын болуп жатпайбы. Бир сомго чыгарып, калган жетпегенин жоготууларды кыскартуу менен жабылсын деп, эки жагынан тең тапшырма коюш керек.

Энергетикалык дагы бир эксперт Расул Үмбеталиев америкалык компаниянын иликтөөсү үстүрт болуп калган деп сынга алып, буларга токтолду:

- Алар биздин ички мүмкүнчүлүктөрдү караган эмес. Техникалык, коммерциялык жоготуулар жөнүндө сөз болгон эмес. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө ачык-айкын айтылган эмес. Биздин энергетика тармактарды башкарган кызматкерлер жөнүндө айтылган эмес. Көп нерсени үстүрт эле карап кетишкен.

Энергетика министрлиги Tetra Tech компаниясынын иликтөөсүн өз сайтына жарыялап, көңүл бурган. Бирок алардын кайсы сунушун кабыл алаары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG