Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Сатыбалдиев: Өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек


"Азаттыктын" суроолоруна президенттик администрация башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жооп берди.

"Азаттык": Сиз президенттин атынан чет жактарда жашаган кыргызстандыктардын форумунда сөз сүйлөптүрсүз. Жердештердин башын бириктирүүнү максат кылган эки башка курултайдын бир эле маалда өтүп жатканына кандай карайсыз? Баягы эле бөлүнүп-жарылуудан кутула албай жатабызбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Эки багытта болсо да кыргыздардын башын бириктире турган ой-пикирлер айтылды. Кечээ күнкү конгрессте мен президенттин оюн айттым. Кийинки форумду президенттин урааны алдында чакырабыз. Кезектеги конгресс бир эле өтөт деген ишеним чоң. Президенттин аппараты, башка саясий күчтөр иш алып барат.

"Азаттык": Анда жердештердин форуму саясий түскө бойолуп калбайбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Саясий бойоктор ар кайсы чогулуштарда аралашып кетиши мүмкүн. Бирок жыйынтыгын көрүшүбүз керек. Кечээ күнкү жыйында сын пикирлер айтылды. Ал жерде көбүнчө саясат эмес, экономика, сыртта жүргөн мекендештердин шарттары, кош атуулдук, келип кетүү шарттары, визалар тууралуу сөздөр айтылып, актуалдуу маселелер камтылды.

Чет элде бутуна туруп калган жаштарыбыз, алардын мекенине жардам берүүгө, инвестиция салууга даярдыгы өзгөчө шыктандырды. Кыргызстанда стабилдүүлүк болсо гана инвесторлор келет.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Ошол алдыга суурулуп чыккан жаштардын потенциалын пайдаланууну караштырып жатасыңарбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Болгон сунуштарды карап, кадр резервдерин түзүү, алардын кайтып келиши боюнча иш-чара жүргүзөбүз. Конгресстин координациялык кеңеши түзүлмөй болду. Алар өз сунуштарын беришет. "Мекендештер" форумунан да сунуштар түшсө, президенттин аппараты бул жагынан сөзсүз иш алып барат.

Кокодон алган кымбатчылык

"Азаттык": Сиз жогоруда айткан стабилдүүлүк көптөгөн факторлорго байланган. Мына азыр өкмөттүн абалы арсар болуп тургандай. Маалымат каражаттарында да, эл арасында да кышка жетпей өкмөт кетет экен деген сөздөр байма бай айтылууда...

Жантөрө Сатыбалдиев: Стабилдүүлүктү орнотуу - бул оор процесс. Менин жеке пикиримде, азыр кандай гана Жогорку Кеңешти шайлабасак, эч нерсе өзгөрбөйт. Ошон үчүн азыркы парламент өзүнүн конституциялык мөөнөтүн иштеш керек. Экинчиден, президенттин 6 жылга шайланышы стабилдүүлүк алып келет деген жеке оюм бар.

Үчүнчүдөн, өкмөт да стабилдүү иштеш керек. Анан 3 ай, 6 ай же 9 айда эле өкмөттү кетире берсек, анда стабилдүүлүк эч качан болбойт. Өкмөттүн өзүнүн жеткиликтүү, коомго жете тургандай программасы болууга тийиш. Анын аткарылышын коом көзөмөлгө алып, Жогорку Кеңеште да ишеним пайда болсо, анда чет жактагы жаштарыбыздын мекенине келишине шарт түзүлөт.

"Азаттык": Демек азыр министрлер кабинетин таратууга жүйө жок деп эсептейсизби?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен азыр андай негиз деле жок деп ойлойм. Сын албетте болот, сын жок болсо, анда өнүгүү да жок болот. Бирок сын жүйөлүү, негиздүү болуш керек.

"Азаттык": Өкмөт отставкага кетип калса, жаңы премьерге талапкерлердин арасында маалымат каражаттары сизди да атап жүрүшөт...

Жантөрө Сатыбалдиев: Эми серепчилер айта берет. Аны мен же журналист чечпейт да. Аны Жогорку Кеңеш чечет. Менин жеке пикиримде, азыркы өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек.

"Азаттык": Мисалы, баалардын өсүшү сиз айткан өкмөткө, бийликке болгон ишенимди арттырбайт да, туурабы? Кечээ нанды 12 сомго алсам, бүгүн 14 сом болуп калыптыр. Бул аргасыз чарабы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Быйыл кыштын оор болушу, жаздын катаал келиши, кургакчылыктан улам буудайдын болбой калышы баалардын өсүшүнө алып келди. Кыргызстан өзүнчө мамлекет болсо да биз эч качан коңшу мамлекеттерсиз жашай албайбыз. Баанын өсүшү дүйнөлүк, регионалдык процесс болушу мүмкүн. Бул жагынан өкмөт иш алып барышы керек. Баалардын өсүшү эч качан ишеним алып келбейт.

"Азаттык": Нандын баасын сиз билесизби?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мурун убактым көбүрөөк болгондо базарга өзүм барчумун. Үйдөгү тиричилик функциялардын бардыгын жубайым өзүнө алат.

Бюджеттеги тешиктер...

"Азаттык": Класстык чин жөнүндө сөз кыла турган болсок, сиз сунуштарды кароо боюнча комиссиянын төрагасы экенсиз. Мамлекеттик класстык чин институтунун кандай зарылчылыгы бар?
Сын албетте болот, сын жок болсо, анда өнүгүү да жок болот. Бирок сын жүйөлүү, негиздүү болуш керек.

Жантөрө Сатыбалдиев: Мамлекеттик чиндер мамлекеттик кызматта иштегендердин атрибуту. Кызматкерлерди кармап калуу, алардын карьердик өсүшүн камсыздоо үчүн ушундай чиндер пайда болгон. Азыр бул маселе коомдо чоң талкуу жаратты. Биз азыр жоболорду кайра иштеп чыгууну чечтик. Мурунку иштеп аткан мыйзамдар коомго жакпагандан кийин биз муну эске алышыбыз керек. Ал жерде бир жылдан кийин эле мамлекеттик кеңешчи деген чинди алса болот деген норма жазылып калыптыр. Ошолордун бардыгын биз азыр кайра көтөрүп жатабыз.

"Азаттык": Мамлекеттик чин алганда кошумча акча, артыкчылыктар берилет да. Ал каражат кайдан алынат?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мамлекеттик бюджеттен каралат. Мисалы, эң көп алган мамлекеттик биринчи класстагы кеңешчиси 1 миң 700 сом кошумча алат. Карапайым эл жакырчылыкта жашап атканда балким бул сумма чоңдур. Биз аны кеңешибиз керек.

"Азаттык": Ошол эле маалда маселен, доктурлардын категориясына кошумча төлөмдөр алынып салат деген сөздөр бар.

Жантөрө Сатыбалдиев: Андай сунуштар бар. Генералдардын санын, сыйлык алгандардын санын кыскартуу сунуштары тушүүдө. Ошол эле врачтардын категорияларын азайтуу же алардын акчаларын азайтуу сунушталууда. Бирок биздин аппарат андай деп ойлобойт.

XS
SM
MD
LG