Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Таймаш жакын, талпынгандар канча?


2010-жылдын 10-октябрындагы парламенттик шайлоодон.
2010-жылдын 10-октябрындагы парламенттик шайлоодон.

Күзүндө өтүшү күтүлгөн президенттик таймашка катыша турган саясатчылар жана саясий күчтөр баштапкы даярдыктарын жүргүзө баштады

Күзгү жарышка кимдер түшөт жана алардын мүмкүнчүлүктөрү кандай?

Шайлоо күзүндө өтүүгө тийиш

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун так мөөнөтү июнь айында жарыяланууга тийиш. Президент Роза Отунбаева президенттик шайлоо ноябрь айынан кечикпей өткөрүлүш керектигин жана өзү шайлоого катышпасын май айынын башында дагы билдирген.

Президенттик шайлоо мөөнөтү жарыяланар алдында саясий күчтөрдүн ортосунда шайлоо мыйзамдары боюнча айыгышкан күрөш жүрө баштады. Бир жагынан “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттик шайлоого катыша турган өкмөт башчы жана башка мамлекеттик кызматкерлердин кызматтан толук кетишин камсыздоону көздөп жатышат.

Ал эмес “Ар-намыс” фракциясы башкаруучу коалицияга кирүүнүн шарттарынын бири катары өкмөт башчы президенттик шайлоого катыша турган болсо, анын кызматтан кетишин атап жатат.

Социал-демократтар фракциясы мындай өзгөртүүлөргө каршы чыгууда. Алар өкмөт башчы кызматтан кетсе, өкмөт толугу менен кызматтан кетип, демек башкаруучу коалиция ыдырап, өлкөдө туруктуулукка доо кетет деген жүйөнү айтууда.

Атын таптагандар кимдер?

Ал эми шайлоого аттанып калган саясатчы жана күчтөргө токтоло турган болсок, азыркы кезге эки саясатчы өзүнүн президенттик шайлоого катышуу ниетин ачык айта баштады. Алар: өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Ал эми “Ата-Журт” партиясында бир нече саясатчынын ортосунда партия ичинде таймаш жүрүүдө. Бул партиянын атынан чыгууга ниетин Камчыбек Ташиев билдирип келатат. Ошондой эле Мыктыбек Абдылдаев жана Марат Султановдун да аты чыгууда. Өзгөчө акыркы кезде Марат Султановдун ысмы көбүрөөк аталып, ал өзү ар кандай күчтөр менен кеңешүү жана сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын жашырган жок.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышуу маселесин партиянын курултайы чечерин айтууда. “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов президенттиктен көрө өкмөт башчылык кызматты артык көрүп, ошондуктан президенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин айткан жери бар. Албетте Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Акылбек Жапаров, Турсунбай Бакир уулу, Исхак Масалиев, Нариман Түлеев жана башка саясатчылар да ат салышсак кандай болоор эле деп ойлонуп тургандай.

Эксперттер эмне дейт?

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, талапкерлердин саны 50гө барып калышы мүмкүн. Ал эми сөзсүз катыша тургандар деп төмөнкү ысымдарды атады:

- Биринчи менин оюмча, Атамбаев сөзсүз барат. Оппозициядан бир талапкер чыгат. Мүмкүн Текебаев, Байболов. Мадумаров... Айрымдары эмитен эле үгүт иштерин баштап алгандай. Марат Султановду азырынча так айтуу кыйын. Анткени “Ата-Журттун” ичинде көп эле чыр болуп жатпайбы.

Юридикалык илимдердин доктору, саясатчы Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, президенттик шайлоо акчалуулардын таймашы болот:

- Кыргызстанда эки эле күч бар. Бири акчалуулар, экинчиси бийликтегилер. Булар бири-бири менен байланышып калган. Ошондуктан кимдин чөнтөгүндө тыйыны болсо, ошол эле шайлоого бара берет. Анткени бизде шайлоо системасы ошого ылайыкталып түзүлүп калган. Ал эми тыйыны жоктор шайлоого бара албайт.

Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, саясий күчтөр жана саясатчылар келечекте блокторго биригип, бири-бирине кошулушу күтүлөт.

Албетте Кыргызстандагы шайлоолорго сырткы күчтөрдүн өтө олуттуу таасири болот. Бул өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо өзгөчө даана көрүндү. Азыркы мезгилде сырткы таасир этүүчү күчтөрдүн негизгиси болгон Орусия бир нече талапкерлер менен байланыш түзүп, аларды салмактап, баалап турганы маалым.

11-майда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев президенттик шайлоо октябрь айынан калбай өткөрүлүш керектигин билдирип чыкты. Нарынбаевдин айтымында, президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн. Ошондуктан сентябрь айында шайлоону өткөрүү максатка ылайыктуу. Анткени азыркы президент Роза Отунбаеванын ыйгарым-укуктары 31-декабрда соңуна чыгат. Ага чейин президент шайланып калууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG