Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Өкмөттүн жаңы түзүмү парламентке жөнөтүлдү


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 12-сентябрь, 2012.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 12-сентябрь, 2012.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн жаңы түзүмүн парламентке жолдоду. Анда олуттуу өзгөрүүлөр жоктугу айтылууда.

Жаңы структура боюнча 27-декабрда өкмөттө жабык жыйын болгон. Ошондуктан анда кандай өзгөрүү болору белгисиз болуп калды.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, жаңы структура тууралуу өкмөт башчы өзү маалымат берет. Даярдалган жаңы структура декабрь айынын аягында парламентке жөнөтүлдү дейт Оторбаев:

- Биздин премьер-министр декабрь айынын аягында Жогорку Кеңешке өзүнүн каты менен жаңы структураны жөнөткөн.

Оторбаев жаңы структурада көп эмес өзгөрүү бар деп кошумчалады.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жылы сентябрь айында кызматына киришип жатып, өкмөттүн структурасына жана курамына ыраазы эместигин, жыл соңунда жаңы структура сунушталарын билдирген.

Азыркы кезде өкмөттө 16 министрлик, 5 агенттик, 9 мамлекеттик кызмат жана 5 инспекция бар. Алардын ичинде айрым органдар бири-бирин кайталаган учурлар да кездешет. Мисалы, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бар. Ушундай эле аталыштагы жана функциялары да окшош Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик да бар.

Талдоочулар Жаштар министрлигинин түзүлүшүн да кескин сынга алып келатат. Коомчулукта болсо бул органдын жаштарды үйлөндүрүү жана “Ала-Тоо финанс” атуу микрофинансылык уюм аркылуу насыя таратуу менен алек болгондон башка иши анчейин байкалбаганы айтылып келет.

Оппозициялык саясатчы Бегалы Наргозуев өкмөттүн азыркы структурасы талапка жооп бербейт деп эсептейт:

- Бул структура фракциялардын суроо-талаптарына жараша түзүлгөн. Ошон үчүн мурун өздөрү сындап жүрүшкөнүнө карабай, министрликтердин саны кыскарбай, кайрадан узарып кетпедиби. Ошон үчүн бул структура сөзсүз реформаланыш керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров өкмөттүн структурасын кыскартуу жагы ишке ашпай келатат деп сынга алды:

- Кыскартуу деп айтып атабыз. Бирок кыскарткан менен ордуна башка бир органдарды, департаменттерди түзүп алып, ошол бойдон келатабыз. Менин оюмча, көп министрликтерди чакан-чакан кылып түзүп, керек эмес министрликтерди жок кылганга чейин даяр болушубуз керек.

Улукбек Кочкоров Айыл жана суу чарба министрлигинин ишине кескин нааразылыгын билдирип, аны приоритетке жараша Суу чарба министрлигине айлантуу керектигин кошумчалады.

Өкмөт мүчөлөрүндө да жаңы структура боюнча айрым ойлор айтылып келаткан. Маселен, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Тышкы иштер министрлигин күчөтүп, Тышкы иштер жана тышкы соода министрлиги кылып түзүүнү сунуштаган. Азыркы кезде өкмөт тарабынан мурунку Финансы полициясынын ордуна түзүлгөн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка да нааразылык айтылып келатканы белгилүү. Бул уюмду да өзгөрүү күтүп турганы айтылууда.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин парламенттеги билдирүүсүнө караганда, структуранын өзгөрүүсү менен аны кошумча каржылоо пайда болбойт. Өкмөттүн кызматтан кетүүсү да талап кылынбайт.

Эми парламент жаңы жылдык эс алуулардан кийин өкмөттүн жаңы структурасын кароого киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG