Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Каптагаевдин колдогондору да, каршылары да митингде


27-июнда Каракол шаарында жаңыдан дайындалган өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди кетирүү талабы менен митинг өтсө, эртеси аны колдогондор чыкты.

Эмилбек Каптагаевди колдоп чыккандар ага иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү, туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратпоону талап кылышууда. Бир айдын ичинде эле Кумтөр чатагынын айынан облуста үч губернатор алмашты.

Жума күнү Каракол шаарында өкмөттүн Ысык-Көл облусуна дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаевди колдогон адамдар митингге чыкты. Акцияга чыккан элүүдөй адам бир күн мурда Каптагаевди кетирүүнү талап кылгандарга каршы экенин айтышып, элди ынтымакка чакырды. Анын катышуучуларынын бири-Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн депутаты Нурлан Усупов жаңы губернаторго мүмкүнчүлүк берүү керек дейт:

- Өкмөт дайындагандан кийин 20-30 киши чогултуп алып эле кетсин деген туура эмес да. Ошондойлор токтотулсун, туристтер келчү маал келатат, тынчтык болсун деп чыктык. Ысык-Көлдүн эли жалаң насыя алып, пайда таап алайын деп жайды күтүшөт. Кечээ чыккандарды көрүп алып, бүгүн анан ар кайсы айылдан, райондон аттуу-баштуу адамдар келди.

27-июнда Жети-Өгүздө Кумтөр маселесине байланыштуу 500дөй эл чогулуп, мурдагыдай эле “Центерра” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселесин коюшкан. Анын соңунда жүздөй адам Каракол шаарына барып, Каптагаевди кызматтан кетирүүнү жана 15 күндүн ичинде жаңы губернатор дайындоону өкмөттөн талап кылышкан. Ал митингдин катышуучусу Кубат Токсобаев талаптар аткарылбаса, жаштар кайрадан нааразылык акциясына чыгышы мүмкүн экенин билдирди:

- Каптагаев өзү кызматтарда турганда туура эмес иштерди жасаптыр. Ысык-Көл биосфералык аймагында жетекчи жана Жети-Өгүздө аким болуп тургандагы туура эмес иштери бар экен. Мисалы, эмне үчүн аким болуп турган кезде Кумтөр маселесин чечкен эмес. Өкмөт жаңы губернатор дайындабаса жана тез аранын ичинде Кумтөр маселесин чечпесе, жаштар кайрадан чыгабыз деп жатышат.

Каптагаев бир айдын ичинде эле Көлгө дайындалган экинчи жетекчи. Мирбек Асанакунов бир ай мурда Кумтөр боюнча митингдин арты кырдаалды курчутуп, Жети-Өгүзгө өзгөчө кырдаал киргизилгенде кызматынан алынып, ордуна Токон Мамытов дайындалган. Бирок Мамытов өткөн аптада, вице-премьер-министрликке бекитилип, анын ордуна 26-июнда өкмөттүн өкүлү болуп Эмилбек Каптагаев барды. Каптагаев өзү “Азаттыкка” аны кызматтан алуу боюнча талапка карата буларды билдирди:

- Бул жалпы элдин, райондук же облустук активдин пикири эмес да. Бир топ жаштар кандайдыр бир адамдардын таасири менен мен боюнча ушундай бир акция жасашты. Өздөрүнүн сөздөрүн айтышты. Мен ага анча кабатыр болгонум жок.

27-июнда Жети-Өгүздө Кумтөр маселесине байланыштуу жана Эмилбек Каптагаевди кетирүү боюнча чыккан эл менен вице-премьер-министр Токон Мамытов да жолуккан. Ал 28-июнда “Азаттык” менен маегинде алардын талаптарын өкмөткө жеткиргенин айтты.

- "Ылайыктуу жаш жигиттерден да губернатор койсо болбойбу, эмне үчүн баягыдай эле эскилерди алып келип жатасыңар, ушуну премьер-министрге айтып барыңыз” дешти. Бүгүн болсо мен өкмөт башчы менен жолугуп, ал кишиге көлдүк туугандардын айткан талаптарын жеткирдим.

Ал эми Каптагаевдин пикиринде, элдин Кумтөр боюнча коюп жаткан талаптары толугу менен туура. Бирок аларды чечүүгө бир аз убакыт керек.

Февраль айынан бери “Центерра” менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди бузуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөт күзгө чейин убакыт берүүнү суранган. Аны парламент да колдоп, сентябрга чейин мөөнөт берген. Ошондой эле Жогорку Кеңеш эгер “Центерра” менен орток пикир табылбаса, анда келишимди бир тараптуу бузуу милдетин койгон.

XS
SM
MD
LG