Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Парламент курч маселелерди карабай жатат


Депутаттар бир катар чуулгандуу делген иштер Жогорку Кеңештин күн тартибине кирбей, улам артка жылып калып жатканын айтышууда.

Маселен, алар Мамлекеттик дирекциянын иши, Батукаевдин бошотулушу боюнча өкмөттүн отчету парламентте талкууланбай келатканын мисал тартышат. Ал эми өкмөттүн өкүлдөрү болсо аталган маселелерди депутаттар ашыкча саясатташтырып жиберишти деген ойдо.

“Токтом бар, чечим жок”

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар күн тартибине киргизүүнү талап кылып келаткан эки маселе тең өкмөткө байланыштуу. Бири Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине байланышкан парламент токтому болсо, экинчиси - азыркы өкмөт башчы 2010-11-жылдары жетектеген Ош жана Жалал-Абадды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иши.

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Батукаев боюнча өкмөттөн отчет алууну Жогорку Кеңештин жыйынында спикерден бир канча ирет талап кылган. Депутат келерки аптада сөзсүз бул маселе парламентте талкууланууга тийиш деп эсептейт.

- Келерки жумада биз сөзсүз карашыбыз керек. Себеби, эл күтүп жатат. Мамлекеттик чоң аткаминерлерге кандай чара көрүлдү деген суроого жооп болуш керек. Анткени бүгүнгө чейин бирине да чара көрүлгөн жок.

Кылмыш дүйнөсүнүн “анабашы” делген Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгына ылайык, парламент токтом кабыл алган. Анда бир канча жетекчилерди маселен, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди жана башка ортоңку катмардагы бир катар адамдарды кызматтан алуу сунушталган. Алардын ичинен Атаханов гана өз арызы менен кызматын тапшырган болчу.

Депутаттар саясатташтырып жатат

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Батукаев боюнча башкы прокуратура иштеп жаткандыктан, анын жыйынтыгы күтүлүп жатканын айтты.

- Маселени парламентке алып чыгуу депутаттардын өзүнүн иши, премьер-министрдин ага эч кандай тиешеси жок. Бул боюнча өкмөт башчы жооп бергенге даяр. Азыр бирок тергөө комитети ишти иликтеп жатат.

Ошол эле кезде депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны иликтеп чыгып, аны парламентте талкуулоо даяр. Өткөн аптада аны да парламентте кароону “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров да талап кылды.

Комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев Кумтөр сыяктуу олуттуу маселелер талкуулангандыктан, дирекциянын ишин кароо жылып келатканын, бирок бул маселеде өкмөт башчынын дарегине суроолор бар экенин билдирди.

- Сентябрдын акырында эле бүткөнбүз. Октябрдан бери күн тартибине киргизгиле деп айтып жатабыз. “Кумтөр” жана башка маселелер каралып, кезек жетпей калып жатат. Бирок бул маселени биз жакында алып чыгабыз. Азыркы өкмөт башчы дирекцияны жетектеп турганда финансылык мыйзам бузууларга жол берилген.

Анткен менен өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов дирекцияга байланышкан маселе айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгына барып такалат дейт.

- Муну депутаттар саясатка аралаштырып жатат. Мамлекеттик дирекциянын иши жүз пайыз саясат. Өкмөт башчы бул боюнча бир канча ирет пикирин айткан. “Эгер өкмөт башчы болбогонумда, президенттик администрациянын башчысы болуп кетпегенимде, Ошту калыбына келтиргеним үчүн мени чоң даражада сыйлашы да мүмкүн эле",- деп айткан.

4-ноябрда президент башында турган Коргоо кеңешинде саясий коррупцияны жоюу маселеси талкууланды. Талдоочулар саясий коррупция өзгөчө парламентте бар экенин айтышат. Буга алар депутаттардын жеке же кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн кээ бир адамдарды коргогон же аларга чабуул жасаган учурларын мисал тартышууда.

XS
SM
MD
LG