Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Келдибековдун иши депутаттарды кагыштырды


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Мурдагы спикер, камактагы депутат Акматбек Келдибековдун 2011-жылы Москвага Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачканы боюнча маселе 24-апрелде парламентте териштирилди.

Бул боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Москвага Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу мыйзамдуу болгон десе, баш прокурор Аида Салянова аны тескерисинче мыйзамсыз деп атады. Бул талаш Жогорку Кеңеш депутаттарынын эки жаат болуп кайым айтышуусуна чейин жетип, кызуу кандуулукка алдырган эл өкүлдөрү да болду.

Талкууланбаган корутунду

Убактылуу депутаттык комиссия экс-спикер Акматбек Келдибеков 2011-жылы Жогорку Кеңеш төрагасы болуп туруп, Москвага парламент өкүлчүлүгүн ачкан учурда мыйзамдар бузулган эмес деп тапкан. Ал корутундуну Жогорку Кеңеш талкуулабастан туруп, көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Буга айрым депутаттар, аны менен бирге КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков нааразы болду.

- Депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө бир топ суроолор бар эле. Суроо берсек эл да, биз да жооп алат элек.


Ошону менен бирге кээ бир депутаттар аталган маселе боюнча чакыртылган баш прокурор Аида Салянованын пикирин угууга да каршы чыкты. Талаштын соңу өз кезегинде 2010-жылдын апрель, июнь окуясындагы эски жараларды да козгоп, депутаттардын кайым айтышуусуна түрткү болду. Кызуу кандуулукка алдырган эл өкүлдөрүн спикер араң тынчытты.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.
Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Башкы прокурордун сотко жете элек иш үчүн Келдибековду күнөөлүү деп айыптаганына нааразы болду:

- Ошондуктан башкы прокурордун сүйлөгөнүнүн кереги жок. Тизмелерди көрсөтүп, канча деген схема бар деп айтып чыккан. Күнөөсү жок адамдарга соттун чечимине чейин эле жамандап, көө сыйпап койгон. Адилеттүүлүк деген болуш керек да.

Башкы прокурордун жүйөөсү


Акырында сөз алган баш прокурор Аида Салянова Москвага өкүлчүлүк ачууда Келдибеков тарабынан мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин регламенти да бузулган деп эсептейт. Салянованын оюнча, эч бир расмий иш жүргүзбөгөн бул өкүлчүлүккө бюджеттен 9 млн. сом каражат жумшалган.

- 2011-жылдын 1-мартындагы буйругу менен атайын өкүлчүлүктүн штатын жана айлык-акыларын бекиткен. Анын штатын 8 адам деп бекитип, айлык акысын доллар менен көрсөткөн. Ошондой эле кызматкерлердин маянасын Москвадагы элчиликтин айлык акыларына теңеген. Ал кездеги регламент боюнча Жогорку Кеңештин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү коомдук башталышта, башкача айтканда, айлык албастан гана иштеши керек болчу.


Келдибековду күнөөлүү, күнөөлүү эмес дегендер

Бирок депутаттык комиссиянын мүчөсү Надира Нарматова Келдибековдун Москвага өкүлчүлүк ачуу чечими Жогорку Кеңештин токтому менен ишке ашканын айтып, депутатты курулай айыптоо жүрүп жатканына токтолду:

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.
- Комиссия мүчөлөрү парламент өкүлчүлүктү зарылчылыктан улам түзүп, баары мыйзам чегинде болгон деген жыйынтыкка келдик. Себеби, бул жерде эсеп палатасынын мыйзам бузулган эмес деген корутундусу да бар. Баары парламентте жалпы добуш менен чечилген.

Парламенттин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков өткөн жылдын 22-ноябрынан бери камакта. УКМКнын абагына камалган экс-спикер бул аралыкта колу-бутунан операция болуп, ооруканада дарыланууда. Бир катар коррупциялык аракеттер боюнча айып таккан Башкы прокуратура Келдибековду жогорку кызматта турган кездеринде мамлекетке зыян алып келген деп бекемдөөдө. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүктү ачуусу мыйзамсыз болгон.

- Ким күнөө кылган болсо, жооп бериши керек. Ким уурулук кылган болсо түрмөдө отуруш керек. Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу мыйзамсыз болгон. Ага кеткен чыгымдардын баары ордуна кайтарылышы зарыл.


Башкы прокурор Аида Салянова билдиргендей, учурда экс-спикерге байланыштуу кылмыш иштери тергелип бүттү, бирок тергөө токтомуна Келдибеков кол койбой жатат. Муну ал коюлган айыптар менен макул эместиги менен түшүндүргөн. Ошого байланыштуу ишти сотко өткөрүү кечигүүдө.
XS
SM
MD
LG