Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кумтөр долбоорун "Ата Мекен" колдогон жок


Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. 2012-жыл.
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. 2012-жыл.

“Кумтөр” долбоору боюнча канадалык “Центерра” менен жаңы келишим түзүү боюнча өкмөттүн сунушун “Ата Мекен” фракциясы четке какты.

Социал-демократтар фракциясы болсо “Центерра” менен тең шериктик негизде жаңы ишкана түзүүнү караган меморандумду колдоду. “Ата Мекен” фракциясы өкмөт Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 67 пайызга жеткире алган жок деген негиз менен ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине келди.

Кыргызстандын үлүшү элүүдөн ашкан жок

Өкмөт башчысы “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн элүү пайыздан ашырууга мүмкүн эместигин кайталады. Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра” менен соңку сүйлөшүүдө кыргыз тарап 2026-жылга карата үлүштү 17 пайызга көбөйтүүгө жана калдык сактоочу жайды иштетүү укугуна ээ боло турганы чечилгенин айтып берди. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев өкмөт мурдагы эле долбоорду кайра көтөрүп келди деп сынга алды:

- Биз 50-50 деген баягы эле кыйкырыкты угуп жатабыз. Мында эч кандай негиздүү жүйө келтирилген жок. “Кудай буюрса биз көп киреше алабыз” деген эле куру сөз. Эмне үчүн сиздер сүйлөшүү жүргүзүүдө мурдагы коррупциялык жол менен түзүлгөн эреже менен иш алып бардыңыздар? 2003-2009-жылдардагы келишимдер кылмыштуу макулдашуулар болгон деп алып, бирок алардын шарттарын карманууга сизге эмне түрткү болду?

​Буга чейин өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев үлүштү 67 пайызга көтөрүүгө же болбосо долбоордон бир тараптуу чыгууга 2009-жылдагы келишимдин шарттары жол бербестигин эскерткен. Сатыбалдиев сүйлөшүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын жакшыртуудан мындан башка укуктук негиздер табылбаганына токтолду:

- Мына ошол мурдагы келишимдердин мыйзамсыз түзүлгөнү боюнча биз илинчек таба алган жокпуз. Анан эми 2009-жылкы келишимде Кыргызстан долбоордон бир жактуу чыга албайт деп жазылып калыптыр. Ошондуктан мен үлүштү элүү пайыздан жогорулатууга мүмкүн эместигин айткам. Келишимден бир жактуу чыга турган болсо, соттук териштирүүлөр башталат. Өндүрүшкө таасир этет. Анын кесепеттери чоң боло турганын адистер айтып эле жатышат. Башка жол жок.

Майда акционерлер кимдер экени белгисиз бойдон калды

"Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары алтын кен долбоорун баштан-аяк иликтөөдөгү өкмөттүн кайдыгерлигине басым жасашты. Кумтөрдөгү кылмыштуу аракеттерди далилдөөдө эч кандай аракет жасалбаганы айтылды.

“Центерранын” майда акционерлери боюнча маалымат эмнеге жоктугун айткан эл өкүлдөрү андагы кыргыз жарандарынын көмүскө үлүшү ачылбай жатканына токтолушту.

“Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров майда акционерлер тууралуу маалымат аларга карата кылмыш иши козголгон шартта гана бериле турганын айтты:

- Канаданын мыйзамы боюнча майда акционерлер тууралуу маалымат берилбейт экен. Алар туурасында жада калса “Центерранын” жетекчилиги өзү билбейт. Биржада эгерде кандайдыр бир маселе жаралып, Канаданын мыйзамы боюнча аларга каршы иш козголгон шартта гана алар туурасында билүүгө болот экен.

Кылмыш иши бар, жоопко тартылгандар жок

“Кумтөр” долбоорундагы экологиялык зыяндын өлчөмү мамлекеттик комиссиянын корутундусунда 5 миллиард АКШ долларына бааланган. Ал боюнча доо арыз сотко берилгени менен сот органдары аны өндүрүшкө алуудан баш тартышкан. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев мамлекеттик комиссиянын корутундусунда сунушталган конкреттүү кызмат адамдарына эмнеге иш козголбогонуна кызыкты:

- Мына ошол экологиялык зыянга жол берген жана коррупциялык иштерге аралашкан “Кумтөр оперейтинг компани”, “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр голд майнинг” сыяктуу кошоктошкон компаниялардын жетекчилерине карата ушул кезге чейин кылмыш ишин козгобой жатышат. Бул боюнча тиешелүү фактылар комиссиянын корутундусунда келтирилбеди беле. Эмнени күтүп жатасыңар?

Баш прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу кылмыш иши факты боюнча гана козголгонун белгиледи. Ошондуктан учурда тергөө аягына чыга электигин айткан прокурордун орун басары анын жыйынтыгы боюнча гана кызмат адамдарына айыбы угузулаарына токтолду:

- 2013-жылы август айында эле бул боюнча иш козголгон. Ал жерде жанагы мөңгүлөргө 135 метрге чейин чыгарууга биздин эле мамлекеттик органдар уруксат берип коюшкан экен. Анан бул бул маселе боюнча фактынын негизинде иш козголгон. Бардык жагдайлар толук изилденгенден кийин ага карата жоопкерчиликтүү жактарды аныктайбыз.

Парламенттин “Ата Мекен” фракциясы өкмөт үчүнчү ирет алып келген “Кумтөр” меморандумун четке какты. Социал-демократтар фракциясы болсо көпчүлүк добуш менен аны колдоду. Бул фракцияынын көпчүлүк мүчөлөрү өздөрүнүн кабыл алган чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Парламенттин жалпы жыйынында кыргыз өкмөтүнүн соңку долбоору жактырылса, анда “Центерра” менен теңшериктик негизде биргелешкен ишкана түзүлмөкчү.
Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү (Азаттыктын архивинен)

XS
SM
MD
LG