Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Жогорку Кеңешке алты партия өттү


БШКнын алдын ала маалыматы боюнча алты партия аймактык босогодон өтүп, алдыга чыгышты. Калган сегиз партия жети пайыздык чектен аша албады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун маалыматына ылайык, 4-октябрда катышкан шайлоочулардын жалпы добушунун жети пайыздан жогорусун алган КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары аймактык босогодон да өтүп, алдыга чыгышты.

Тасмада: Москвада шайлоого катыша албай калган мигранттар бийликке нааразы

Москва: добуш бере албай калгандар нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

КСДП шайлоочулардын 27,48% добушу менен 37 мандатка, “Республика Ата-Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка, “Кыргызстан” 12,75 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот. “Өнүгүү-Прогресс” 9,32% менен 13 орун алса, “Бир Бол” партиясы 8,44% добуш менен 12 орунга жетишет. “Ата Мекен” 7,76% добуш менен 11 мандатка ээ болору болжолдонууда.

Тасмада: Добуш берүү маалында Ош шаарындагы шайлоо участокторунун биринде ызы-чуу чыкты.

Ош: Шайлоо участогунда ызы-чуу чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Шайлоого «Азаттык», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Кыргызстан элдеринин конгресси», «Улуу Кыргызстан», «Замандаш», «Аалам», «Республика - Ата-Журт», КСДП, «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан - Эмгек», «Ар-намыс», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары - баары 14 партия катышты.

Партиялардагы талапкерлердин тизмеси боюнча ала турган болсо, анда алдын ала мандаттар төмөндөгүдөй бөлүнөрү айтылууда. Бирок партиялар өз чечимдери менен бул тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизиши толук мүмкүн.

Тасмада: “Азаттык” Бишкектеги Ош базарында иштеген соодагерлер “Шайлоого бардыңызбы?” деген суроо узатты.

Базарда шайлоо шаңы кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Кыргызстандагы шайлоо тууралуу дүйнөлүк басма сөз каражаттары да жазып чыкты. "Кыргызстандык партияларга көсөмдүк жетишпей жатат" деп жазды Жапониянын Asian Nikkei Review басылмасынын журналисти Якопо Деттони.

DailyMail гезити "парламенттик шайлоодо орусиячыл партиялар жеңишке жеткени калды" деп жазат.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын англис тилиндеги веб сайтында да шайлоого чыккан партиялардын көбү тышкы саясатта Орусияга ыктап жатканы белгиленип, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден улам, муну туура түшүнсө болору жазылган.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу толук маалыматты бул жерден таба аласыз.

XS
SM
MD
LG