Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Жаңы кызмат депутаттардын сынына кабылды


Kyrgyzstan - chair, generic, undated
Kyrgyzstan - chair, generic, undated

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жүрүп жаткан сынакка депутаттардын жакындары катышып, аз добуш алган.

Сынакты өткөрүп жаткан комиссиянын мүчөлөрү ошон үчүн эл өкүлдөрү сындап жатат деп эсептешет. Кээ бир депутаттар бул кызматты Конституцияга каршы орган десе, айрымдар ага кызматкерлерди алуудагы сынакта мыйзам бузуулар орун алып жатканын айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу демилгеси менен чыгууда.

Сынакка сын айтылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жаңы кызматкерлерди алуу үчүн жүрүп жаткан сынак боюнча маселени депутаттар 12-апрелде жалпы жыйында кароону пландап, бирок аны алгач комитетте кароо чечимине келишти. Ушул эле маселе 11-апрелде да парламентте талкууланган.

“Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бегматовдун айтканына караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жүрүп жаткан сынакты өткөрүү жакшы даярдалган эмес.

- Азыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тестирлөө жүрүп жатат. Ал атайын комиссиянын түзгөн жол-жоболору боюнча өтүүдө. Бирок азыр көптөгөн кайрылуулар келүүдө. Менин жеке оюмча да комиссия сынак өткөрүп, тандап алууга жакшы даярданган эмес.

Ошондой эле депутат кыргыз тилинде сынак тапшырууга шарт түзүлбөгөнүн сынга алды. Мындай пикирге “Ата Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков да кошулду.

- "Комиссиянын төрагасы Жоомарт Оторбаев, анын орун басары Бактыбек Аширов кыргызча билбесе эле, тестирлөөнү орусча кылып койобу? Кыргыз тилинде өткөрсүн" деп суранышууда. Айылдан келген, кыргыз мектептерде окуган балдар бар экен. Алар "бизге оор болуп жатат" дейт.

Талаш туудурган жаңы мекеме

Ал эми айрым депутаттар өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Каржы полициясын жоюп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызмат түзүүсү Баш мыйзамга каршы келет деп айтып чыгышты. Мындай пикирин “Ата Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков билдирүүдө. Анын белгилешинче, мыйзамдарды өзгөртпөй туруп, өкмөт башчы жаңы мамлекеттик орган түзүүгө укугу жок болчу.

Ушул эле фракциянын депутаты Курманбек Осмоновдун “Азаттыкка” айтканына караганда, жаңы органды мыйзамсыз деп айтууга болбойт. Бирок ошол эле кезде аны түзүү парламентте каралышы керек болчу дейт.

- Өкмөт жаңы органды түзүмүнө киргизүү боюнча маселени Жогорку Кеңешке коюш керек болчу. Коалиция түзүлүп, жаңы өкмөт куралар алдында да парламент анын түзүмүн, курамын Баш мыйзамга ылайык аныктап берген.

15-мартта премьер-министрдин буйругу менен Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы түзүлгөн. Анын жетекчисин жана орун басарларын өкмөт башчы өзү дайындап, калган бардык кызматкерлери жаңы сынактын негизинде жумушка алынмак. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева премьер-министр өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан жок деп эсептейт.

- Азыркы учурда өкмөттө 15 министрлик жана бир комитет бар. Өкмөт куралып жатканда Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен өкмөттүн курамын, алардын башчыларын бекитип берген. Алардан тышкары, бир топ мамлекеттик административдик ведомстволор бар. Аларга агенттиктер, кызматтар жана инспекциялар кирет. Булардын структураларын бекитүүгө өкмөт башчынын укугу бар.

Жеке таарыныч барбы?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жаңы кызматкерлерди алуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев дайындалган болчу. Оторбаев кыргыз тилинде да, орус тилинде да сынак тапшырууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

- Тестирлөөнүн алдында "кайсы тилде тесттен өтөсүңөр" деп маалымат берип жатышат. Ошон үчүн мамлекеттик тилде, же расмий тилде тапшырууга талапкерлердин толук мүмкүнчүлүк бар.

Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген. Комиссиянын мүчөсү, “Интернет саясат боюнча жарандык демилге” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиеванын билдиришинче, депутаттардын жакындары жана туугандары сынактан аз упай алып калган. “Эл өкүлдөрү ошон үчүн нааразы болуп жатса керек” дейт.

- 14 депутаттын тууганы тестирлөөгө катышып, бирок алар 50дөн аз упай алып калышты. Кээ бирөөлөрү 60ка жетпеген упай алган. Азыркы иштеп жаткан үч министрдин да жакындары катышып, аз упай алышты.

Мамбеталиеванын айтымында, депутаттардын жана жогорку мамлекеттик кызматкерлердин тандоо комиссиясына таасир этүү аракеттери байкалды. Бирок комиссия мүчөлөрү сынак таза жана ачык-айкын өттү деген ойдо. Тестирлөө компьютер аркылуу жүрүп, эң башкысы анын жыйынтыгы ошол замат белгилүү болуп турган. Тестирлөөдөгү эң жогорку чек - 100 упай.

Жаңы кызматта иштөө ниетин жалпысынан 1545 адам билдирип, анын ичинен тестирлөөгө бүгүнкү күнгө карай 1245 адам катышкан. 13-апрель - сынактын акыркы күнү.

Тестирлөөдөн жогорку упай алгандар андан ары аңгемелешүүдөн жана дене-тарбия боюнча сынактан өтүшөт. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы үчүн баш-аягы 215 кызматкер алынышы керек. Аталган мекемени кайра башынан түзүү анын натыйжалуулугун арттырып, паракорчулукка каршы күрөштү күчөтүүнү көздөй турганын айтышууда.
XS
SM
MD
LG