Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Жүз күн: алгачкы жыйынтыктар


Кыргыз өкмөтү 100 күндүк программасынын жыйынтыгын чыгара баштады.

Экономиканын бардык тармактарында кескин реформаларга бурулуш жасоо максаты көрсөтүлгөн программа максатына жеттиби? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Биздин эсеп боюнча азыркы өкмөт ишке киришкенине кийинки аптада жүз күн болот. Азыртадан жыйынтыктар айтыла баштады. Темир мырза, сиздер алдыңыздарга койгон максаттар канчалык деңгээлде ишке ашты деп айта аласыз?

Сариев: Дүйнөлүк тажрыйбада жаңы мамлекет башчысы шайланып, жаңы өкмөт куралганда биринчи жүз күн алардын багытын аныктоо болуп эсептелет. Мына ушул жүз күн боюнча эл аларга кайсы багытта саясат жүргүзө алат деп баа бере алат. Биз да жаңыдан коалициялык өкмөт болуп түзүлгөндө өзүбүзгө жогорку чек коюп, жүз күндүк программа иштеп чыкканбыз. Ошонун негизинде 57 пункттан турган программа иштелип чыккан. Анын ичинен 22 пункту биздин министрликте.

Бүгүнкү күнгө чейин анын жыйырмасын толук аткардык. Аткарыла электери: Эмгек кодекси жана ипотекалык насыя. Эмгек кодекси учурда чоң талкууга түшүп жатат, бул боюнча биз кызыкдар тараптар менен жолугуп атабыз. Ипотекалык насыяга байланыштуу "Өнүктүрүү банкы тууралуу" мыйзам иштелип жатат. Жалпы өкмөт боюнча айтып кетсем, бир топ министрликтер отчетун беришти, менимче, апрель айында жүз күндүк боюнча өкмөт парламентте маалымат берет.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Сарыбаев: Темир мырза туура белгилеп кетти, алгачкы коюлган жүз күндүк программасы - өздөрүнүн жөнөкөй гана иш планы, аларды кантип ишке ашыруу тууралуу гана маселелер каралыптыр. Ал жерде ички дүң продукциянын структурасын, салык жана башка саясаттарды кескин өзгөртүп жиберели деген жери жок. Болгону гана өкмөт мүчөлөрүнүн иш планын жазып, аларды өздөрүнчө бекитип алып кароо маселелери. Ошондуктан чоң өзгөрүү болууга тийиш эле деп күтүүгө болбойт.

Анын үстүнө жыйырма эки жылдан бери талкаланып бүткөн, коррупцияланып, системаланып калган экономиканы жүз күндө оңдоп жиберет деген болбогон сөз. Бирок бул өкмөттүн аракет кылып жатабыз деген сөзү элде чоң үмүт пайда кылган болчу. Тилекке каршы өкмөттүн азыркы курамы, алардын компетенттүүлүгү башынан эле күдүк ойлорду туудурган. Арасында тың, мыкты жигиттер бар, бирок алар баары бир жалпы маселени чече албайт. Ошондуктан өкмөттүн жүз күндүк программасы толугу менен ишке ашкан жок, ишке ашуусу мүмкүн да эмес болчу.

“Азаттык”: Өкмөттүн программасында “Жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу, бийликтин коомчулук алдындагы ачык-айкындыгы, адам укуктарын жана эркиндигин сактоо, жеке менчиктин кол тийбестиги, коррупция менен күрөш жана башка” деген мурдагы бийликтердин тушунан бери эле айтылып келаткан убадалар бар. Баягы кооз сөздөр менен эле чектелип калып жаткан жокпу?

Сарыбаев: Албетте мунун баары декларация. Декларация бардык эле партияга, бийликке мүнөздүү. Ал эми ошол декларацияны ишке ашыруу –таптакыр башка нерсе.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG