Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөт 100 күндө элди ишендиргени жатат


Кыргыз өкмөтү жакынкы 100 күндүк иш-чаралар планын сунуш кылганы турат. Эгер ал максаттын өтөөсүнө чыкпаса, премьер Өмүрбек Бабанов керт башы менен жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Аты айтып тургандай, жаңы министрлер кабинети экономиканы кризистик кырдаалдан чыгаруу боюнча чукул чараларды көргөнү жаткан сыягы бар.

Мамлекеттик бюрократияны кескин кыскартуу, кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук жолго салуу, мыйзамды бузгандарды кызматына жана коомдук даражасына карабастан жазалоо аркылуу чын эле элдик өкмөт экенин жүз күн ичинде далилдегени жатат деп премьер ишендирүүдө.

Акаев да, Бакиев да өз кезинде коррупцияга каршы күрөш жарыялап, жеңе алган эмес эле. Ал тушта же кайсы бир институттун жарыбаган маяна алган доцентин, же орто звенодогу салыкчыны пара менен кармадык деп, эл көзүнө дуулдата отчет берүү менен коррупцияга каршы күрөш тамам болчу. Азыркы өкмөт коррупциянын жолун кантип бөгөгөнү жатат?

Таласка иш сапары, 27-январь, 2012-жыл
Таласка иш сапары, 27-январь, 2012-жыл
- Бир эле мисал: жолду видеокамералар көзөмөлдөйт, эрежени бузган ким болбосун, бийлигине жана коомдук даражасына карабастан, дарегине олчойгон айыппул жазылган кагаз келет. Коррупция бай же кедей өлкөгө карабайт, журт башчылары таза болсо, калганы ага карап түздөнөт. Бул иш-чаралардын биринчи баскычы бүткөндөн кийин мамлекеттик чиновниктердин маянасын көтөрүү аракети башталат, - деп түшүндүрдү Бабанов.

100 күндүк планда экономиканын бардык тармагы камтылган. Урунттуу учурларынан алсак, маселен, өкмөт быйыл айыл чарбасын бөтөнчө камкордукка алганы жатат. Ар бир дубанда бирден асыл тукум заводу ачылат, ар бир уйдан саалган сүт 3 миң литрге жетип, ар бир койдон 3 килодон кем эмес жүн алынат деген убада бар.

Абдан жакшы тилек, бирок эми өндүрүлгөн азык-түлүктү кайсы рынокто сатканы турушат? Анткени Казакстан менен Өзбекстан өткөрбөйт эмеспи. Мисалы, ушул күндөрү Ысык-Көл, Нарын, Таласта бир кило картөшкө 3 сомдон араң өтүп, ыйлаган дыйкандар “Азаттыкка” датын айтууда. Премьер Бабанов Казакстан менен соода жагын биринчи вице Азим Карашевге тапшырганын билдирди.

- Ооба, коңшу Казакстан Бажы биримдигине өтүп, бир катар тоскоолдуктар жаралды. Карашев азыр сүйлөшүп жатат. Бирок бул дүйнөлүк тажрыйба экен. Мисалы, быйыл эт абдан кымбат. Быйыл күздө кандай болоорун айтыш кыйын.

100 күндүк планда өкмөттөгү жана парламенттеги масштабдуу кыскартуулар аркылуу каражаттарды үнөмдөөгө өзгөчө басым жасалган. Ал ортодо социалдык тармактар аркылуу ар ким “блат” издеп, карылуу колдоочулары барлар калып, башы иштеген, бирок түрткөн кишиси жоктор кыскарып калат деген коркунуч бар деген кабар тарады. Алтурсун өкмөттө "мен Бабановдун кишисимин, сен Атамбаевдин кишисисиң" деген тымызын бөлүнүүлөр жөнүндө аңыз кеп айтылууда. Премьер Бабанов бул көрүнүштү мындайча баалады:

- Министрликтер коалициялык келишимге жараша бөлүштүрүлдү. Ар бир жетекчи өз командасын түзүүгө акылуу. Бирок анык адистерди сен ал фракциядансың, андайсың-мындайсың деп кетирбегиле деп айтылды. Ал эми жанагыдай чагымчыл сөздөр болсо мени менен президент Атамбаев экөөбүздүн ортобузга от жаккысы келгендердин аракети го. Кандай кылышпасын, Алмаз Шаршенович экөөбүздүн реформалар, Кыргызстандын келечеги боюнча оюбуз окшош.

Азыр мэрлер менен акимдердин шайлоосу эл-журттун бүйүрүн кызытып турган чагы. Акимдер менен мэрлер премьердин номенклатурасы эмеспи. Азыр эле ар жерде акимдикке талапкерлер жергиликтүү депутаттарды сатып алуу аракетин баштаган окшойт, андай маалыматка байланыштуу Өмүрбек Бабанов чечкиндүү чара көрөөрүн эскертти:

- Ошол миң доллар тараткан аким коррупционер болот да, миң долларга сатылган депутаттарды райондун эли кайра шайлашы керек. Мындай окуяларды укук коргоо органдары териштирет.

Премьер жакын арада энергетикалык толук көз карандысыздыкка жетүүгө, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга, ипотекалык колдоону камсыз кылууга сөз берди. 100 күндүк максат өтөөсүнө чыкпай калса, премьер керт башы менен жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.

- Бизге азыр саясый туруктуулук гана керек. Саясый багытына, жерине карап кырдаалды чайпалтсак, алга жыла албайбыз, - деп тыянактады Бабанов.

Кыргызстандын жаңы өкмөтү былтыркы президенттик шайлоодон кийин коалициялык негизде куралган. “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов буга чейин 1-вице-премьер болуп иштеген. Валентин Богатырев баш болгон талдоочулар “президент болсун, өкмөт болсун, өтө чукул убакыт ичинде элдин ишенимине жетпесе, Акаевдей 15, Бакиевдей 5 жыл күтпөйт, демек, кара жанын карч уруп, айтканын аткаруудан башка чарасы жок” экенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG