Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Өмүралиев: Жаңы өкмөткө саясий эрк керек


Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев

Өкмөттүн жаңы курамы тууралуу “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун директору, көз карандысыз талдоочу Кубанычбек Өмүралиев ой бөлүштү.

- Жаңы өкмөттүн курамына мурдагы бийликтин тушунда иштеген аткаминерлер кайра келип, министрлердин кесипкөйлүгү эске алынбай калды дегендер бар. Эмне себептен, кандай принциптердин негизинде мындай өкмөт куралды?

- Эми мындай пикир коомдо бар. Бул нерсе факт түрүндө далилденди. Бирок парламенттик системанын табияты ушундай да. Өзүңүздөр билгендей, коалиция түзүлдү. Анан коалицияга кирген төрт фракция өзүнүн талапкерлерин көрсөтпөдүбү. Бул жерде мурунку эле Бакиев, Акаевдин бери иштеген аткаминерлер да кайра бийликке келди. Бул жөнүндө парламенттин ичинде да айтылды. Бирок жыйынтыгында өздөрү, 120нын 116сы ошого макул болбодубу. Бул эми шайланып келген парламент. Ага кандай пикир айта алабыз? Бул факт.

- Ошол эле коалицияга кирген фракциялар жаңы жүздөрдү, жаш адистерди көбүрөөк алып келсе болот беле?

- Андай маселе талкууда да айтылды. Жаштарды алып келсе болмок. Бир-эки жума ичинде коалициялардын ич ара тартышуусунан кийин, компромистин натыйжасында келип чыккан жетекчилер бекитилди деп ойлойм.

- Эми жаңы куралган өкмөт кандай өкмөт болуп, кантип иштеп бере алат?

- Ушул нерсе эң негизги суроо. Бизде өкмөттө реформа жасарда системалык түрдө мамиле жасаш керек болуп жатат. Бул жолу министрлик, мекемелер кыскарбадыбы. Бул жерде маанилүү болгон нерсе, ал жерде иштеген адамды, же аларга бериле турган акчаны кыскартуу эмес, кайсы нерселерди өкмөт өзүнүн мойнуна аларын аныктоо керек.

Мисалы, көп ашык нерселер бар. Өзгөчө ишкерлерге жолтоо боло турган, совет мезгилинен келе жаткан функциялар бар. Азыр алардын кереги да жок. Андайларды кыскартып, жоготкондо, бизде коррупцияга каршы иш башталаар эле. Ошол эле негизсиз бюрократия да жок болуп, өкмөт элге кызмат кыла баштайт эле.

Мына ушул жагына көп көңүл буруу керек. Азыр да кеч эмес. Азыр функционалдык текшерүү жасап туруп, кайсы мамлекеттик кызматтар калышы керек, кайсынысын так алып салыш керек, кайсыны менчикке өткөрүп берүү керек деген маселелер чечилсе, өкмөт түзүмү өзүнүн мойнуна артылган милдеттерди аткара алат деп ойлойм.

- Сиз айткан өзгөрүүлөрдү жасаганга азыркы жаңы өкмөттүн кудурети жетеби?

- Эмне үчүн жетпейт. Бир гана саясий эрк керек. Илгери Сталин айткандай, “кадрлар бардыгын чечет” дегендей эмес, алгач алар иштей турган системаны түзүп алыш керек. Система түзүлгөндө, айла жок ар нерсени ойлоп таппай, өз функцияларын түз аткарууга өтүшөт. Ошондо милдеттерди аткарса болот.

- Жаңы өкмөттүн курамын “чөнтөк өкмөт” деп сынга алгандар бар. Бул жолку өкмөт президенттин жетегинен гана чыкпаган өкмөт болуп калган жокпу?

- Бизде эми Конституция турат да. Ага ылайык, идеалдуу болбосо да, үч бийликтин функциясы аныкталган да. Ошондон улам мен “чөнтөк өкмөт” болуп калат дегенге кошула албайм. Ага негизи мыйзам да жол бербейт. Бирок коалиция кандай башкараары башка кеп.

XS
SM
MD
LG