Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Жумакадыров: Коалицияда кайчы пикирлер пайда болду


Жогорку Кеңеште 22-декабрга белгиленген премьер-министрди шайлоо кийинкиге калды. Бул жагдайдын күнгөй-тескейи тууралуу саясат талдоочу Темир Жумакадыров ой бөлүштү.

- Коалиция тарабынан өкмөт башчылыкка сунушталган Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги менен өкмөт түзүмү эмне үчүн кечээ каралбай калды? Расмий айтылган себептен башка көшөгөнүн артында эмне болушу мүмкүн?

- Биринчиден, кечээ жеке эле Өмүрбек Бабановдун фигурасы эмес, өкмөттүн толук түзүмү каралмак. Анын себеби катары кечээ күнгө чейин комитеттерде толук каралып бүтпөй калгандыктан, кийинкиге жылдырылды деп түшүндүрүлдү. Бирок менимче, эгерде парламенттин ичиндеги саясий топтор өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамына макул болгон болсо, комитеттерден бат-баттан эле карап коюшмак. Ошондуктан Бабановдун талапкерлиги боюнча эмес, ошол өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча пикир келишпестиктер пайда болду деп айтсак болот.
Өкмөттү бекитүүдө бул коалициянын канчалык бекем экендиги байкалып калат. Балким өкмөт боюнча маселелер кабыргасынан туруп калса, коалиция урап да калышы мүмкүн.

- Ошол эле учурда айрым талдоочулар Өмүрбек Бабанов премьер катары шайланбай калышы мүмкүндүгүн, себеби ал көпчүлүк коалициянын ичинен тандалып жатканда эле коалициянын бардыгынын добушун ала албаганын айтып жатат. Ушундай болуп кетүү ыктымалдуулугу барбы?

- Албетте Бабанов толугу менен шайлоодон өтүп, премьер-министр болуп калат же өкмөт түзүмү жактырылса, Бабанов да сөзсүз шайланат дегенден алыс болгон адамдар бар. Менимче шайлоодон өтпөй калуу ыктымалдуулугу бар. Бирок жагдайдын чоо-жайын караганда, бүгүнкү күндө бизге саясаттан алыс болгон, экономикалык тармакты жакшы түшүнгөн премьер-министр керек болуп жатат. Андан тышкары, дагы бир индикатор, буга чейин өкмөт эмне иштерди кылып келгени боюнча да толук маалымат бар адам өкмөт башчы болуп шайланышы керек болуп жатат.

Анткени жаңы премьер-министр алдына кандайдыр бир стратегиялык максаттарды коюп, иш алып барганга көп убакыт кетет. Эгер башка киши премьер-министр болуп калса, өкмөттүн ишин жөнгө салып, ишти алып кетиш үчүн да кандайдыр бир убакыт керек. Кыргызстандын бүгүнкү абалы андай убакыт берүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй жатат. Ошондуктан иштин күңгөй-тескейин караганда, мүмкүн ошол Бабановдун фигурасы туура болоттур. Бирок Өмүрбек Бабановдун премьер-министрликке талапкерлиги айрым саясий топтордун кызыкчылыгын канааттандырбай турат.

- Сиз айткандай, жаңы түзүлгөн коалиция толук кандуу иштебей элек жатып, пикирлер келишпей жатса, бул коалициянын бели бекем боло алабы? Борпоң коалиция болуп калбайбы?
Жагдайдын чоо-жайын караганда, бүгүнкү күндө бизге саясаттан алыс болгон, экономикалык тармакты жакшы түшүнгөн премьер-министр керек болуп жатат.

- Бул коалиция төрт фракциялардан турганына карабастан, коалицияга кирген депутаттардын саны мурунку коалициядагы депутаттардан көп болгонуна карабастан, тарап кетүү коркунучу болот деп ойлоп жатам. Анткени бул жерде фракциялык негизде эмес, кандайдыр бир саясий негизде коалиция түзүлүп калды. Бул коалициянын туруктуулугун текшерүү спикерди шайлоодо учурунда болду.

Экинчи сыноосу өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитүүдө болот. Мен ойлойм, өкмөттү бекитүүдө бул коалициянын канчалык бекем экендиги байкалып калат. Балким өкмөт боюнча маселелер кабыргасынан туруп калса, коалиция урап да калышы мүмкүн. Келечекте да коалициянын ичинде да өз ара пикир келишпестиктер болот. Бири-бирине карама-каршы келген ойлор болот. Бул учурда коалициянын ичине кирген фракциялардын лидерлеринен бир топ нерсе көз каранды болот.

- Маегиңизге рахмат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG