Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Өкмөттүн жаңы түзүмү талашка түштү


Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча долбоордо 5 министрлик жоюлары каралган. Бирок мындай демилге коомчулуктун сынына да кабылууда.

Демилгечилердин айтымында, бул түзүм бири-бирин кайталаган министрликтерди жоюп, казынага ашыкча жүк келтирген органдарды азайтуу максатын көздөйт. Бирок өкмөттүн жаңы түзүмү бекитиле электе эле, аны ойлонулбай түзүлгөн популисттик чечим деп сындагандар чыкты.


Кимиси ашка, кимиси башка жүк?


Өмүрбек Бабановдун сунушу менен өкмөттүн курамында 15 министрлик, 1 мамлекеттик комитет, 5 агенттик, 8 кызмат, 2 инспекция жана 3 фонд иш алпарат. Ага ылайык буга чейин иштеп келе жаткан Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги, жаратылыш ресурстары министрлиги, Социалдык коргоо, мамлекеттик мүлк министрлиги жана суу чарба мамлекеттик комитети жоюулат.

Аталган министрликтердин функциялары ирилешкен министрликтерге жүктөлөт. Түзүмдүн демилгечиси Өмүрбек Бабановдун мындай кадамдарды бири-бирин кайталаган органдарды жоюу менен өлкө казынасынан “ашка жүк, башка жүк” чыгымдарды азайтуу менен түшүндүрүүдө.

Анткен менен өкмөттүн жаңы түзүмүн кезектеги популисттик кадам катары баалагандар четтен чыгууда. Алсак коомчулукта Маданият министрлигине экономиканын бир тармагы болгон туризм тармагынын берилиши, Тышкы иштер министрлигине миграциянын жүктөлүшү кайчы пикирлерге жол ачып жатат.


Калк көзүн жазгыруубу?


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү министрликтердин санын кыскартуу калк көзүн жазгырып, коалициянын кураган саясий күчтөрдүн майлуу тармактарды өз ара бөлүшүп жатканын айтып чыкты:

- Бул биринчиден, саясий популизм. Экинчиден, ачыктан-ачык эле мамлекеттин байлыгына кол салып, саясий кызыкчылыктарды колдоп жатканы. Мисалы Социал-демократтар бийликке келгени менен калкты социалдык жактан коргоо министрлигин жок кылып жатат. Ал эми миграцияны Тышкы иштер министрлигине кошуу бул акылсыздык. Жергиликтүү бийликке архитектураны кошуп жатат. Мындай жол менен булар керектүү нерселерди кошпой, акча түшкөн жерлерди өздөрүнө алуу аракетин көрүп жатат.

Ошол эле учурда адистердин баамында, 5 министрликти жоюу канчалык натыйжа берет деген суроонун башы ачык бойдон калды.

Көз карандысыз эксперт Азамат Акелеев 5 министрликти жоюу менен өкмөттүн ишинин сапаты көтөрүлбөсө, анын натыйжасы тууралуу сөз кылууга арзыбайт деген ойдо:

- Кыргызстанда кыскарта турган Жаштар министрлиги бар эле. Бул министрлик кыскартылбаганына караганда муну мен талданбаган кадам сыяктуу көрүп жатам. Санын кыскартканы менен сапаты тууралуу эч кандай сөз болбой жатат. Мамлекеттик башкаруунун сапатын көтөрүш керек. Ошондо саны өзүнөн-өзү кыскарат эле.


Кеп түзүмдө эмес, кандай иштешинде


Казынасы жарды, элинин саны аз Кыргызстан үчүн чакан өкмөт түзүү демилгеси мурдатан эле айтылып келген. Бирок “мындай кыскартуулар мамлекеттик башкаруунун ишинин натыйжалуугуна таасир тийгизбей келүүдө” дейт Борбор Азиядагы эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Азиз Иса:

- Кеп өкмөттүн түзүмдө эмес. Кеп өкмөттүн канчалык деңгээлде эффективдүү иштей алганында. Биздин өкмөт эффективдүү иштей албай жатат. Эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн алгач ирээт конкреттүү талап болуш керек эле. Бизде андай эмес. Мисалы, бизде өкмөт жүргүзгөн саясатты өзү иштеп чыгып, өзү аткарып, өзү баа берет. Буга объективдүү түрдө ченей турган баа жетишпей жатат.

Кыргызстанда өкмөттүн түзүмү былтыр да өзгөртүлгөн эле. Анда коалиция түзүлгөн учурда азыр иштеп жаткан өкмөт түзүмү кабыл алынган. Адистер жыл сайын муну экспериментке айлантуу мамлекеттик башкаруу системасына өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Мурдагы каржы министри, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өкмөттүн түзүмүнө туруктуулук керектигин билдирди:

- Албетте бизге туруктуулук керек. Өзгөчө өкмөт түзүмүндө туруктуулукка зарылчылык бар. Анткени ар бир мекеме түзүлгөндөн кийин анын функциялары аныкталып, ошого жараша иш башталып, бирок бир жылга жетпей эле кайрадан түзүлө берсе, туура өнүгүүгө шарт түзө албайт. Ошондуктан туруктуу өкмөттүн түзүмү болсо деп көптөр талап кылып жатат. Мен ойлойм, биз бара-бара ушуга келебиз.

Кыргызстанда 52 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. Аларга мамлекеттик казынадан 30 пайыздан ашык каражат жумшалат. Буга чейин премьер-министрликке талапкер катары чыккан Равшан Жээнбеков Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин жарымын кыскартуу демилгесин айтып чыккан эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG