Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Оппозициянын талаптары жүйөлүүбү?


Оппозиция лидерлери курултайда. Жалал-Абад шаары, 24-март, 2013.
Оппозиция лидерлери курултайда. Жалал-Абад шаары, 24-март, 2013.

Кыргыз оппозициясы 24-март күнү Жалал-Абад шаарында курултай өткөрүп, соңунда бийликке бир нече талап койду.

Анын ичинде камактагы депутаттарды боштондукка чыгаруу, эл ишениминдеги өкмөт куруу, Кумтөрдү улутташтыруу сыяктуу талаптар бар.

“Азаттык” дал ушул маселени “Арай көз чарай” талкуулап, ага парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров катышты.

"Азаттык:" Адахан мырза, курултайдын соңунда кабыл алынган башкы талаптарга токтоло кетсеңиз?

Адахан Мадумаров: Биринчиден, 2005-2010-жылдагы ыңкылап деп канчалык жар салышкан менен экөөнүн тең жемишин эл көргөн жок, элдин үмүтү акталган жок деген чечим чыкты. Бул чоң саясий чечим. Экинчиден Кумтөр алтын кенин мамлекетке өткөрүп алуу. Дагы бир талап - 3-октябрдагы окуя боюнча айыпталып абакта жаткан депутаттар, дагы бир топ адамдарды боштондукка чыгаруу. Азыр кадр саясатынын да тарыхта болуп көрбөгөндөй ашмалтайы чыкты. Менин партиямда болгону үчүн эле кызматка барсын деп отурушуп, облус-райондордо кадрларды өтө майдалап жиберишти. Ошон үчүн эл ишениминдеги өкмөт курулсун деп атабыз.

"Азаттык:" Чыныбай мырза, оппозициянын талаптары канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

Чыныбай Турсунбеков: Митингдер Кыргызстанда ар дайым болуп келген, бул ошонун кезектеги көрүнүшү. Революциялар боюнча айтсам, ооба 2005-жылдагы революция максатына жеткен жок. Ал эми 2010-жылкы революцияга азыр баа берүү эртерээк, болгону 3 жыл убакыт өттү. Азыр жаңы системада жашап жатабыз. Мурдагыдай адам өлтүрүүлөр, уюшкан кылмыштуу топтор менен биригип алып ишкерлерге кол салуу, тоноо, журналисттерди өлтүрүү, кысымга алуу жок. Тескерисинче ашкере ачыктык болуп жатат.

"Азаттык:" Азыркы кыргыз оппозициясында биримдик жок, чабал деген сындар көп?

Адахан Мадумаров: Биримдик бар, бирок ар кандай көз караштагы азаматтар болот. Программасы жок деп сындашат, бирок биз элге программабызды жеткириш үчүн эфир керек. КТРКдан Чыныбай мырза азыр мага бир сааттык эфир алып бере алабы? Жок. Облустук маалымат каражаттары да бизди чыгарбайт. Гезиттер болсо сатылып бүттү...


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG